Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 192-т тескемесине) |
Соодада бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды колдонуу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо соодада бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды колдонуу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин регламентин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 45 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташып келүү бажы алымдарынын (анын ичинде сезондук) ставкаларын, тарифтик квоталарды, тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын жана шарттарын белгилөө жөнүндө сунуштарын киргизүүнүн тартибин жана Евразия экономикалык бирлигинин башка актыларын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарын уюштуруучулук даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги камсыз кылат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдети
5. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди сактоо менен макулдашылган мамлекеттик тышкы соода саясатын жүргүзүү аркылуу тышкы соода ишинин катышуучулары, товарларды өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын милдети Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен соодада бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктары жана укуктары
7. Ведомстволор аралык комиссия:
- соодада бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды колдонуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын, Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын ченемдик укуктук актыларынын, эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун карайт жана жыйынтыгы боюнча сунуштоочу мүнөзүндөгү чечимдерди кабыл алат;
- зарылдыкка жараша Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине маселени андан ары иштеп чыгуу үчүн тиешелүү талдоолордун, маалыматтардын жана кайрылуулардын негизинде бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын, коргоо жана башка чараларды киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
8. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан, кызмат адамдарынан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого;
- зарылдыкка жараша мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук башталышта ишке тартууга;
- ведомстволор аралык комиссиянын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
9. Ведомстволор аралык комиссия ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын төрага алып барат. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жыйналыштарды өткөрүү датасын, убактысын жана жерин аныктайт, жыйналыштарга төрагалык кылат, ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдердин ишке ашырылышын жалпы контролдойт.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалат жана ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүүгө чейин беш жумуш күн мурда берилет.
13. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы ага мүчөлөрдүн жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси катышканда укуктуу деп эсептелет.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жыйналыштарга жеке катышууга милдеттүү. Төмөнкү учурларда:
- ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсүнүн жыйналышка катышуусу мүмкүн болбогондо өзүнүн ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдын өкүлүнө өткөрүп берет жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине алдын ала тиешелүү кат жөнөтөт;
- ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсүнүн күндүзгү форматтагы жыйналышка катышуусу мүмкүн болбогондо видео-конференц-байланыш режиминде катышууга жол берилет.
15. Маселелерди талкуулоо ачык формада жүргүзүлөт. Чечимдер ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында катышкандардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда ведомстволор аралык комиссиянын төрагалык кылуучусунун добушу аныктоочу болуп саналат.
16. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде сунуштоочу мүнөзгө ээ чечимдерди кабыл алат жана жыйналыштын протоколу түрүндө таризделет. Жыйналыштын протоколу ведомстволор аралык комиссиянын катчысы тарабынан жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде таризделет, ведомстволор аралык комиссиянын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлат.
17. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү же алардан көчүрмөлөр Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.
18. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кароонун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүндө айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет жана өзгөчө пикирин билдирген ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү (мүчөлөрү) тарабынан өзүнчө жазуу жүзүндө берилет жана протоколго тиркелет.