Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 3-апрели ПЖ № 89

Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө

(КР Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 39 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Жылуулукту иштеп чыгуучу жана жылуулук менен жабдуучу ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана ишин оптималдаштыруу, "Электр станциялары" ачык акционердик коомун кайчылаш субсидиялоону болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды иштеген жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине андан ары өткөрүп берүү үчүн жылуулук менен жабдуунун тиешелүү объекттерин алардын балансына өткөрүп берип, мамлекеттик ишканаларды бөлүү жана түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын кайра уюштурсун;

- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалдары: Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлору, "Бишкекжылуулуктармагы" жылуулук менен жабдуучу объекттерин алардын базасында муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына өткөрүп берсин;

- Жарлыктын ушул пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн жылуулук менен жабдуучу объекттерди тиешелүү мүлктүк комплекстери (активдери), штаттары, каржылоосу жана милдеттенмелери менен өткөрүп берсин;

- 2033-жылга чейин жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- калкты жылуулук менен жабдуу боюнча маселелерди чечүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына киргизүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 39 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров