Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-апрели № 77
2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1- берене
2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 31 (3584) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 17-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |