Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтому менен бекитилди) |
ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө
НУСКАМА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 668, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856, 2026-жылдын 8-июлундагы № 469
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартибин аныктайт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү актысы менен аныкталат.
2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система;
2) анкета-арыз - арыз ээсинин жеке маалыматтарын камтыган, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн же болбосо чет өлкөлүк мекеменин кызматкерлери тарабынан АМС аркылуу электрондук түрдө таризделүүчү документ, анда 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт берүү жөнүндө ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүч каты камтылышы мүмкүн;
3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объектиси болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо, ошондой эле бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирип эсепке алуучу система;
4) чет өлкөлүк мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриясы (бөлүмдөр) жана консулдук мекемеси;
5) талап кылынбаган паспорттор - ушул Нускамада белгиленген тартипте жекелештирилген, арыз ээси жекелештирилген күндөн тартып 1 жылдын ичинде чет өлкөлүк мекемеге же жекелештирилген күндөн тартып 6 айдын ичинде аймактык бөлүмгө алып кетүү үчүн келбеген улуттук паспорттор;
6) ата-эненин биринин жоктугу - ата-эненин бирин ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу, ата-эненин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, ата-эненин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөсү, ата-эненин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин болушу, ата-эненин биринин издөөдө болушу;
7) ведомстволук мекеме - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемеси;
8) паспортторду бузуу - паспорттогу жазуулардын, ээсинин фотосүрөтүнүн, машинада окулуучу маалыматтардын жана паспорттун башка маанилүү элементтеринин тактыгына таасир этүүчү бардык механикалык бузуктар, ошондой эле анын бүтүндүгүн бузуу;
9) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү ишке ашырган жекелештирүү борбору;
10) аймактык бөлүмдөр - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемелеринин ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жана жекелештирилген ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду берүүнү ишке ашыруучу аймактык бөлүмдөрү;
11) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органы;
12) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
13) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) чип - ID-картага жана жалпы жарандык паспортко киргизилген, арыз ээсинин жеке жана биометриялык маалыматтарын жазууга, иштеп чыгууга жана сактоого мүмкүндүк берген сандык интегралдык процессор (электрондук микросхема);
15) электрондук колтамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка туташтырылган жана (же) аны менен логикалык байланышта болот жана маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулат;
16) форс-мажордук жагдайлар - ID-картаны же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө документтерди жеткирүүгө жана шашылыш текшерүү жүргүзүүгө, ошондой эле аларды тез арада берүүгө толук же жарым-жартылай мүмкүн болбогон ал жеткис күчтүн таасири, табигый мүнөздөгү (өрт, жер титирөө, сел, суу ташкыны, кар көчкү, бороон), эпидемиологиялык мүнөздөгү кубулуштар жана аскердик аракеттер.
17) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 668, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн арналган жана чет мамлекеттин аймагында жана тилинде түзүлгөн документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырууну жүзөгө ашыруунун зарылдыгы менен шартталса, легалдаштырылууга тийиш.
4. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана жекелештирүүгө документтерди кабыл алуу арыз ээсинин жашаган жана турган жерине карабастан, арыз берүүчүнүн жеке катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсин КБМРде каттоо эсеби жөнүндө же консулдук каттоо жөнүндө маалымат болгондо, бардык аймактык бөлүмдөрдө же чет өлкөлүк мекемелерде жүзөгө ашырылат.
16 жашка толо элек баланы жалпы жарандык паспорт менен документтештирүүдө каттоонун же консулдук эсепке алуунун болушу талап кылынбайт.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө боюнча аймактык бөлүмдөрдүн функциялары ыйгарым укуктуу органдын башка мекемелерине жана ишканаларына тапшырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 , 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жекелештирилгенден кийин ID-картанын образы санариптик форматта автоматтык режимде түзүлөт, мында санариптик паспорт юридикалык күчкө ээ жана материалдык алып жүрүүчүдөгү 2024-жылдын үлгүсүндөгү ID-картага барабар болуп саналат.
Санариптик форматтагы ID-картанын сыпаттамасы, үлгүсү жана аны түзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
6. Жарандын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө документтерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан арыз ээсинин жашаган жеринин дареги боюнча акы төлөнүүчү жана акысыз негизде баруу менен ушул Нускаманын 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Барууга байланышкан транспорттук чыгымдар төмөнкүдөй категориядагы адамдар кайрылган учурларда даярдоочу ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;
2) карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар;
3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
5) жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүчүнүн негизинде;
6) айыпталуучу жана шектүү катары камакта кармоо жайларында кармалгандар, кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон органдын өтүнүчүнүн негизинде.
Ушул пункттун 5, 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга ID-карталарды тариздөөгө документтерди кабыл алууда аймактык бөлүмдүн кызматкерлеринин коопсуздугу жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана камакта кармоочу жайлардын жетекчилери тарабынан камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Документтерди тариздөө, текшерүү, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө анкета-арызды жиберүү жана даярдалган ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү аймактык бөлүмдөр, чет өлкөлүк мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Арыз ээси ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээси көрсөткөн дарек боюнча почта байланыш кызматы аркылуу алууга укуктуу. Почта байланышы менен жеткирүүнүн географиясы, шарттары, тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
10. Анкета-арыздын формасын жана аны толтуруу тартибин ыйгарым укуктуу орган бекитет.
11. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн мамлекеттик алымды, чыгымдарды төлөө (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт), ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте жекелештирүү учурларынан тышкары, арыз ээси тарабынан анкета-арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ID-карталарды тариздөө жана жекелештирүү үчүн төлөмдүн ырасталышы АМСте көрсөтүлөт.
Төлөм ырасталбаган учурда ID-карта жана жалпы жарандык паспорт жекелештирилбейт, ал эми электрондук анкета-арыз кабыл алынган жок деп саналат жана АМСтен алып салынат.
ID-карта жана жалпы жарандык паспорт чет өлкөлүк мекемелер аркылуу таризделген учурда консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча каражаттар алынат.
12. 16 жашка толгон арыз ээси ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди бир убакта берүүгө укуктуу.
Арыз ээси 34 барактуу же 50 барактуу жалпы жарандык паспортту тандоого укуктуу.
13. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн жеке идентификациялык номердин болушу милдеттүү шарт болуп саналат.
14. Көрүүсү начар адамдар ID-картаны алууга документтерди берүүдө ID-картага Брайл шрифти менен тактилдик текст түшүрүү жөнүндө каалоосун билдире алат.
15. Жекелештирилген ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жеткирүү чапталган конвертте атайын/почта байланыш каналдары аркылуу, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
16. Чиптеги маалыматтарды окууга мүмкүн эместик ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жараксыз деп таануу үчүн негиз болбойт.
17. Таап алынган ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, ведомстволук мекемеге, аймактык бөлүмдөргө, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - чет өлкөдөгү мекемелерге өткөрүп берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кыргыз Республикасынын жарандары никеге турууда же аны бузууда жубайлардын фамилиясын өзгөртүү; фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү учурлары келип чыккан күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен аймактык бөлүмдөргө кайрылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) анкета-арызды толтурууда жаран каалоосу боюнча "Фамилиясы" жана "Аты" графаларында фамилиясын жана атын кыргыз жана орус тилдеринин белгилеринин транслитерация эрежелеринен айырмаланган англис алфавитинин тамгалары менен жазууну көрсөтүүгө укуктуу.
2-глава. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
20. 16 жашка толгон адамды алгачкы документтештирүүдө:
1) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү болбогондо же болбосо 16 жашка толгон адамдын жалпы жарандык паспорту же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду;
3) ID-картаны берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жактар үчүн;
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
21. 18 жашка толгондо жана андан улуу куракта (адам өз убагында документтештирилбеген учурда):
1) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же арыз ээсинин жалпы жарандык паспорту (болсо);
22. ID-картаны алмаштырууда:
1) колдонуу мөөнөтү аяктаганда же каалоосу боюнча -алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта;
2) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө же ката жазылган жазуулар аныкталгандыгына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо;
3) ID-карта бузулган учурда - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган ID-карта.
