Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 29-марты № 145
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик граждандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” жана 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басарлары, Коргоо министринин орун басарлары, Коргоо министрлигинин (мындан ары – КР КМ) Борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиясынын кол башчылары, 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана мекемелеринин башчылары туруктуу негизде:
– бар болгон коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;
– коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурларды жана кырдаалдарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүшсүн.
3. КР КК ГШ башкы тарбия иштер башкармалыгы ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында, ал катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык жарыяланышын камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн (эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, аны жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты белгилөө менен кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө) жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
6. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Коргоо министри генерал-лейтенант |
Б.А. Бекболотов |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу
коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
Мамлекеттик органдын функциялары (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупцялык коркунучтун категориялары: системалык, (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупцялык коркунучтун деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүкчөнүн (Борбордук аппараттын, аймактык же ведомствого караштуу бөлүкчөнүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык коркунучка дуушар болуучу кызмат орундар | Башка мамлекеттик органдарда коррупциялык коркунучтардын келип чыгуусу мүмкүнбү? |
Аскерге чакырылуулардын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө документтерин тариздөө | Ден соолугуна байланыштуу аскерге чакырылуучуну жараксыз деп таануу. Медициналык документтерди бурмалоо. Медициналык күбөлөндүрүү боюнча жетектөөчү документтердин талаптарын начар билүү же бузуу. | Кырдаалдык | Орточо | КР КК штаттан тышкары аскердик-дарыгердик комиссиялар | Штаттан тышкары аскердик-дарыгердик комиссиялар | жок |
Сатып алуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашыруу | Сатып алуунун жол-жоболорунун реалдуу жыйынтыктарын бурмалаган кызмат адамынвн пайда алуу максатында жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын баалоодо сатып алуунун документтерин даярдоодо келип чыккан коррупциялык коркунучтар.
| Кырдаалдык | Жогору | КР КМ сатып алуулар бөлүмү
| КР КМ сатып алуулар бөлүмүнүн өздүк курамы | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Продукцияны жана аскердик дайындалыштагы кызматтарды иштеп чыгуу, чыгаруу жана сатууну жүзөгө ашырууга укукка юридикалык жактардын ишмердигин лицензиялооия | Лицензияны мыйзамсыз алуу үчүн кызмат адамдарын сатып алуу аракети. | Кырдаалдык | Орточо | КР КМ экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмү | Бөлүмдүн өздүк курамы | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн функциялары
| ||||||
Адамдарды медициналык күбөлөндүрүү | КР КМ аскердик бейтапканасы жана поликлиникасы төлөө негизинде “Аскердик дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү” кызматын көрсөтүшөт. Мындан тышкары, кызматты 3 категориядагы адамдар алышат: - жогорку аскердик окуу жайларга тапшыруучулар; - контракт боюнча аскерге чакырылуучулар; - КММА аскердик кафедрасында окуган студенттер. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жүрүшүндө дарыгерлерде (комиссиянын мүчөлөрүндө) коррупциялык коркунучтар пайда болушу мүмкүн, алардын ден соолугунун абалында кемчиликтери болсо жана аскердик кызматка жараксыз деп табылса. | Кырдаалдык | Жогору | КР КМ аскердик бейтапканалары жана поликлиникалары | КР КМ аскердик бейтапканаларынын жана поликлиникаларынын дарыгерлери | Жок |
Аскердик-каттоо документтерин берүү | Аскердик-каттоо документтерди (аскердик билеттердин бланктарын, аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктөрүн, альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүн, убактылуу күбөлүктөрүн (аскердик билеттин ордуна берилүүчү), иденфикациялык аскердик күбөлүктөрдү, ошондой эле мобилизация боюнча жана согуш убагында аскерге чакырууну узартуу жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын) берүүдө | Кырдаалдык | Жогору | Аскердик комиссариат | Үчүнчү бөлүмчөнүн башчысынын улук жардамчысы | жок |
Каттоо-аскердик документтерди берүү | Материалдык байгердикти мыйзамсыз алуу максатында ыйгарым укугу бар кызмат адамдары тарабынан аскердик-каттоо документтерди мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемаларды атайлап түзүү. | Кырдаалдык | Жогору | Аскердик комиссариат | Аскердик комиссариаттардын кызмат адамдары | жок |
Аскердик, кош, атайын жана жарандык дайындалыштагы продукцияга карата тышкы сатуу ишмердигинин чөйрөсүндө консультативдик, юридикалык, маалыматтык жана башка кызматтарды көрсөтүү. | Кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгиленген бааны көтөрүү (тушүрүү) | Кырдаалдык | Орточо | «Кыргызкурал» МИ | «Кыргызкурал» МИ жумушчулары | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү |
Контролдук жана көзөмөл функциясы | ||||||
Жеткирүүчүлөрдүн келишимдерди талаптагыдай аткарылышын контролдоо | Жеткирүүчүлөр тарабынан келишимдерди талаптагыдай аткарбагандыгын жашыруу максатында келишимдерди администрлөөдө келип чыккан коррупциялык коркунучтар. | Кырдаалдык | Орточо | КР КМ сатып алуулар бөлүмү | КР КМ сатып алуулар бөлүмүнүн өздүк курамы | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү |
Ички аудитти жана атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү | Ички аудитти жана атайын текшерүүнү жүргүзүүдө табылышы мүмкүн болгон кемчиликтерди жашырууга аудиттен өтүүчү (текшерүүдөн өтүүчү) обьектинин кызмат адамдарынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу. | Кырдаалдык | Орточо | КР КМ ички аудит башкармалыгы | Ички аудиторлор (бөлүм башчысы, бөлүмчөлөрдүн башчылары, улук офицерлер, офицер, башкы адис, жетектөөчү адис) | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү |
Ички аудитти жана атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү | Аскер бөлүктөрдү, мекемелерди ж.б. аудиттен өткөрүү боюнча аудитордун ишинин планынын айрым пунктарын атайылап аткарбоо жолу менен жол берилген бузууларды жашыруу боюнча айрым кызмат адамдарынын кызыкчылыктарын лоббирлөө. | Кырдаалдык | Орточо | КР КМ ичку аудит башкармалыгы | Ички аудиторлор (бөлүм башчысы, бөлүмчөлөрдүн башчылары, улук офицерлер, офицер, башкы адис, жетектөөчү адис) | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Финансылык-чарбалык функциясы | ||||||
Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү | Конкурстук комиссиянын мүчөсүнөн бирөөнүн кызыкчылыгын лобирлөө, техникалык сыпаттаманын талаптарына жооп бербеген жана төмөн сапаттагы товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө жеңишти ыйгаруу. | Кырдаалдык | Жогору | Башкаруу органдары, аскердик бөлүктөр жана мекемелер | Төрага жана конкурстук крмиссиянын мүчөлөрү | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
КР КК жана башка КР аскердик түзүлүштөрүн аскердик жана аскердик-техникалык мүлк жана жабдык менен камсыздоого ички мамлекеттик жана импорттук сатып алууларды жүзөгө ашыруу. | - товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуунун мүмкүн болгон катышуучуларынын тизмесин четтетүү; - муктаждыктын товарларынын (кызмат көрсөтүүлөрүн, жумуштарын) тизмесин азайтуу; - зарыл контракттын шарттарын кеңейтүү; - контракттын баштапкы (максималдуу) баасын жогорулатуу (төмөндөтүү); - сатып алуунун баасы, көлөмү, обьектинин өзгөчөлүгү боюнча товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды) сатып алуунун ыкмасын туура эмес тандоо; - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу жөнүндө толук эмес же туура эмес маалыматты берүү; - атаандаштардын сунуштары жөнүндө толук эмес же туура эмес маалыматты угузуу, жок маалыматты угузуу, - келишимдин шарттарынын негизсиз өзгөрүлүшү. | Кырдаалдык | Жогору | «Кыргызкурал» МИ |
| Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Товардык-материалдык баалуулуктарды кабыл алуу боюнча ички текшерүү комиссияларды өткөрүү | Алуучунун кампаларына жеткирүүчүлөр берүүчү же техникалык сыпаттаманын талаптары менен шайкеш келбеген мамлекеттик стандарттарга карама каршы келген төмөн сапаттагы товарларды кабыл алуу.
