Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-апрели № 192-т
Тышкы соода ишинин катышуучулары, товарларды өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана макулдашылган мамлекеттик тышкы соода саясатын жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Соодада бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды колдонуу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук башталышта ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Соодада бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды колдонуу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин соода саясаты жана ЕАЭБ маселелерин координациялаган орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин материалдык-техникалык жана экономикалык камсыздоо боюнча орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти;
жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын кызматкери, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.
Эскертүү: кызмат орду боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен же ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберилет.
Ведомстволор аралык комиссиянын ишине катышуу үчүн жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер каралуучу маселеге жараша ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы/төрагасынын орун басары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан жекече аныкталат.
Бул өкүлдөр анын ичинде ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн, ошондой эле ведомстволор аралык комиссиянын кароосу үчүн маселелерди демилгелеген мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде аныкталат.
Жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер ведомстволор аралык комиссиянын ишине добуш берүү укугу менен катышат.