Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-апрели № 1993-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Толонов Чынберди Толонович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын.
1. "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Осмонов Айбек Жапарович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын;
2. Толонов Чынберди Толонович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясына жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Шакиев |