4) улуту өзгөргөн учурда:
– алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта;
– ар башка улуттагы ата-энесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
– улутун өзгөртүү тууралуу аймактык бөлүмдүн корутундусу. Улутту өзгөртүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
23. ID-карта жоголгондо - арыз ээсинин жоголгон ID-картанын ордуна ID-карта берүү жөнүндө арызы.
24. 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырган учурда:
1) 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырганда же бузулганда:
- алмаштырылууга тийиш болгон паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо.
Мында аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкери аймактык бөлүмдө сакталуучу № 1 форманы сканерлейт. № 1 форма жок болгон учурда ID-карта менен документтештирүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
2) 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жоголгон учурда:
- арыз ээсинин жоголгон ID-картанын ордуна ID-карта берүү жөнүндө арызы;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо.
Мында аймактык бөлүмдүн кызматкери аймактык бөлүмдө сакталуучу № 1 форманы сканерлейт. № 1 форма жок болгон учурда ID-карта менен документтештирүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
1) чет өлкөлүк жарандын чет өлкөлүк паспорттун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусуна байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
2) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга байланыштуу:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына алуу жөнүндө маалымкат - КБМРде маалыматтар болбогондо;
3) жарандыгы жок адамдын документинин негизинде жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусуна байланыштуу:
- жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына алуу жөнүндө маалымкат - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалыматтар болбогондо.
Этностук кыргыздар болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар анкета-арызда фамилиясын, атын, атасынын атын кыргыз тилинде айтылышына ылайык көрсөтүүгө укуктуу.
26. Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганда, эгерде арыз ээси мурда ID-карта же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген учурда:
1) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотуу жөнүндө маалымкат;
2) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду.
27. Жарандар жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөгөндө:
1) түзөтүү мекемесинин администрациясынын ID-карта берүү жөнүндө өтүнүч каты;
2) жарандарды документтештирүү талап кылынган учурларга жараша ушул Нускаманын 21-25-пункттарында аталган документтер.
28. Жарандар шектүү, айыпталуучу катары камакта кармоо жайларында болгондо:
1) жарандардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүч каты;
2) жарандарды документтештирүү талап кылынган учурларга жараша ушул Нускаманын 21-25-пункттарында аталган документтер.
29. Чет өлкөлүк мекемелерде ID-карталарды тариздөө үчүн ушул Нускаманын 21, 24-28-пункттарын кошпогондо, 20, 22, 23-пункттарында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтер берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги
30. 16 жашка толо элек адам үчүн:
1) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо же баланын жалпы жарандык паспорту (бар болсо) – КБМРде маалыматтар болбогондо же 16 жашка чыга элек баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө аймактык бөлүмдүн корутундусу;
3) 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүч каты.
Эгерде ата-энесинин бири мындай өтүнүч катты бере албаса жана документтерди тариздөөдө катыша албаса, 16 жашка толо элек жаранга жалпы жарандык паспортту алууга ата-энесинин (КБМРде маалыматтары болбогондо) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.
Эгерде ата-энеси мындай өтүнүчтү бере албаса жана документтерди тариздөөдө катыша албаса, 16 жашка толо элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана алууга алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ишеним кат (КБМРде маалыматтар болбогондо) берилет.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин/ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн атынан өтүнүч катты тариздөөгө (КБМРде маалыматтар болбогондо) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жол берилет, мында өкүлдүн жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн арызды берүүгө ишеним кат боюнча ыйгарым укуктары атайын каралган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
31. 16 жашка толгон адамды алгачкы документтештирүүдө:
1) ID-карта же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору же арыз ээсинин ID-картасы – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо же арыз ээси ID-карта менен документтештирилбесе – арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
1) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда же каалоосу боюнча - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
2) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто ката жазылган жазуулар табылганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо - ушул абзацта көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда мурда берилген паспорттун № 1 формасы;
3) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРде маалыматтар болбогондо) мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет.
33. Арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо - арыз ээсинин экинчи жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арызы, анда экинчи жалпы жарандык паспортту алуунун себептери көрсөтүлөт.
34. Жалпы жарандык паспорт жоголгондо - арыз ээсинин жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жалпы жарандык паспорт берүү жөнүндө арызы;
35. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
1) чет өлкөлүк жарандын чет өлкөлүк паспорттун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда:
- чет өлкөлүк паспорт;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк (никеге турганда, бузулганда), жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
2) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандыгына байланыштуу:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар жок болгондо;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат - КБМРде маалыматтар жок болгондо;
3) жарандыгы жок адамдын документинин негизинде жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандыгына байланыштуу:
- жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар жок болгондо;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат - КБМРде маалыматтар жок болгондо;
- туулгандыгы тууралуу же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузулганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалыматтар жок болгондо.
4-глава. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
36. ID-картаны же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө аймактык бөлүмдүн же болбосо чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан документтерди кабыл алуу жана анкета-арызды толтуруу ушул Нускаманын 2-3-главаларында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык берилген документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Берилген документтерде оңдоолордун жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган учурда аймактык бөлүмдүн документтерди кабыл алуучу кызматкери бул тууралуу аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда үч нускада акт түзүлөт, анын бири бир жумуш күндүн ичинде аймактык бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - аймактык бөлүмдө калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолордун жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет.
Чет өлкөдөгү мекеменин документтерди кабыл алуучу кызматкери берилген документтерде оңдоолордун жана жасалмалоонун белгилери аныкталган учурда, бир күндүк мөөнөттө бул тууралуу чет өлкөдөгү мекеменин жетекчилигине билдирет, 3 нускада акт түзөт, анын бири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүү үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет, экинчи нускасы чет өлкөдөгү мекемеде эки жыл бою сакталат, үчүнчүсү документтин ээсине берилет.
Документтештирүү маселеси укук коргоо органдарынын акыркы чечими чыгарылгандан кийин чечилет.
Укук коргоо органдары бир айлык мөөнөттө аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын же болбосо чет өлкөдөгү мекеменин билдирүүсүн кароо баскычы жөнүндө кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Анкета-арызды толтурууда аймактык бөлүмдүн, ошондой эле чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) жаранды КБМРде идентификациялык жеке номеринин (мындан ары - ИЖН) негизинде идентификациялоо, анын ичинде анын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештигин текшерүү, каттоо эсебин текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРдеги биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү;
2) АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө - КБМРде маалыматтар жок болгондо. Документтердин туп нускалары арыз ээсине кайтарылып берилүүгө тийиш;
3) арыз ээсинен анкета-арызга киргизилип жаткан маалыматтардын тууралыгын тактоо. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, анкета-арызга арыз ээси өз колу менен коюлуучу электрондук колтамга алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коёт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өз колу менен коюлуучу колтамгасынын ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өз колу менен коюлуучу колтамгасын коюуга мүмкүндүк бербеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын өз колу менен коюлуучу колтамгасынын ордуна аймактык бөлүмдүн кызматкери чийип коёт же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасы коюлат. Ошол эле учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгы нотариус тарабынан берилген күбөлүк менен ырасталат;
4) 16 жашка толо элек адамдарды кошпогондо, биометриялык маалыматтар базасы боюнча салыштырып текшерүү үчүн эки колунун С00мөй манжаларынын папиллярдык издерин сканерлөө. Ошол эле учурда арыз ээсинин колдорунда сөөмөй манжалары (манжасы) жок болсо, колдорунда болгон манжаларынын издерин сканерлөө. Биометриялык маалыматтар базасында колдорунун манжаларынын издери жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдорунун манжаларынын издерин алуу жүргүзүлөт;
5) арыз ээсинин бетин сүрөткө тартуу.
Аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери арыз ээсине документтерин кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Арыз ээсинде ИЖН жок болгон жана/же эки же андан ашык ИЖН болгон учурда, аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык ИЖНди ыйгарууга жана/же өзгөртүүгө арыздарды кабыл алат.
Арыз ээсине ИЖН ыйгарылгандан жана/же өзгөртүлгөндөн кийин аймактык бөлүмдүн кызматкерлери жалпы жарандык паспортту жана ID-картаны тариздөөгө жана жекелештирүүгө документтерди кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Сүрөткө тартуу санариптик фотоаппарат менен төмөнкү талаптарды эске алып жүргүзүлөт:
1) сүрөткө тартылып жаткан адамдын бети жана ийиндери фотоаппараттын объективине карата фронталдык абалда болот. Башты фронталдык абалдан каалаган багытка 5 градуска чейин бурууга жол берилет;
2) бетинин көрүнүшү нейтралдуу болушу керек, каштары нейтралдуу абалда болушу керек, көз карашы фотоаппараттын объективине түз багытталышы керек. Көз карашын фотоаппараттын объективинен башка тарапка (оңго же солго) бир аз бурууга, ошондой эле кичине жылмаюуга жол берилет;
3) сүрөткө беттин тегерегин жаппаган жана башка кыналып тыгыз салынган аялдардын жоолугун кошпогондо, баш кийимсиз тартылат;
4) арыз ээси оптикалык көз айнек менен сүрөткө түшкөн учурда, көз айнегинин алкагы көздү жаап калбашы керек, ал эми көз айнек чагылышпоого тийиш. Көрүүсү начар адамдарга күңүрт линзалары бар көз айнек менен сүрөткө түшүүгө жол берилет;
5) кийими күндөлүк же кеңсе кийимдери болушу мүмкүн.
40. Аймактык бөлүмдүн же болбосо чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери ЭК аркылуу текшерген жана кол койгон анкета-арыз сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу жекелештирүү борборуна жиберилет.
ЭКны колдонуу электрондук документтин аныктыгын, анын таандыктыгын жана анкета-арыздын мазмунунун өзгөрүлбөстүгүн ырастайт.
Эгерде ID-картасын жана/же жалпы жарандык паспортун жоготкондугу жөнүндө арыз берген жаран анкета-арызды тариздегенден кийин аны тапса, арыз ээси тапкан ID-картасын жана/же жалпы жарандык паспортун аймактык бөлүмгө же болбосо чет өлкөдөгү мекемеге тапшырууга милдеттүү.
Жекелештирүү борборуна анкета-арыз жана сканерленген документтер келип түшкөндө анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын КБМРде жана сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга шайкештигин кошумча текшерүү жүргүзүлөт.
Анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын КБМРде жана сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш эместиги аныкталган учурда, даярдоочу ишкана анкета-арызды жана сканерленген документтерди аймактык бөлүмгө же чет өлкөдөгү мекемеге кайтарып берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
41. ID-картаны жалпы тартипте жекелештирүү жана берүү акы төлөнгөн датадан тартып 12 (он эки) жумуш күндүн ичинде жана жалпы жарандык паспортту - 18 (он сегиз) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
16 жашка толо элек адамдарга жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана берүү 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жекелештирүү борбору жекелешитирилген жалпы жарандык паспортту жана/же ID-картаны жекелештирет жана почта/фельдъегердик байланыш аркылуу чет өлкөдөгү мекемеден документтерди алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган дипломатиялык почта аркылуу жекелештирилген ID-карталарды жана/же жалпы жарандык паспортторду анкета-арыз келип түшкөн чет өлкөдөгү мекемелерге жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
42. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү акы төлөнүүчү негизде шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- 8 жумуш күнү - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 4 жумуш күнү - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 2 жумуш күнү - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 3 жумуш сааты - "үч жумуш сааты" мөөнөттүүлүк даражасында.
Паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш түрдө акы төлөнүүчү негизде жекелештирүүгө документтерди кабыл алууну жүргүзүүчү аймактык бөлүмдөрдүн тизмеги калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
43. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жалпы же шашылыш түрдө алууга (алмаштырууга) документтерди берүүдө арыз ээси ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү мөөнөтүн акы төлөнүүчү негизде кыскартуу тарабына өзгөртүүгө укуктуу.
Ошол эле учурда ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту шашылыш жекелештирүү үчүн төлөм мурда төлөнгөн сумманы чыгарып салуу менен алынат.
Бул учурда арыз ээси аймактык бөлүмгө төмөнкү документтерди берет:
- ID-картаны же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү тездетүү жана берүү жөнүндө жеке арызын;
- ID-картаны же жалпы жарандык паспортту шашылыш жекелештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны.
44. Арыз ээси ID-картаны жана/же жалпы жарандык паспортту алмаштырууга Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу документтерди бере алат. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 668 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Жекелештирилген ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү
45. ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин өзүнө же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө же мурда берилген арызда көрсөтүлгөн жаранга берилет.
Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда ал төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- анын ким экендигин ырастоочу документти;
– мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти же мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты (КБМРде маалыматтар болбогондо).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Жаранга ID-картаны жана/же жалпы жарандык паспортту берүүдө аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) алуучу ID-карта же жалпы жарандык паспорт жекелештирилген адам экендигине ынанууга;
2) алуучуга ID-картага жана/же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого;
3) экинчи жалпы жарандык паспорт берилген учурларды кошпогондо, алмаштырылууга тийиш болгон паспортту алып коюуга, аны ушул Нускамада белгиленген тартипте жараксыз абалга келтирүүгө.
Эгерде арыз ээси алынууга тийиш болгон паспортту жоготкондугуна байланыштуу алмаштырылууга тийиш болгон паспортту алууга мүмкүн болбогон учурда, жекелештирилген ID-карта же жалпы жарандык паспорт арыз ээси тарабынан аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин атына АМС аркылуу жекелештирилген ID-картаны же жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууну бергенден кийин арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет, анда алынууга тийиш болгон паспорт качан жана кандай жагдайларда жоголгондугун баяндайт;
4) паспорттун чибин активдештирүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Жекелештирилген ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээси көрсөткөн дарек боюнча жеткирилген учурда жана аны арыз ээсине бергенге чейин жеткирүүгө жооптуу адам арыз ээсин идентификациялайт. Арыз ээсин идентификациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) паспортту алмаштырганда - арыз ээсинин сүрөтүн эски үлгүдөгү паспорту менен салыштыруу аркылуу;
2) 16 жашка толгондо же паспорт жоголгондо/жараксыз болгондо - жекелештирилген ID-картанын жана/же жалпы жарандык паспорттун сүрөттөрүн салыштыруу аркылуу. Арыз ээси жекелештирилген ID-картанын жана/же жалпы жарандык паспорттун сүрөтү менен шайкеш келбеген учурда, арыз ээсине ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт берилбейт. Андан ары ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын почта байланышы бөлүмдөрүндө ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт жекелештирилген арыз ээсине берилет.
48. ID-картада же жалпы жарандык паспортто заводдук жараксыздык (механикалык бузулуулар, анын ичинде чипти окууга мүмкүн болбосо) аныкталган учурда арыз ээсине паспортту берүүдө 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы ID-карта жана/же жалпы жарандык паспорт жана анкета-арыз менен бирге жекелештирүү борборуна кайра жекелештирүүгө жөнөтүлөт. Актынын экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча аймактык бөлүмдө же болбосо чет өлкөлүк мекемеде калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. ID-картаны же жалпы жарандык паспортту кайра жекелештирүү 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Кайра жекелештирилген ID-карта же жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин түзүлгөн аймактык бөлүмдөгү актылар жок кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Талап кылынбаган ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор аймактык бөлүмдөрдө жекелештирилген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин, чет өлкөлүк мекемелерде 1 жыл өткөндөн кийин АМСте "жараксыз" статусуна которулат.
Талап кылынбаган паспорттор аймактык бөлүм тарабынан жараксыз абалга келтирилет жана ушул Нускаманын 7-главасында белгиленген тартипте аларды андан ары жок кылуу үчүн ведомстволук мекемеге берилет.
Чет өлкөлүк мекемелерде талап кылынбаган паспорттор АМСте "жараксыз" статусунун негизинде жараксыз абалга келтирилет жана тиешелүү актыны тиркөө менен тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган талап кылынбаган паспортторду ушул Нускаманын 7-главасында белгиленген тартипте аларды андан ары жок кылуу үчүн ведомстволук мекемеге жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 668, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
50. Маданияттын, билим берүүнүн, илимдин жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушун өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлердин, ошондой эле маданият ишмерлеринин мындан ары колдонууга жараксыз абалга келген ID-карталары же жалпы жарандык паспорттору арыз ээсинин же анын жакын туугандарынын каалоосу менен Кыргыз Республикасынын архив фондуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
51. Жок кылынууга тийиш болгон, талап кылынбаган, жараксыз ID-карталар же жалпы жарандык паспорттор ведомстволук мекемеге жок кылуу үчүн жөнөтүлгөнгө чейин алардын ишенимдүү сакталышын камсыз кылуучу аймактык бөлүм тарабынан аларды эсепке алуу жана сактоо уюштурулат. Аталган паспортторду сактоо тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Жарактуу жана жараксыз паспортторду эсепке алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картанын чибине өзгөртүүлөрдү киргизүү
53. Кыргыз Республикасынын жарандары үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери боюнча каттоосу өзгөргөн учурда, ID-картанын чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
54. ID-картанын чибине өзгөртүүлөр жарандын катышуусунда, КБМРде камтылган маалыматтардын негизинде киргизилет.
КБМРде тиешелүү маалыматтар жок болсо, жаран ырастоочу документтерди берет, алардын негизинде аймактык бөлүмдүн кызматкери кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картанын чибине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен КБМРге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
7-глава. Улуттук паспортторду жок кылуу тартиби
55. Аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан алынып коюлган паспорттор төмөнкүдөй жолдор менен жараксыз абалга келтирилет:
- тешүү үчүн ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту механикалык түзүлүш менен тешүү. Ошол эле учурда паспорттун машина окуй турган зонасындагы маалыматтар аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин тиешелүү электрондук журналына киргизилет;
- 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун 1-барагынын номерин кесип алуу, 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун калган барактары тешүү үчүн механикалык түзүлүш менен тешилет, ошол эле учурда паспорттун кесилип алынган номери аймактык бөлүмдүн тиешелүү журналына чапталат.
Чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери жараксыз абалга келтирилген, алынып коюлган жалпы жарандык паспортторду жана/же ID-картаны дипломатиялык почта аркылуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жараксыз абалга келтирилген жалпы жарандык паспортторду жана/же ID-картаны андан ары жок кылуу үчүн фельдъегердик байланыш аркылуу ведомстволук мекемеге жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Жараксыз абалга келтирилген паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук мекеменин кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынат. 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин катышуусунда жок кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирилген ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү үчүн жоопкерчилик
57. Арыз ээси берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жооптуу болот.
58. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жана жаран берген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн документтерди кабыл алган жана анкета-арызды тариздеген чет өлкөдөгү мекеменин, аймактык бөлүмдүн кызматкери кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Акы төлөнүүчү негизде шашылыш түрдө таризделген ID-картаны же жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана берүү мөөнөттөрү бузулган учурда, форс-мажордук кырдаалдарды жана алуучу өзү келбеген учурларды кошпогондо, жаранга же анын мыйзамдуу өкүлүнө шашылыш тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акынын 100 пайызы өлчөмүндө акчалай сумма кайтарып берилет. Алуучуга акча каражаттары ID-картаны же жалпы жарандык паспортту берүү менен бир убакта чогуу кайтарып берилет. ID-картаны же жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана берүү мөөнөтүн бузуу фактылары бузуу фактыларын эсепке алуу журналында белгиленет.