МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 77 «2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция22.04.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 22-апрели № 77

2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1- берене

 

2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2- берене

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кабарласын.

 

3- берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 31 (3584) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

2024-жылдын 17-апрелинде

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган