Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-февралы № 47-VII
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 123-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII, 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 653-VII, 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1497-VII, 2024-жылдын 28-февралындагы № 1910-VII, 2024-жылдын 13-мартындагы № 1944-VII, 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1993-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна катышкан мамлекеттердин ортосунда парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;
Алимжанова Нилуфар Якубжановна;
Улугбек Зулпукарович Ормонов;
Эльмурза Ракиевич Сатыбалдиев;
Жеңишбек Шермаматович Токторбаев;
Алишер Ташбаевич Эрбаев.
2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:
коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Эльмурза Ракиевич Сатыбалдиев, Алишер Ташбаевич Эрбаев;
саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга - Эмил Эрикович Жамгырчиев, Улугбек Зулпукарович Ормонов;
социалдык-экономикалык маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга - Жеңишбек Шермаматович Токторбаев.
3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
|
У.Примов |