Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXXIII сессиясынын
2024-жылдын 24-апрели № 231/33-8
Талас шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 23-апрелиндеги №01-19/1051 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушу менен Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Талас шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин төрагасы жана Талас шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана чектешкен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К.Джаныбеков |