Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-апрели № 80
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1- берене
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы элүү үчүнчү абзац менен толукталсын:
"электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси - Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо берилүүчү, ак фондо жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси. Ушуну менен бирге, мындай номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт.";
2) 40-статьяда:
а) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга түрткү берүү жана электромобилдер үчүн кубаттагач инфратүзүмдү түзүү боюнча концепцияларды иштеп чыгууну уюштуруу, республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программаларды жана пландарды бекитүү, каржылоо, ишке ашыруу жана алардын жүзөгө ашырылуусун контролдоо;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси бар электромобилдер жөнүндө жоболорду бекитүү жана ушундай транспорт каражаттары үчүн жеңилдиктерди белгилөө.".
2- берене
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., №8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси - Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо берилүүчү, ак фондогу жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси. Ушуну менен бирге, мындай номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт;
электромобиль - электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) азыктандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль.";
2) 231-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-онунчу абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин алууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгисин пайдалануу үчүн жеңилдиктерди алууга.
Жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет."
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 14-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |