Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 токтому менен бекитилди) |
Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу
программаларын аккредитациялоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул аккредитациялоо тартиби Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык Аудиторлордун кесиптик квалификациясынын программасы (мындан ары - КК программасы) жана Аудиторлорго кесиптик билимди үзгүлтүксүз берүү программасы (мындан ары - КБҮБ программасы) боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин (мындан ары - КАБ) окуу программаларын аккредитациялоону уюштуруу тартибин регламенттейт.
2. Аудитордун КК программасы аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилет жана кошумча кесиптик билим берүү программасы болуп саналат.
3. Аудитордун кесиптик квалификациясынын үч деңгээли бар: базалык (биринчи), орто (экинчи) жана тереңдетилген (үчүнчү).
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер аудитордук иш жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде жана маңыздарда кабыл алынат жана колдонулат.
2-глава. Окуу программаларын аккредитациялоого жол берүү
5. Базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги окуу программаларын аккредитациялоого КАБга жол берилет.
6. Ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө арыз менен КАБ, төмөнкү документтерди тиркеп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат:
1) өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчетту;
2) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) сабактардын окуу программалары;
4) сабактар боюнча сынамык экзамендик иштер;
5) КАБдын атынан аракеттенген ыйгарым укуктуу жакты тастыктаган ишеним кат же башка документ;
6) берилген документтердин тизими.
7. Ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган арызды жана документтерди КАБдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана/же электрондук форматта берет.
8. Аккредитациялануучу КАБдын жетекчиси берилген документтердин ишенимдүүлүгү үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
9. Окуу программаларын аккредитациялоодон өткөрүү арызы окуу программаларынын акыркы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейинки 3 айдан кем эмес убакта берилет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз катталган күндөн тартып 10 (он) иш күн ичинде тариздөөнүн толуктугуна жана тууралыгына арызга тиркелген документтерди карайт.
11. КАБ документтерди толук эмес көлөмдө же арызды жана документтерди туура эмес тариздеп жана/же толтуруп берген учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетишпеген документтердин тизмеси жана/же документтердин таризделиши жана/же толтурулушу ушул Тартипте белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсү жөнүндө билдирүүнү КАБга жөнөтөт.
12. Эгерде КАБ ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган билдирүүнү алган күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде жетишпеген документтерди, оңдолгон арызды жана/же документтерди бербеген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБдын арызын кароодон баш тартат.
13. Эгерде КАБ берген документтер ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 (беш) иш күндүн ичинде аккредитациялануучу КАБдын окуу программаларын баалоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
3-глава. Аккредитациялоо документтери
14. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчет төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
1) титулдук барак;
2) киришүү;
3) аккредитациялык талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжалары жана алардын далилдери;
4) корутунду;
5) тиркемелер.
15. Титулдук баракта төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) аккредитациялануучу КАБдын толук аталышы;
2) өзүн-өзү баалоо боюнча эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана эксперттик комиссиянын ар бир мүчөсүнүн аты-жөнүнүн тушуна коюлган колу.
16. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун 2 (экинчи) бетинде барактарын көрсөтүү менен өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун мазмуну көрсөтүлөт.
17. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун 3 (үчүнчү) бетинде кыскартуулардын тизмеси көрсөтүлөт.
18. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун киришүүсүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) аккредитациялануучу КАБдын почтасынын дареги, телефондору, электрондук почтасы, веб-сайты, ИСН;
2) аккредитациялануучу КАБдын жетекчисинин жана аккредитацияга жооптуу адамдын аты-жөнү жана байланыш маалыматтары (телефондору, электрондук почтасы);
3) билим берүү ишине лицензиясы жөнүндө маалыматтары (лицензиянын жана анын тиркемелеринин көчүрмөлөрү тиркелет);
4) аккредитациялануучу программалар боюнча окуп жаткандардын саны жөнүндө маалыматтар;
5) аккредитациялануучу окуу программаларынын алкагында ишке ашырылган окуу пландарынын көчүрмөлөрү.
19. Талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжалары жана алардын документтик далилдери ушул Тартиптин 43-56-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын ар бири боюнча ырааттуу түрдө берилет.
20. Талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжаларынын негизинде өзүн-өзү баалоо боюнча эксперттик комиссия талаптарга ылайык келбеген көрсөткүчтөрдү (эгерде бар болсо) аныктайт.
21. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун корутундусунда критерийлердин ар бири боюнча аткарылышы, сын-пикирлер менен аткарылышы же аткарылбагандыгы жөнүндө тыянак көрсөтүлөт.
22. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун жазылышына негиз болгон алгачкы маалыматтар талаптардын аткарылгандыгынын документтик далили болуп саналат.
23. Ар бир тиркеме жаңы барактан башталып, аталышы жана номери болот.
24. Окуу программаларына аккредитация алган КАБ арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардагы бардык өзгөрүүлөр (аталышындагы, жетектөөчү курамдагы, почта дарегиндеги, телефон номерлериндеги, электрондук почтадагы, веб-сайттагы жана билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия тууралуу маалыматтарда) жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
25. Билдирүү өзгөрүүлөр келип чыккандан кийин 20 (жыйырма) иш күндөн кечиктирбей көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү ырасталган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен кошо (салыштыруу үчүн түп нускаларды берүү менен) жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредиттелген КАБ реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде киргизет.
4-глава. Окуу программаларын аккредитациялоо
26. Окуу программаларын аккредитациялоо төмөнкү этаптардан турат:
1) аудитордун КК программасы жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча аккредиттелүүчү КАБдын өз окуу программаларына өзүнүн баалоо жүргүзүүсү;
2) аудитордун КК программасы жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча аккредиттелүүчү КАБдын окуу программаларына аккредитациялык комиссиянын баалоо жүргүзүүсү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуусу.
27. КАБ аудитордун КК программасы жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча өзүнүн окуу программаларынын ушул Тартипте белгиленген талаптарга шайкештигине, ошондой Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкештигине баалоо жүргүзөт.
28. Аккредитацияны алууга талапкер КАБдын жетекчиси түзгөн эксперттик комиссия өзүн-өзү баалайт. КАБ өзүн-өзү баалоонун материалдарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүн-өзү баалоонун отчету түрүндө берет.
29. Аккредитациялануучу КАБдын баалоосуна төмөнкүлөр кирет:
1) өзүн-өзү баалоо отчетун изилдөө жана талдоо;
2) КАБ сунуштаган предметтерди жана сабактарды эске алуу менен окуу планынын мазмунуна талдоо жүргүзүү;
3) Ушул Тартиптин 43-56-пункттарында каралган талаптарга ылайык окуу программаларын, экзамендик тапшырмаларды, материалдарды жана керектүү документтерди баалоо жана талдоо;
4) КАБдын окуу программаларын баалоонун натыйжалары боюнча аккредитациялык комиссиянын сунуштары менен корутундуну даярдоо.
30. Ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган документтерден тышкары аккредитациялык комиссия КАБдын расмий сайтына жайгаштырылган документтерди жана материалдарды пайдаланууга укуктуу.
31. Өзүн-өзү баалоо отчетундагы берилген маалыматты тастыктоо үчүн аккредитациялык комиссия өзүн-өзү баалоо отчетундагы документтик маалыматтарды текшерүү үчүн материалдарды аккредитациялануучу КАБдан суроого укуктуу.
32. Окуу программаларына баалоолорду өткөрүүнүн узактыгы окуу программаларын баалоону өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 (отуз) иш күндөн ашпоого тийиш.
33. КАБдын окуу программаларын баалоо аккредитациялык комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө арыз менен КАБдын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
34. Өткөрүлгөн баалоонун жыйынтыктары боюнча КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуш менен корутундуну аккредитациялык комиссия 10 иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
35. Аккредитациялык комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) КАБдын окуу программалары ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген учурда, окуу программаларын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө чечимди кабыл алат;
2) ушул Тартиптин талаптарына КАБдын окуу программаларынын, материалдарынын жана документтеринин шайкеш келбестигинин 2ден ашык эмес фактылары болгон учурда, белгиленген убакыттын ичинде табылган шайкеш эместикти четтетүү жөнүндө сын пикирлер жана талаптар менен кошо, КАБдын окуу программаларын 1 жылдык мөөнөткө шарттуу аккредитациялоо жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) ушул Тартиптин талаптарына КАБдын окуу программаларынын, материалдарынын жана документтеринин шайкеш келбестигинин 2ден ашык фактылары болгон учурда, КАБдын окуу программаларын аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
36. Ушул Тартиптин 35-пунктунун 2-пунктчасында каралган КАБды аккредитациялоонун мөөнөтү, белгиленген убакыттын ичинде шайкеш эместик фактылары четтетилсе, 5 (беш) жылга узартылышы мүмкүн.
37. Ушул Тартиптин 35-пунктунун 2-пунктчасында каралган КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө чечим катары менен эки жолудан ашык кабыл алынышы мүмкүн эмес.
38. Окуу программалары аккредитациялануучу КАБ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим кабыл алганга чейин аны өткөрүүнүн каалаган этабында аккредитациядан өткөрүү жөнүндө арызды чакыртып алууга укуктуу.
39. Аккредитациялоо жөнүндө чечим КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругуна ылайык кабыл алынат.
40. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жарыяланат.
41. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал же болбосо ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан шартта, КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү бербестен, мурунку аккредитацияны колдонуу мөөнөтүн шарттуу түрдө бир жылга узартууга жол берилет.
42. Мурдагы аккредитацияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди КАБдын арызынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат.
5-глава. Аудитордун КК программасы боюнча жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча окуу программаларына жана окуу материалдарына коюлуучу талаптар
43. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын аккредитациялануучу окуу программасынын ар бир курсу үчүн төмөнкү маалыматтарды камтыган тиешелүү окуу программасы иштелип чыгууга тийиш:
1) курстун аталышын жана кесиптик квалификациянын деңгээлин;
2) курстун максатын;
3) курстун толук мазмунун жана окутуунун тиешелүү натыйжаларын;
4) курсту үйрөнүү үчүн өбөлгөлөрдү (реквизиттерди);
5) окутуунун тилин;
6) экзамендин форматын;
7) окуу материалдарын жана башка ресурстарды.
44. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларына төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) окуу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бекитилген жол-жоболордун бар болушу;
2) окуу программаларын окуп жаткандарга маалымдоо;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен окуу программасында каралган темалардын 80%ынан кем эмесин КАБ иштеп чыккан окуу программалары менен камсыз кылуу;
4) окуп жаткандарга окуу программалары, практикалык тапшырмалар, сыноо экзамендери жана тесттер боюнча колдонмо (силлабус) берүү;
5) окуп жаткандарга окуу материалдарын берүү;
6) практикалык элементтерди жана программа боюнча окутуунун натыйжаларына жетүүсүн камсыз кылууну кошкондо, окуу материалдарынын тиешелүү жааттагы заманбап жана актуалдуу талаптарга шайкештиги;
7) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына жана ушул Тартиптин талаптарына шайкештигине окуу программаларынын мониторингин жана мезгилдүү (жылына бир жолу) баалоону жүзөгө ашыруу;
8) мониторингди жана мезгилдүү баалоону жүргүзүү үчүн жооптуу адамдарды (кызматты) аныктоо;
9) билим берүү процессин уюштурууну жакшыртуу үчүн мониторингдин жана мезгилдүү баалоолордун натыйжаларын талдоо, талкуулоо жана пайдалануу.
45. КАБдын аккредитациялануучу аудиторлорунун КБҮБ программасынын ар бир курсу үчүн тиешелүү окуу программалары иштелип чыгууга, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) курстун аталышы;
2) курстун максаты;
3) курстун толук мазмуну жана окутуунун тиешелүү натыйжалары;
4) курсту үйрөнүү үчүн өбөлгөлөр (реквизиттер);
5) сааттардын саны жана бөлүштүрүлүшү;
6) окутуунун тили;
7) курсту окутуунун методдору;
8) окуу материалдары жана башка ресурстар.
46. КАБдын аудиторлорунун КБҮБ окутуу программаларына төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) окуу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бекитилген жол-жоболордун бар болушу;
2) окуу программаларынын мазмундарында теориялык жана практикалык бөлүктөрдүн бар болушу;
- теориялык бөлүк - окуп жаткандардын билимдерди эң жакшы түшүнүүсү жана өздөштүрүүсү үчүн кеңири түшүндүрүүнү, иллюстрациялоону, демонстрациялоону талап кылган теориялык материалдардын олуттуу бөлүгүн баяндаган окутуу ишин уюштуруу формасы;
- практикалык бөлүк - өздөштүрүлгөн билимдердин негизинде көндүмдөргө ээ болууга багытталган окутуу ишин уюштуруу формасы;
3) окуу программасын окуп жаткандарга маалымдоо;
4) окутуу программасы жана практикалык тапшырмалар боюнча колдонмону (силлабусту) окуп жаткандарга берүү;
5) окуп жаткандарга окуу материалдарын берүү;
6) тажрыйбалык элементтерди жана Программа боюнча окутуунун натыйжаларын камсыз кылууну кошо алганда, тиешелүү багыттардагы заманбап жана актуалдуу талаптарга окуу материалдарынын шайкештиги;
7) Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына жана ушул Тартиптин талаптарына шайкештигине окуу программаларына мониторингди жана баалоолорду мезгилдүү (жылына бир жолу) жүзөгө ашыруу;
8) мониторингди жана мезгилдүү баалоону жүргүзүү үчүн процесстерди жана жооптуу адамдарды (кызматтарды) аныктоо;
9) билим берүү процессин уюштурууну жакшыртуу үчүн мониторингдин жана мезгилдүү баалоонун натыйжаларын талдоо, талкуулоо жана пайдалануу.
6-глава. Аудитордун КК программасы боюнча экзамендик тапшырмаларга жана окуп жаткандардын билимин баалоо боюнча талаптар
47. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын аккредитациялануучу окуу программаларынын экзамендик тапшырмаларына төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди китептерди жабуу (окуу китебин же дептерлерди пайдаланбастан экзаменди жазуу) менен билимдерди текшерүүнүн жазуу же компьютердик ыкмасында өткөрүү;
2) экзамендик тапшырмалар окутуу менен окутуунун жетишилген натыйжаларынын ортосундагы так байланышты чагылдырат (натыйжаларды ченөөгө негизделген мамиле);
3) экзамендик тапшырмалардын суроолору экзамен тапшырылып жаткан курстун бардык негизги темаларын жабууга тийиш;
4) экзамендик тапшырмаларды түзүүдө буга чейин квалификациялык экзамендерде, окуу материалдарында же башка булактарда колдонулган суроолорду пайдаланууга жол берилбейт;
5) экзамендик тапшырмалар уникалдуу жана көчүрүп алууга жол берилбейт.
48. "Бизнести башкаруу жана технологиялар", "Финансылык эсеп", "Башкаруу эсеби", "Укук" сабактары боюнча окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аккредитацияланган КАБда аудитордун КК программасы боюнча базалык (биринчи) деңгээлдеги экзамендер тапшырылат.
49. "Финансылык отчеттуулук", "Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу", "Финансылык менеджмент", "Салык салуу", Аудит практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу" сабактары боюнча окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аккредитацияланган КАБда аудитордун КК программасы боюнча орто (экинчи) деңгээлдеги экзамендер тапшырылат.
50. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларынын экзамендерине төмөнкүдөй милдеттүү талаптар белгиленет:
1) базалык (биринчи) деңгээлдеги ар бир сабактын экзамени сценарийлерден жана тесттик суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт, мында:
- биринчи бөлүм боюнча 1 баллдан берилүүчү (туура/туура эмес) 10 суроо бар;
- экинчи бөлүм боюнча жооптордун бир нече варианттарын камтыган 2 баллдан берилүүчү 30 суроо бар;
- үчүнчү бөлүм боюнча 2 (эки) сценарий бар (15 баллдан берилет), ар биринде жооптордун арасынан туурасын тандоо менен 5 суроо камтылган;
2) орто (экинчи) деңгээлдеги ар бир сабактын экзамени сценарийлерден жана суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт, мында:
- биринчи бөлүм боюнча жооптордун арасынан туурасын тандоо менен 2 баллдан берилүүчү 15 суроо бар;
- экинчи бөлүм боюнча 3 (үч) сценарий (10 баллдан), алардын ар бири көп жооп тандалуучу 5 суроону камтыйт;
- үчүнчү бөлүм боюнча ар бири 20 баллдан толук жоопту талап кылуучу 2 (эки) ачык суроо.
51. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын аккредитациялануучу окуу программаларын окуп жаткандарды баалоо системасына төмөнкү милдеттүү талаптарды белгилешет:
1) баалоочу адамдардын (экзаменаторлордун) окуп жаткандардын билимин текшерүү методдорун билүүсү жана бул чөйрөдө квалификациясын туруктуу жогорулатып туруусу;
2) жеңилдетүүчү жагдайларды камтыган жана баалоонун натыйжаларына апелляция берүүнүн расмий жол-жоболорун караган баалоо жүргүзүү жол-жоболорунун объективдүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
3) окуп жаткандарга аларды баалоодо пайдаланылуучу жол-жоболор тууралуу, окуп жаткандарга коюлуучу талаптар тууралуу, алардын билимдерин баалоодо колдонулуучу критерийлер жөнүндө толук көлөмдө маалымдоо.
