Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-апрели № 215
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жободо:
- 6-пункттун экинчи абзацы "сатууга" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталуучу учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3588) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |