Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 174
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин эмгек ишине дем берүү, майыптыгы бар адамдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борбору" мекемеси үчүн штаттык сандын чеги 23-тиркемеге ылайык.";
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 2-пунктта "дарылоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Адис | 2,50 |
";
- эскертүүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде:
- 1, 2-пункттарда "коргоо" деген сөз "чөйрө" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 23-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борбору" мекемеси үчүн ШТАТТЫК САНДЫН ЧЕГИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы бухгалтер | 1 |
3 | Юрист | 1 |
4 | Бухгалтер-кассир | 0,5 |
5 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 1 |
Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү | ||
6 | Медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы | 1-50 койкадан жогору (башчылыгы үчүн кошумча акы менен врачтык ставкалардын жалпы санынын эсебинен) |
7 | Врач-терапевт | 1 |
8 | Врач-педиатр | 2 |
9 | Врач-невропатолог | 1 |
10 | Врач-физиотерапевт | 1 |
11 | Врач-ортопед | 1 |
12 | Врач-стоматолог | 0,5 |
13 | Врач-психиатр | 1 |
14 | Улук медайым | 1 |
15 | Күзөт медайымы | 3 |
16 | Мүнөздөп тамактануу боюнча медайым | 0,5 |
17 | Массажист - мануалдык массажист | 3 |
18 | Физиотерапия боюнча кабинет медайымы | 1 |
19 | ДДТ боюнча инструктор | 2 |
20 | Эрготерапевт | 1 |
21 | Реабилитолог | 1 |
22 | Эрготерапевттин жардамчысы | 1 |
23 | Техникалык көмөкчү каражаттар боюнча адис | 1 |
24 | Эмгек боюнча инструктор | 1 |
Психологиялык-педагогикалык жардам берүү бөлүмү | ||
25 | Бөлүм башчысы | 1-50 койкадан жогору (башчылык үчүн кошумча акы менен врачтык ставкалардын жалпы санынын эсебинен) |
26 | Психолог | 1 |
27 | Социалдык иштер боюнча адис | 1 |
28 | Социалдык педагог | 1 |
29 | Мугалим-дефектолог | 1 |
30 | Логопед/дефектолог | 2 |
31 | Музыкант | 0,5 |
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
32 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 |
33 | Чарба башчысы | 1 |
34 | Кампа башчысы | 1 |
35 | Шеф-ашпозчу | 1 |
36 | Ашпозчу | 3 |
37 | Официантка | 1 |
38 | Чач тарач | 0,5 |
39 | Слесарь-сантехник | 1 |
40 | Электрик | 1 |
41 | Кызматтык автомашинанын айдоочусу | 1 |
42 | Микроавтобустун айдоочусу | 1 |
43 | Санитарка-няня | 1 топко 4 адам эсебинде балдарды эмгекке үйрөтүүчү топтордо |
44 | Ашкана жумушчусу | 3 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
45 | Кир жуугуч | 2 |
46 | Санитарка-тазалоочу | 2 |
47 | Ванна тазалоочу | 2 |
48 | Короо тазалоочу-багбан | 1 |
49 | Имараттарды текшерүү боюнча жумушчу | 1 |
50 | Кароолчу-күзөтчү | 3 |
51 | Кызмат жайларын тазалоочу | 1 |
52 | Дезинфектор | 0,5 |
Эскертүү:
1. Тарбиячылардын саны дем алыш күндөрү жана өргүү мезгилинде алмашууну кошуп, акыл-эси өспөй калган балдардын тобуна кызмат орундун эки бирдиги эсебинде жана дене боюнун кемчиликтери бар балдардын тобуна кызмат орундун 1,5 бирдиги эсебинде белгиленет. Топтордун толукталышы - 13-15 бала.
2. Балдарды эмгекке үйрөтүүчү үч топтон кем эмес бала болгон учурда тарбиячылардын бири улук болуп дайындалат.
3. Дайыма медициналык байкоо жүргүзүүнү жана жардамды талап кылган оорулуулар болгон учурда, сутка бою кезметчиликти уюштуруу үчүн экинчи жана үчүнчү нөөмөткө 30 койкага 1 бирдик эсебинде медициналык айымдын бир кызмат орду, бирок кызмат орундун 2 бирдигинен кем эмес белгиленет, 6 балага санитарканын кызмат ордунун 1 бирдиги дайындалат.
4. Лифтти тейлөө боюнча оператордун кызмат орду 2 жүргүнчү лифттин ар бирине бирден көп эмес кызмат орун эсебинде белгиленет.".