7-глава. Аудитордун КК программасы боюнча окутуучуларга жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча окуп жаткан адамдарга коюлуучу талаптар
52. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларын ишке ашырып жаткан окутуучуларга төмөнкү милдеттүү талаптарды белгилешет:
1) окутуучулардын окутуп жаткан предмет боюнча толук билимдерге жана түшүнүүгө, окуу процессинин алкагында билимдерди натыйжалуу берүү үчүн, ошондой эле аларды окутуунун сапаты боюнча кайтарым байланышты уюштуруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана 3 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болушу;
2) окутуучулардын окуу жана маалымдама материалдарын, болуп өткөн экзамендик тапшырмаларды жана башка материалдарды колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болушу;
3) экзамендик тапшырмаларды иштеп чыгуучу, окутуучу адамдар жана/же эксперттер көз карандысыздыкты жана купуялуулукту, ошондой эле потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө маалымдуулукту дайыма сактоого жана көрсөтүүгө милдеттүү;
4) окуп жаткандарга окутуучулардын байланыш маалыматтары берилет, алар боюнча жумуш убактысында байланыша алышат.
53. Аудиторлордун КБҮБ программасын ишке ашырып жаткан окутуп жаткан адамдарга төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) окутуп жаткан адамдар бухгалтердик эсеп жана/же аудит чөйрөсүндөгү адистик боюнча 5 жылдан кем эмес жана окутуу жаатында 3 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасынын болушу;
2) окутуп жаткан адамдар окуу, маалымдама материалдарын жана башка материалдарды колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болушу;
3) кынтыксыз ишкердик (кесиптик) бедел.
Ишкердик (кесиптик) беделди баалоодо КАБ эгерде каршы күбөлөндүрүүлөр жок болсо, окутуп жаткан адамдын кынтыксыз ишкердик (кесиптик) беделинин негизинде келип чыгат.
8-глава. Окуп жаткандар менен кайтарым байланыштын болушуна коюлуучу талаптар
54. Аудиторлордун КК программасы боюнча КАБдын жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча КАБдын окуу программалары боюнча окуп жаткандар менен кайтарым байланыштын болушуна төмөнкү милдеттүү талаптарды белгилешет:
1) окуп жаткандарга КАБдын иши жөнүндө анкета жүргүзүү ар бир экзамендик сессиядан кийин активдүү суралат, жыйналыштарда курстардын сереби боюнча каралат жана курстун түзүмүнө жана аларды окутууга тиешелүү түзөтүү чаралары көрүлөт;
2) окуп жаткандар менен кайтарым байланыштын анкеталары аккредитациялануучу Программа боюнча окуп жаткандардын 50%ынан кем эмесин камтыйт;
3) окутуп жаткандар менен кайтарым байланыштын анкеталары курстардын мазмуну, окутуучулардын иши жана Программанын курстарын администрациялоо жөнүндө суроолорду камтыйт.
9-глава. Маалыматтарды башкарууга жана аларды коомчулукка жеткирүүгө коюлуучу талаптар
55. Аудитордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программалары боюнча маалыматтарды башкарууга жана аларды коомчулукка жеткирүүгө карата төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) ишке ашырылып жаткан окуу программасы боюнча өз убагында, калыс жана объективдүү, сандык жана сапаттык маалыматтарды үзгүлтүксүз жарыялоо;
2) коомчулукка ишке ашырылып жаткан программа, окутуу, жол-жоболору, баалар жана окутуп жаткандар үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо.
56. Аудиторлордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программалары боюнча маалыматтарды башкарууга жана аларды коомчулукка жеткирүүгө карата төмөнкү милдеттүү талаптар белгиленет:
1) аудиторлордун кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуунун жана аны колдоонун баалуулугу жөнүндө аудиторлорго үзгүлтүксүз маалымдап туруу;
2) аудиторлордун кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуунун жана анын колдоонун алар үчүн жеткиликтүү болгон мүмкүнчүлүктөрдүн ар түрдүүлүгү жөнүндө аудиторлорго үзгүлтүксүз маалымдап туруу;
3) аудит чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн аудиторлордун кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуунун жана аны колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдап туруу.
10-глава. Аккредитациялык комиссия
57. Аудитордун КК программасы боюнча жана аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча КАБдын окуу программаларына жана берилген документтерди баалоону жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аккредитациялык комиссия түзүлөт жана 1 (бир) жылдык мөөнөткө анын жеке курамы бекитилет. Аккредитациялык комиссия жана учурдагы жылга анын курамы учурдагы жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
58. Аккредитациялык комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын арасынан дайындалуучу аккредитациялык комиссиянын төрагасынан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин арасынан дайындалуучу аккредитациялык комиссиянын катчысынан жана аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрүнөн турат.
59. Аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөр болууга тийиш:
- эл аралык аудитордук уюмдарда жана/же аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын өкүлчүлүктөрүндө иш тажрыйбасы бар аудитордук кесиптин 1 (бир) өкүлү (аудитор);
- КАБдын 2ден (экиден) кем эмес өкүлү, ошол эле учурда ар бир КАБдан 1ден (бирден) ашык эмес өкүл.