| Кырдаалдык | Орточо | КР КМ кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери | Төрага жана конкурстук крмиссиянын мүчөлөрү, кампалардын, сактоочу жайлардын башчылары, материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алууга, сактоого жана берүүгө жооптуу адамдар | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Бөлүктүн финансылык чарбасын уюштуруу жана жүргүзүү | Документтерди жасоо жолу же башка ыкмалар менен акча каражаттарды ыйгарып алуу жана/же жоготуу | Кырдаалдык | Орточо | Аскер бөлүктөрдүн финансылык кызматтары | Финансылык кызматтардын башчылары | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоону камсыздоо | Каттоо маалыматтарын, негизсиз эсептен чыгарууларды жана үнөмдөөлөрдү ж.б. бурмалоо жолу менен тапшырылган мүлктү ыйгарып алуу жана/же жоготуу. | Кырдаалдык | Орточо | Аскердик бөлүктөр жана мекемелер | Материалдык-жооптуу адамдар (кампалардын, кызматтардын башчылары) | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Куруу иштерин жүзөгө ашыруу | Аткарылган жумуштун көлөмүн жана куруу иштерди жүргүзүүдө материалдардын санын негизсиз көтөрүү. | Кырдаалдык | Орточо | «Аскер Курулуш» МИ | Башкы директор, башкы инженер, прораб, башкы бухгалтер, ПТО адистери, техникалык көзөмөлдүн адистери ж.б. | жок |
Административдик-тескөө функциялары | ||||||
Буйруктарды жана тескемелерди чыгаруу | - жумушка кабыл алууда акчалай жана материалдык сыйлык | Кырдаалдык | Орточо | КР КМ караштуу мамлекеттик ишканалар | Жетекчи | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
- КР КМ ведомство алдындагы билим берүү уюмдарынын (күжүрмөн даярдоо системасынын окуу борборлорунан тышкары) ишмердигин координациялоо, алардын ишмердигин контролдоо жана КР КМ кол башчылыгы менен аныкталган тартипте алардын КР ЧУА жана КР КМ жана КК ГШ ведостволук актыларынын талаптарын өз убагында аткаруусун контролдоо; - жарандарды аскердик жогорку окуу жайларына, анын ичинде КММА аскердик кафедрасына жана КУАЛга кабыл алуу, киргизүү жана жөнөтүү боюнча иш-чараларды пландоо жана уюштуруу; - КР КМ ведомство алдындагы билим берүү уюмдарында кызмат адамдарын комплектөө үчүн офицердик кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда катышуу; - окуу жайларына жана кыска мөөнөттүү курстарга адамдарды тандоого катышуу; - башкаруу органдарында, окуу жайларда/борболордо жүргүзүлүүчү илимий/илимий-изилдө иштерди координациялоо; - кызмат адамдын же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке суроолорду чечүүдө өзүнүн кызматтык укуктарын пайдалануу; - мыйзам менен каралбаган артыкчылыктарды (протекционизм, тууганчылык) берүү; - кызмат ордунун ыйгарым укугунан чекке чыгуучу же тиешеси жок тескөөчү мүнөздөгү аракеттер. | - курсант (тарбиялануучу) катары чет өлкөлүк аскердик окуу жайларга, КР КК Аскер институтуна тапшырууда абитуриенттерди, ошондой эле КММА аскердик кафедрасына студенттерди тандап алууда; - 2017-ж.13.12. №805 КР ӨТ менен бекитилген запастагы офицерлердин программасы боюнча жарандардын аскердик даярдыктан өтүүнү уюштуруу, тандоо тартиби жөнүндө Жобонун талаптарын бузуу;
| Кырдаалдык | Орточо | КР КМ аскердик билим берүү жана илим башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы
Башкармалыктын башчысынын орун басары - бөлүм башчысы | жок |
Буйруктарды жана тескемелерди чыгаруу | Аскер кызматчыларына кызмат ордуларына дайындоо, которуу, аскердик наамдарды ж.б. ыйгаруу маселелерин чечүүдө айрым аскер кызматчыларынын кызыкчылыктарын лоббирлөө. | Кырдаалдык | Орточо | Кадрдык иштер башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары – бөлүм башчысы, бөлүм башчысы, аскер бөлүктөрдүн жана мекемелеринин кадрлар бөлүмчөсүнүн башчылары. | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |
Акчалай акыны эсептөө | Кызматтык абалын колдонуу жолу менен аскер кызматчыларынын акчалай акын жана башка төлөмдөрүн төлөөгө каралган бюджеттик каражаттарды уурдоо. | Кырдаалдык | Орточо | Финансы башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары – бөлүм башчысы, бөлүм башчысы, аскер бөлүктөрдүн жана мекемелердин финансы кызматтарынын башчылары | Бул коркунуч бардык мамлекеттик органдардын ишмердигине тийиштүү болууга мүмкүн |