Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 187
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, ишкердик жана инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында, 1-3-пункттарда "мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун" деген сөздөр "мамлекеттик маанидеги долбоорлорду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-пунктта "мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун", "мамлекеттик инвестициялардын долбоору" деген сөздөр "мамлекеттик маанидеги долбоорлордун", "мамлекеттик маанидеги долбоор" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
- аталышында, 1, 2-пункттарда "мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун" деген сөздөр "мамлекеттик маанидеги долбоорлорду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
экинчи, үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"улуттук инвестициялык долбоорлор - бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор, алар төмөнкү багыттарды камтыйт: экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
долбоор - бул заманбап технологияларды колдонуу жана жергиликтүү эмгек ресурстарын тартуу менен өндүрүштү жана инфраструктураны түзүү, кеңейтүү жана/же модернизациялоо боюнча иш-чаралардын (аракеттердин) жыйындысы.";
бешинчи абзац "финансылык ресурстарды" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик колдоону" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Комиссиянын негизги максаты - тиешелүү тизмекке киргизүү үчүн келечектүү улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо.
Комиссиянын милдети болуп мамлекеттик преференцияларды, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди берүүнү кошуп алганда, мамлекеттик колдоо көрсөтүү, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду натыйжалуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү максатында өтүнмө ээлеринин мамлекеттик өнүктүрүү фонддорунан жана финансы-кредиттик уюмдардан кредиттик жана башка финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу саналат.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп жыйналыштар эсептелет, алар кварталына бир жолу зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда Комиссиянын жыйналышын Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрө алат.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик преференцияларды алган уюмдардын жана ишкердик субъекттердин тизмеги тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарды бекитип, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлорду көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.";
- 14-пунктта:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи абзац "шарттарга жана талаптарга шайкештигин кароону" деген сөздөрдөн кийин "документтерди системалаштырууну жана алдын ала талдоону, жыйналыштардын протоколдорун жүргүзүүнү (аларга Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол коёт)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18, 19-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Тандоого катышууга өтүнмө ыйгарым укуктуу тармактык органга кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу тармактык мамлекеттик органдардын сайттарында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине электрондук түрдө жиберилет.
Тармактык мамлекеттик орган өтүнмөнү алган датадан тартып 20 жумуш күндүн ичинде аны тиркелген документтер менен бирге андан ары Комиссияда кароо үчүн тандоо критерийлерине ылайыктуулугун изилдейт.
Тармактык мамлекеттик орган тарабынан документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ушул Регламенттин критерийлерине ылайык келген өтүнмөлөр бардык материалдарды тиркөө менен катчылыкка кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине электрондук түрдө жиберилет.
19. Улуттук инвестициялык долбоордун жана мамлекеттик маанидеги долбоордун статусун алууга тандоого катышуу үчүн өтүнмө ээси төмөнкү документтерди тиркөө менен өтүнмө бериши керек (документтер боолонуп, өтүнмө ээсинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек):
1) уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
2) юридикалык жактын ээлери (бенефициарларды ачыкка чыгаруу менен) жөнүндө маалыматтар;
3) юридикалык жактын саясий мааниге ээ жактар менен аффилирленгендиги/аффилирленген эместиги жөнүндө маалымат;
4) өтүнмө ээсинин банкрот болуу фактыларын кошуп алганда, кандайдыр бир соттук териштирүүлөрдүн жоктугу жөнүндө маалымат;
5) юридикалык жактын салык органынын алдында, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин алдында карызынын жана пенсиялык чегерүүлөр боюнча милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалымат;
6) өтүнмө ээсинин ушуга окшош долбоорлорду же башка ири ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы жана ушул долбоорлордун учурдагы абалы жөнүндө маалымат;
7) долбоорду ишке ашыруу убагында киргизиле турган же колдонула турган юридикалык жактын технологиялары (анын ичинде инновациялык) жөнүндө маалымат;
8) долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн баалоого мүмкүндүк берүүчү долбоордун башкы мүнөздөмөлөрүн камтыган долбоордун бизнес-планы (5 жылдан кем эмес мөөнөткө). Бизнес-план кеминде инвестор, долбоордун максаты жана долбоорду ишке ашыруу ордун көрсөтүү менен анын кыскача мүнөздөмөсүн, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн, долбоорду ишке ашырууда колдонулган технологиялардын сыпаттамасын, продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүү жана сатуу пландары жана рыноктору, эмгек ресурстарына болгон муктаждык, долбоорду ишке ашыруу наркы жана каржылоо булактары, операциялык план, өзүн актоо мөөнөтү, долбоордун рентабелдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү ж.б. жөнүндө кыскача маалыматты камтууга тийиш;
9) долбоор менен болжолдонгон жаңы жумуш орундарынын саны, ошондой эле жергиликтүү кадрларды даярдоо/кайра даярдоо программаларынын бар экендиги жөнүндө маалымат;
10) долбоорго ылайык кызматкерлерди социалдык колдоо программалары жөнүндө маалымат;
11) өтүнмө ээсинин менчигинде же ижарасында жер участокторунун бар экендиги жөнүндө маалымат;
12) өтүнмө ээсинин долбоорду ишке ашырууга чейин айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баалоо жүргүзүү жана экологиялык зыянды болтурбоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө милдеттенмеси, ошондой эле күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда экологиялык зыянды компенсациялоо жөнүндө милдеттенмеси өтүнмөнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш;
13) тандоого катышууга өтүнмө салык жеңилдиктерин алууга өтүнмөнү камтышы мүмкүн;
14) Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринен банк эсебинде долбоордун наркынан 10%дан кем эмес көлөмдө финансылык каражаттардын бар экендиги жөнүндө ырастоочу документ. Бул каражаттар кийин долбоорду ишке ашырууга салым түрүндө пайдаланылууга тийиш;
15) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулук.
Өтүнмө ээлери өтүнмөдө жана тиркелген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгына кепилдик беришет, берилүүчү маалыматтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Ушул пункттун 1-5, 8, 9, 11-пунтчаларынын талаптары министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан өтүнмө берилгенде колдонулбайт.";
- 21-пунктта "жети жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "жыйырма жумуш күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пунктта "өтүнмө ээси" деген сөздөр "тармактык мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын:
"25-1. Тандоого катышууга өтүнмө берген инвесторлор Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде банктык эсеп ачууга (ээ болууга) жана банктык эсепке долбоордун наркынан өздүк каражаттардын 10%ынан кем эмес жайгаштырууга тийиш. Тандоого өтүнмө боюнча чечим кабыл алынганга чейин бул каражаттар өтүнмөнү карап чыгууну камсыздоо катары башка максаттарга пайдаланылбоого тийиш.";
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Улуттук инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өлкөнү өнүктүрүү стратегиялык максаттарына жана артыкчылыктарына шайкештиги, б.а. долбоорлор ушул Регламенттин 3-пунктунда көрсөтүлгөн экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун өзөктүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Ошол эле учурда төмөнкүдөй багыттар боюнча өтүнмөлөр каралууга тийиш эмес жана улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилүүгө тийиш эмес:
- оюн-зоок иши;
- жер казынасын пайдалануу;
- санариптик майнинг;
- чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды жеткирүү;
- тамеки жана алкоголь иши;
- Кыргыз Республикасынын экологиялык бүтүндүгүн жана биотүрдүүлүгүн бузган иштин башка түрлөрү;
2) долбоорлор экологиялуулуктун жана энергия натыйжалуулуктун талаптарына жооп берген, жогорку өндүрүмдүүлүктөгү ресурс үнөмдөөчү (энергия үнөмдөөчү) технологияларды киргизүүнү (пайдаланууну) камтууга тийиш;
3) региондук багыттуулук, долбоордун наркы төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
- Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында - 10 млн. доллардан кем эмес;
- Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында - 5 млн. доллардан кем эмес;
- Баткен облусунда - 2 млн. доллардан кем эмес.
Ошол эле учурда өтүнмө ээсинин долбоорго жеке салымы долбоордун жалпы наркынын 35%ынан кем эмести түзүүгө тийиш;
4) милдеттенмелердин аткаруунун ыкмалары (күрөөнүн болушу);
5) долбоорду ишке ашыруунун узак мөөнөттүүлүгү жана жетишилген натыйжанын узактыгы;
6) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу, долбоордун кирешелүүлүгүн камсыз кылуу;
7) экономикага таасир этүүнүн системалуулугу, ал атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууда, экономикалык өсүшкө дем берүүдө, тармактар аралык олуттуу мультипликатордун болушунда, макроэкономикалык туруктуулукту жана мамлекеттик башкаруунун туруктуулугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүдө, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоордун региондун экономикалык өнүгүүсүнө эмгек ресурстарын тартуу, долбоорду ишке ашыруу процессине тартылуучу жергиликтүү ишкерлер менен пландалган контракттар, экспорттук потенциалды өстүрүү жагынан таасир этүүдө көрүнөт;
8) сунушталган долбоордун инновациялуулугу, долбоорду ишке ашырууда новатордук технологияларды пайдалануу;
9) долбоордун өндүрүшүнүн сапат системасынын эл аралык стандарттарына шайкештиги;
10) долбоордун региондун инфраструктуралык өнүгүүсүнө оң таасири (коммуналдык, инженердик тармактарды, автожолдорду ж.б. өнүктүрүү);
11) социалдык жоопкерчилик - өтүнмө ээсинин жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө катышуусу;
12) коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, өтүнмө ээсинин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
13) долбоор ал жайгашкан аймактагы инфраструктураны жакшыртууну, анын ичинде, бирок чектелбестен, коммуналдык, инженердик тармактарды, автожолдорду жана башка зарыл объекттерди өнүктүрүүнү кароого тийиш.";
- 28-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти.".