Аккредитациялык комиссия өзүнүн ишинин мезгилинде аудитордун КК программасынын багыттары (сабактары) боюнча эксперттерди тартууга укуктуу.
60. Аудитордук кесиптин жана КАБдын өкүлдөрүнөн аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча дайындалат.
61. Аккредитациялык комиссиянын жыйналыштары жана анда кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, ага төрага, катышкан мүчөлөр жана жооптуу катчы кол коёт. Аккредитациялык комиссиянын жыйналыштарында талкууланган маселелерди жазуу үчүн аудио/видео жазуунун техникалык каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.
62. КАБдын окуу программаларын баалоонун жыйынтыктары боюнча аккредитациялык комиссиянын протоколдору ыйгарым укуктуу органда 3 (үч) жылдан кем эмес сакталат, бул мөөнөт өткөндөн кийин алар акт менен жок кылынат.
63. Аккредитациялык комиссиянын чечими аккредитациялык комиссиянын жыйналышына катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда аккредитациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
64. Эгерде аккредитациялык комиссияга аккредитациялык комиссиянын төрагасын эске алуу менен аккредитациялык комиссиянын 4 (төрттөн) кем эмес мүчөсү катышса аккредитациялык комиссия окуу программаларын баалоого укуктуу болуп саналат.
65. Аккредитациялык комиссияга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул Тартиптин 57-пунктунда белгиленген ыйгарым укуктардын мөөнөтү өтсө;
2) аккредитациялык комиссиянын мүчөсү аудитордук уюмдагы же КАБдагы ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу арыз берсе;
3) аккредитациялык комиссиянын мүчөсүнүн мүчөлүгүн ыктыярдуу чакыртып алуу жөнүндө жеке арызы боюнча (бул тууралуу аккредитациялоо жүргүзүлгөнгө чейин 30 (отуз) жумуш күн мурун жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу эскертүү менен);
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катышпаган мүчөдөн жүйөөлүү себептер (эмгекке жарамсыздыгы, ооругандыгы, жакын туугандарынын ооругандыгы жана/же каза болгондугу, баланы же үй-бүлөнүн ишке аракетке жөндөмсүз мүчөсүн багуу, өргүүдө болуу, иш сапарда жүрүү, шаардын же өлкөнүн чегинин тышкары жүрүү жана күтүлбөгөн форс-мажордук жагдайлар) боюнча катыша албай тургандыгы жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган учурларды кошпогондо, аккредитациялык комиссиянын окуу программаларын баалоого 3төн (үчтөн) ашык жолу катышпаса;
5) аккредитациялык комиссиянын мүчөсү каза болсо;
6) аккредитациялык комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
7) мүчөнүн ишкердик (кесиптик) бедели кынтыксыз эмес болушу мүмкүн экендигинин фактысы болсо;
8) өзү тууралуу анык эмес маалыматтарды берсе;
9) отчеттуулук документтерин жоготсо;
10) ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса.
66. Аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү;
2) программасы аккредитациялануучу предметтерге жараша финансы, бухгалтердик эсеп, экономика, менеджмент, укук чөйрөсүндөгү жогорку билими;
3) окуу материалдарын иштеп чыгуудагы жана өркүндөтүүдөгү, кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча консултацияларды берүүдөгү тажрыйба артыкчылыктуу болуп саналат;
4) бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит жаатында эл аралык таанылган сертификаттарынын болушу;
5) корпоративдик финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жана/же аудит жүргүзүү жаатындагы 7 жылдан кем эмес иш стажы;
6) Эл аралык билим берүү стандарттарын, Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарын, Эл аралык аудит стандарттарын жана/же аудитордун КК программасы жабуучу башка чөйрөлөрдү, ошондой эле бухгалтердик эсеп, аудит, укук, салык салуу, технологиялар, менеджмент жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жана аудитордун КК программасы боюнча экзамендерди өткөрүүдө аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүн билүүсү;
7) жеке маалыматтар жана колдонуу (жеткиликтүүлүгү) чектелген маалыматтар менен иштөө тажрыйбасы;
8) Бухгалтерлер үчүн эл аралык этикалык стандарттар боюнча кеңеш тарабынан белгиленген кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин - кесипкөй бухгалтерлерге коюлуучу этикалык талаптарды сактоо.
67. Аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү жана тартылган эксперттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартиптин 14-23-пункттарына ылайык даярдалган өзүн-өзү баалоо боюнча отчетун изилдөөгө жана ушул Тартиптин 43-56-пункттарында аныкталган талаптарга шайкештиги такталууга тийиш болгон маселелерди даярдоого;
2) аккредитациялануучу КАБдын окуу программаларын баалоону жүргүзүүгө жана сунуштамалар менен корутунду берүүгө;
3) кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин сактоого;
4) окуу программаларынын, материалдардын жана маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
5) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык маалыматтардын купуялуулугун ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга;
6) мүчөнүн ишке катышуусуна тоскоолдук кылган жагдайлар болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого.
68. Аккредитациялык комиссия аудитордун КК программасынын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
69. Аккредитациялык комиссиянын мүчөсүнө жана окуу программаларын баалоону жүзөгө ашырууга тартылган экспертке келип түшкөн бардык маалыматтар жана документтер купуялуу болуп саналат жана окуу программаларын аккредитациялоонун алкагында гана пайдаланылат. Купуялуу маалыматтар үчүнчү жакка берилиши мүмкүн эмес жана ачыкка чыгарылбоого тийиш. Окуу программаларынын иш документтери ички иш документтери болуп саналат жана жайылтылбоого тийиш.
70. Купуялуулук жана маалыматтык коопсуздук талаптары бузулган, ошондой эле белгиленген ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган учурларда аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү жана тартылган эксперттер ушул Тартипте жана укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
11-глава. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
71. Окуу программалары 5 жылдык мөөнөт менен аккредитациядан өткөн, анын ичинде 1 жылдык мөөнөт менен шарттуу аккредитациядан өткөн КАБга колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берилет.
72. КАБ кайра катталган учурда күбөлүктүн күчү сакталат.
73. Шарттуу аккредитациялоонун мөөнөтүн кошпогондо, КАБды аккредитациялоо мөөнөтү аяктаган учурда аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
74. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын формалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
75. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк жоголгон же бузулган учурда КАБдын арызы боюнча аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты берилет. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү тууралуу чечим арыз катталган күндөн тартып 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты бир нускада "дубликат" деген белги менен таризделет.
76. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитацияланган КАБдардын реестрин жүргүзөт, аны сайтка жайгаштырат.
77. Реестрде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү алган уюмдун толук аталышы, жайгашкан жери;
2) билим берүү ишине берилген лицензиянын реквизиттери;
3) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күн;
4) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери;
5) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушу аяктаган мөөнөт;
6) аккредитацияланган программанын аталышы;
7) аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө негизи жана күнү.
8) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуу негизи жана күнү.
78. Реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тескөөчү документи саналат.
79. Аккредитацияланган КАБдардын реестри жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеринде беш жыл сакталат жана андан кийин архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилет.
80. КАБдын окуу программасын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) берилген мөөнөт бүткөндө;
2) КАБ жоюлганда;
3) КАБ күбөлүк берилген тиешелүү программаларды ишке ашырууну токтоткондо;
4) ушул Тартиптин 81-97-пункттарына ылайык кийинки контролдоонун жыйынтыктары боюнча талаптарга шайкеш келбесе жана/же аныкталган бузуулар четтетилбесе.
12-глава. Талаптарга шайкештикти контролдоо
81. Талаптарга шайкештикти кийинки контролдоо КАБдын аккредитацияланган окуу программалары аккредитациялоо колдонулган мөөнөт ичинде аккредитациялык талаптарга шайкеш келгендигин аныктоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн текшерүү болуп саналат.
82. Кийинки контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тартуу менен уюштурулат жана жүргүзүлөт, аларды тартуунун мөөнөттөрү жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечими менен белгиленет.
83. Кийинки контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен текшерүү графигине жана программасына ылайык жүргүзүлөт.
84. Кийинки контролдоонун программасы анын темасын, кийинки контролдоо камтылууга тийиш болгон мезгилди, контролдонууга тийиш болгон негизги объекттердин жана маселелердин тизмегин камтыйт.
85. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 86-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, аккредитацияланган КАБдын окуу программаларын бир календарлык жылдын ичинде бирден ашык кийинки контролдоону жүргүзүүгө укуксуз.
86. Кошумча кийинки контролдоону жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган КАБдын бузуулары жөнүндө маалыматтарды алуу;
2) окутуп жаткандардын, КАБдын мүчөлөрүнүн, укук коргоо жана башка органдардын ушул Тартипти, аудитордук иш, бухгалтердик жана аудитордук кесиптик билим берүү чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жол берилген бузууларга кайрылуулары жана даттануулары.
