Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-апрели № 184-т
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү, киргизүү жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды аткарууга тартылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) Планды белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке Пландын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |