Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 184-т тескемеси менен бекитилди) |
2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик
кадастрдык баалоо системасын түзүү боюнча
иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Аткаруучулар | Ишке ашыруунун мөөнөтү | Ишке ашырууга каражат (сумма) |
1 | Кызыкдар мамлекеттик органдарды, билим берүү мекемелерин, эксперттерди (анын ичинде чет өлкөлүк) тартуу менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө буйрук чыгаруу | Буйрук чыгарылды, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ЖРКГКМА, МСК, Мамкурулуш, Маммүлк, Бишкек ш. мэриясы | 2024-жылдын II кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
2 | Салык салуу, кыймылсыз мүлк объекттерин алууда нарктын ордун толтуруу, тоорукка коюу, менчиктештирүү ж.б. максаттар үчүн кыймылсыз мүлктүн объекттерин баалоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын изилдөө | Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн колдонуудагы ЧУАга талдоо жүргүзүү | Жер-мүлк мамилелери маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы ЧУАга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалды | Ведомстволор аралык жумушчу топ | 2024-жылдын II-III кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
3 | Кадастрдык баалоо максаттары үчүн маалыматтардын актуалдуулугуна жана толуктугуна карата кыймылсыз мүлк боюнча маалымат базасын талдоо | Кадастрдык баалоо максаттары үчүн маалыматтардын актуалдуулугуна жана толуктугуна карата кыймылсыз мүлк боюнча маалымат базасына верификация жүргүзүү | Кадастрдык баалоо максаттары үчүн кыймылсыз мүлк маалыматтарынын актуалдуулугу жана толуктугу изилденди. Маалымат базасын актуалдаштыруу жана техникалык параметрлер боюнча зарыл маалыматтар менен толуктоо боюнча иштер жүргүзүлдү | ЖРКГКМА, МСК, Маммүлк | 2024-2025- жылдар | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
4 | Кыймылсыз мүлк рыногун талдоо | Кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууну, ижаранын түрлөрүн талдоо | Талдоонун жыйынтыгы боюнча баалоо зоналарын аныктоо | ЖРКГКМА, МКЖӨБМА, Бишкек ш. мэриясы | 2024-жылдын II-III кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
5 | Кадастрдык баалоо методикасынын долбоорун иштеп чыгуу | Баалоо моделдерин аныктоо | Кадастрдык баалоо методикасынын долбоору даярдалды | ЖРКГКМА, МСК, МКЖӨБМА, Мамкурулуш, Маммүлк, Бишкек ш. мэриясы, ведомстволор аралык жумушчу топ | 2024-жылдын II-III кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
6 | Кадастрдык баалоо методикасынын негизинде пилоттук аймакта баалоону тестирлөө | Пилоттук аймакта эксперимент тартибинде тесттик баалоо жүргүзүү | Пилоттук аймакта кадастрдык наркты аныктоо методикасы апробацияланды | ЖРКГКМА, Ведомстволор аралык жумушчу топ | 2024-жылдын IV кварталы, 2025-жылдын I кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
7 | Пилоттук аймакта тесттик баалоонун жыйынтыгын талдоо | Пилоттук аймакта тесттик баалоонун жыйынтыгына талдоо жүргүзүү | Тесттик баалоого жүргүзүлгөн талдоонун негизинде сунуш даярдалды | ЖРКГКМА, ведомстволор аралык жумушчу топ | 2025-жылдын I кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
8 | Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу: - Кыргыз Республикасында мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын киргизүү жөнүндө; - жер-мүлк мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (кыймылсыз мүлк объекттерин алууда кадастрдык наркты колдонуу, тооруктарга коюу, менчиктештирүү ж.б. бөлүгүндө); - Кыймылсыз мүлктүн объекттерине кадастрдык баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону (методиканы) бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын ченем жаратуучу органдарынын кароосуна киргизүү | Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик кадастрдык баалоо системасынын ишин регламенттөөчү ЧУА долбоорлору жана методикалык документтер даярдалды жана кароого киргизилди | ЖРКГКМА, ведомстволор аралык жумушчу топ, Маммүлк, Мамкурулуш | 2025-жылдын I-II кварталы | ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын ченем жаратуучу органдарынын кароосуна киргизүү |
9 | Кыймылсыз мүлк объекттерин кадастрдык баалоо боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу | Кыймылсыз мүлк объекттерин кадастрдык баалоо процессин автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону иштеп чыгуу | Кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик баалоо жөнүндө программалык камсыздоо жана методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыкты | ЖРКГКМА | 2025-жылдын I-II кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
10 | Программалык камсыздоону тестирлөө жана эксплуатациялоо | Долбоордук методиканын негизинде пилоттук аймакта эксперимент тартибинде тесттик массалык кадастрдык баалоону жүргүзүү | Республиканын пилоттук аймагында кадастрдык наркты аныктоо инструменттери апробацияланды | ЖРКГКМА, МСК | 2025-жылдын II-III кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
11 | Адистердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу | Адистерди окутуу планын иштеп чыгуу. Окутула турган адистердин контингентин аныктоо. Окутуу графигин иштеп чыгуу жана адистерди окутуу | Ишке тартылган адистердин кесиптик даярдыгы камсыздалды жана квалификациясы жогорулатылды | ЖРКГКМА, МСК | 2025-жылдын III кварталы | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
12 | Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын киргизүү | Кабыл алынган методикага ылайык кыймылсыз мүлк объекттерине кадастрдык баалоону жүзөгө ашыруу | Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик кадастрдык баалоо системасы киргизилди | ЖРКГКМА, МСК, МКЖӨБМА | Тиешелүү ЧУА кабыл алынгандан кийин | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
13 | Мүлккө жана жер участокторуна салыкты эсептөө үчүн мүлк объекттерине мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын пайдалануу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ЧУА долбоорлорун изилдөө жана иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын ченем жаратуучу органдарынын кароосуна киргизүү | ЧУА долбоору даярдалды | МСК, ведомстволор аралык жумушчу топ | 2025-жылдын аягына чейин | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
14 | Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу | Кыймылсыз мүлккө кадастрдык баалоо жүргүзүү процессинин жана методикасынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү | Кыймылсыз мүлк объекттерин баалоонун бирдиктүү принциптерине өтүү | ЖРКГКМА | Дайыма | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
15 | Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар менен маалымат базасын үзгүлтүксүз актуалдаштыруу | Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоо системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар менен маалымат базасын үзгүлтүксүз актуалдаштырууну жүргүзүү | Кыймылсыз мүлктү кадастрдык баалоону жүзөгө ашыруу үчүн маалымат базасынын толуктугу камсыздалды | ЖРКГКМА, МСК, Маммүлк | Дайыма | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖРКГКМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик; |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
Маммүлк | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик; |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар. |