87. Аккредитацияланган программаларга кийинки контролдоону жүргүзүүдө КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кийинки контролдоону өз убагында жана толук жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө жана көмөк көрсөтүүгө;
2) ушул Тартиптин 43-56-пункттарында белгиленген талаптардын алкагында бардык суралган маалыматтарды, зарыл болгон оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
3) ушул Тартиптин 43-56-пункттарында белгиленген талаптардын алкагында маалыматтарды алууга жана жумушчу документтердин серебине мүмкүндүк берүүгө көмөк көрсөтүүгө.
88. Текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү, текшерүүчүлөр же текшерүүчүлөр тобунун курамы жана анын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат. Кийинки контролдоону жүргүзүүнүн мөөнөтү үч жумуш күндөн ашпоого тийиш.
89. Кийинки контролдоонун баштапкы белгиленген мөөнөтүн узартуу текшерүүчүнүн же кийинки контролдоо тобунун жетекчисинин жүйөлүү сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
90. Кийинки контролдоонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте отчет түзүлөт. Отчет 2 нускада түзүлөт, анын бири текшерилген КАБга берилет.
91. Кийинки контролдоонун материалдары кийинки контролдоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттон жана ага карата таризделген, отчетто шилтемелер берилген (документтер, документтердин көчүрмөлөрү, жыйынды маалымкаттар, кызматтык жана материалдык жооптуу адамдардын түшүндүрмөлөрү ж.б.у.с.) тиркемелерден турат.
92. Кийинки контролдоонун материалдары кийинки контролдоону жүргүзүүнү дайындаган ыйгарым укуктуу кызмат адамына отчетко кол коюлгандан кийин 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө берилет.
93. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетко кол коюлган күндөн тартып жети жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кийинки контролдоонун берилген материалдары боюнча КАБдын окуу программаларынын аккредитациялоону узартуу же узартпоо жөнүндө чечим кабыл алат.
94. Ушул Тартиптин 43-56-пункттарында белгиленген талаптарды бузуулар аныкталган учурда кийинки контролдоо аяктаган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө аныкталган бузууларды жана аларды четтетүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен КАБга жазма буйрук жөнөтөт.
95. Аудиторлордун КК программасы боюнча КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо боюнча белгиленген бузууларды четтетүүнүн мөөнөтү 6 (алты) айдан ашпайт.
96. Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо боюнча белгиленген бузууларды четтетүүнүн мөөнөтү бир айдан ашпайт.
97. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругунда көрсөтүлгөн бузуулар мөөнөтүндө четтетилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБдын окуу программаларынын аккредитациясын чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алат.
98. КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктөн ажыратуу (чакыртып алуу) төмөнкү негиздер болгондо жүзөгө ашырылат:
1) окуу программаларын аккредитациялоого киргизүү үчүн зарыл болгон жалган документтерди пайдалануу менен окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү алуу фактысы аныкталганда;
2) ушул Тартиптин 95 жана 96-пункттарында каралган мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругу аткарылбаганда жана/же кийинки контролдоону жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бузуулар четтетилбегенде;
3) ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келбөө.
|
| Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибине 1-тиркеме |
|
| _________________________________________ (Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, жетекчинин аты-жөнү) кимден __________________________________ (аты-жөнү) |
АРЫЗ Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасын/Аудиторлордун КБҮБ программасын аккредитациялоодон өткөрүүнү суранабыз _______________________________________________________________________________ (КАБдын толук аталышы)
|
|
|
| Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибине 2-тиркеме |
Купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы жана Аудиторлордун КБҮБ программасы боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу максатында мен төмөнкүлөргө макулдугумду берем жана милдеттенем: 1) КАБдын окуу программаларын аккредитациялоо менен байланышкан бардык материалдардын купуялуулугун сактоого; 2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган коопсуздук жана купуялуулук талаптары боюнча өз милдеттеримди сактоого; 3) Өзүмө белгилүү болгон каалагандай бузуулар же коопсуздук чараларын сактабоолор жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө; 4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашылган учурлардан тышкары кызыкчылыктардын мүмкүн болуучу кагылыштарын болтурбоого.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликтер жөнүндө мага эскертилди __________________________________________________________________ (катышуучунун аты-жөнү жана колу) Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирем: 1. Аты-жөнүм: ____________________________________________________________________ 2. Кызмат ордум: _________________________________________________________________ 3. Ким экендигимди ырастоочу документ: _____________________________________________ сериясы ________________ номери _________________ берилген күнү ___________________ ким тарабынан берилген ___________________________________________________________ 4. Кошумча маалымат: ____________________________________________________________
20___-жылдын "___" _____________ _____________________________________ (катышуучунун колу) |
|