ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 «Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 2-сентябры № 161

Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнү оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун 9-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- укук коргоо органдарынын акыркы чечиминин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 7-пунктундагы:

"а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби;";

"б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби.".

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

У. Марипов