Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана
бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251, 2020-жылдын 24-августундагы № 433, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасына келип түшүүчү гуманитардык жардамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт. Гуманитардык жардам алуучу юридикалык жана жеке жактар, эл аралык уюмдар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген гуманитардык жардам жөнүндөгү эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алышат.
2. Мамлекеттик материалдык резервди башкарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу тартибин жана бөлүштүрүүнү эсепке алууну координациялоону Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
21. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана тиешелүү чектөө грифи бар башка аскердик түзүлүштөрдүн дарегине келип түшүүчү жардамды кошпогондо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жүктүн гуманитардык мүнөзү жөнүндө корутундуну алган гуманитардык жардамды алуучуларды каттоо Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасында (СЖКМС) жүргүзүлөт жана алар алган гуманитардык жардам тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамдарга калктын жашоо жана турмуш шарттарын, эс алуу, маданий агартуу жана физикалык ден соолугун жакшыртуу, ошондой эле жаратылыш, биология-социалдык, чыр-чатак, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, башка мүлк түрүндө аларды андан ары керектөө жана (же) акысыз бөлүштүрүү, ошондой эле калктын муктаждыктарын канааттандыруу шартында акысыз берилүүчү активдер;
гуманитардык жардамды жиберүүчү (донор) - чет мамлекеттер, алардын органдары, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер, чет өлкөлүк жарандар (жеке адамдар) жана эл аралык уюмдар;
алуучу - дарегине келген гуманитардык жардамды андан ары бөлүштүргөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жеке адамдары, эл аралык донор уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары;
керектөөчү - гуманитардык жардамды түздөн түз пайдалануучулар болуп саналган Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн гуманитардык жардам керектөөчүгө берилгенге чейин донордун менчиги болуп эсептелет.
5. Гуманитардык жардамга карата бажы операциялары Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүчү гуманитардык мүнөздөгү жүктөр, ошондой эле гуманитардык жүктөрдү жеткирүүчү транспорт каражаттары товарды чыгарууга байланышкан аракеттер үчүн салык төлөөдөн, бажы алымдарынан жана жыйымдарынан бошотулат.
Гуманитардык жардамды (толук же жарым-жартылай) сатууга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталуучу учурларды кошпогондо, тыюу салынат. Мамлекеттик материалдык резервди башкарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга максаттуу багытта келип түшкөн гуманитардык жардам "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Гуманитардык жүк сапаттын эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.
Гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасына келип түшүүчү жүктөрдүн гуманитардык мүнөзүн эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган корутунду (чечим) формасында аныктайт. Гуманитардык жүктүн мүнөзү жөнүндө корутунду эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же ушул чөйрөнү тескөөчү орун басарынын колу менен берилет.
8. Гуманитардык жардамдын түрлөрүнө Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 329 чечими менен бекитилген, аларга карата атайын бажы жол-жобосу, аларды ушундай бажы жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары белгиленген товарлардын категориясынын тизмесинде каралган, донордун тартуулоосуна тийиштүү сертификат менен тастыкталган товарлар кирген. Донордун (жеке адамдын) тартуулоосунун сертификаты нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Алкоголдук, тамеки продукцияларын, кымбат баалуу металлдарды, кымбат баалуу таштарды жана алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле конституциялык түзүлүштү, диний келишпөөчүлүктү, коомдук адеп-ахлактык түзүлүштөрдү өзгөртүүгө чакырыктар камтылган диний мүнөздөгү адабияттарды гуманитардык жардам катары ташып келүүгө тыюу салынат.
Диний мүнөздөгү адабияттарды ташып келүү диний иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
2. Гуманитардык жардамды кабыл алуу тартиби
9. Жүктүн гуманитардык мүнөзүн аныктоо үчүн гуманитардык жардам алуучулар алардын ведомстволук таандык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
а) уюмдун (юридикалык жактар үчүн) уставынын (жобонун) көчүрмөсүн;
б) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн (юридикалык жактар үчүн) көчүрмөсүн;
в) донордун тартуулоосунун сертификаты (түп нуска);
г) гуманитардык жардам алууга негиз болгон документтер (мамлекеттик же расмий тилге которулган транспорттук коштомо кагаздары, инвойс/эсеп-фактурасы, сапаттын/шайкештиктин сертификаты);
д) гуманитардык жүктүн максаттуу пайдаланышын тастыктаган алуучунун кепилдик-каты;
е) алынган гуманитардык жүктү пайдалануу программасы же бөлүштүрүү планы.
Келип түшкөн гуманитардык жүккө карата пайдалануунун программасы же бөлүштүрүү планы болбогон учурда алуучу тарабынан эмгек жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына гуманитардык жүк катары ташылып келген товарларга бажылык операцияларды жүргүзүү үчүн бажы органына төмөндөгү документтер тапшырылат:
- эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү корутундусу (чечими - түп нускада);
- товарларга карата декларация;
- документтер, анын ичинде товардын кайтарымсыз берилген фактысын тастыктаган чет тилдеринде түзүлгөн документ;
- товарды калктын аз камсыз болгон катмарына, аскер кызматкерлеринин жана аларга теңештирилген адамдардын жашоо-турмушун жана тиричилигин жакшыртуу үчүн гана максаттуу түрдө колдоно тургандыгы жөнүндө алуучунун милдеттенмеси;
- транспорттук жана товарды-коштоочу документтер;
- эгер ташылып келген товарлар (ветеринардык, фитосанитардык, экологиялык) контролдонууга тийиш болгон учурда мамлекеттик башка органдар тарабынан контроль жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документтер.
11. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген коопсуздукка ылайыктуулугун ырастоочу/каттын негизинде медициналык багыттагы гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жол берилет.
Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоочу/катын алуу үчүн төмөндөгүдөй документтер тапшырылат:
- эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү корутундусу (чечими);
- транспорттук жана товар коштоочу документтердин көчүрмөсү;
- гуманитардык жардамды алуучунун ташып келүүнү жактыруу арызы;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын комиссиясы тарабынан мурда макулдашылган жана бекитилген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча донордун планы;
- дары каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдарды чыгарган өлкөдө жана донор өлкөдө катталгандыгын ырастоочу, компетенттүү орган берген документ;
- ташып келүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар өндүрүүчү өлкөнүн дары каражаттары, медициналык багыттагы буюмдары сапаттын мамлекеттик стандартына ылайык белгиленген тартипте өндүрүлгөндүгүн, ташылып келинүүчү дары каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын ушул партиясынын (сериясынын) сапатын жана коопсуздугун ырастоочу өндүрүүчүнүн сертификаты;
- компетенттүү орган тарабынан берилген чыгаруу сертификатынын көчүрмөсү;
- аталышы (соода жана эл аралык патенттелбеген), өндүрүүчү, даярдоочу өлкө, чыгарылган формасы, саны, жарактуулук мөөнөтү жана ташылып келүүчү дары каражаттарынын наркы (көчүрмө) көрсөтүлгөн спецификациянын (таңгактоо барагы) көчүрмөсү.
12. Кайрымдуулук БУУ тарабынан өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу үчүн сунушталган өзгөчө жардамдардын предметинин тизмесине кирген шартта өзгөчө кырдаалдарда гуманитардык жардам алдын ала макулдашуусуз көрсөтүлөт.
121. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда, ошондой эле өзгөчө окуялар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүктүн гуманитардык мүнөзү жөнүндө корутунду берүүсү ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген документтердин тизмегиндеги жүккө болгон коштоочу документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251, 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Гуманитардык жардамдарды алуучу тарабынан кабыл алуу эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн (тандалган түрдө) жана донор тарабынан ыйгарым укук берилген башка кызыкдар адамдардын катышуусу менен ишке ашырылат.
4. Гуманитардык, анын ичинде медициналык багыттагы жардамды бөлүштүрүү тартиби
14. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү гуманитардык жүктү пайдалануу боюнча донордун программасынын шарттарына ылайык катуу тартипте жүргүзүлөт.
15. Керектөөчүлөр гуманитардык жардамды донорлордон түздөн-түз, ошондой эле алуучулар аркылуу да алышат.
16. Донор тарабынан гуманитардык жардам конкреттүү жеке адамга берилген учурда гуманитардык жардамдын жүгү адресатка өткөрүлүп берилет жана андан ары анын пайдаланылышына контроль жүргүзүлбөйт.
17. Юридикалык жакка келип түшкөн гуманитардык жардам адресатка берилет жана анын максаттуу пайдаланышы мамлекеттик көзөмөлдөө кызматтары тарабынан контролдонууга тийиш.
18. Кыргыз Республикасына жардам көрсөтүү үчүн юридикалык жактын дарегине келип түшкөн гуманитардык жардам, (Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрү, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн түшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо), донор тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын катуу контролунун алдында, министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий жана билим берүү уюмдары, менчигинин түрүнө карабастан коомдук фонддор, өкмөттүк эмес уюмдар жана кайрымдуулук фонддору боюнча бөлүштүрүлөт.
181. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун гуманитардык жардамды бөлүштүрүүсү дарегине гуманитардык жардам келип түшкөн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун Коомдук кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт (өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы, ошондой эле өзгөчө окуялар болгон учурлардагы улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо).
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
182. Дарегине гуманитардык жардам келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана билим берүү уюмдарынын гуманитардык жардамды бөлүштүрүүсү коммерциялык эмес уюмдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Донорлорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине ылайык Кыргыз Республикасына дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы жеткирүү сунушталат.
20. Медициналык багыттагы гуманитардык жардам саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамга болгон муктаждыкты, анын аталыштарын жана берилүүчү гуманитардык жардамдын санын эске алуу менен бөлүштүрүү планын алдын ала макулдашылгандан жана бекитилгенден кийин донорлор тарабынан көрсөтүлөт.
21. Гуманитардык дары-дармек каражаттары, даректүү жардамды кошпогондо, келип түшкөн учурда калган жарамдуулук мөөнөтү бир, жылдан кем болбошу керек. Жарамдуулук мөөнөтү бир жыл же бир жылдан кем болгон сывороткалардын жана вакциналардын жарамдуулук мөөнөтүнүн калганы элүү пайыздан кем болбошу керек. Бул талаптар жарамдуулук мөөнөтү боюнча талаптар коюлбаган медициналык багыттагы буюмдарга колдонулбайт.
Гуманитардык жардам линиясы боюнча медициналык багыттагы буюмдарды ташып кирүүдө алуучу тарабынан продукциянын коопсуздугун ырастоочу документтер жана/же медициналык багыттагы буюм жарактуу абалда экендиги жөнүндө кепилдик каты (декларация) тапшырылууга тийиш.
Гуманитардык багыт боюнча келген медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ишке ашырылат.
Мурда колдонулган медициналык багыттагы буюмдарды ташып кирүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жактырылат жана бекитилет.
22. Медициналык багыттагы гуманитардык жардамдын жүктөрүн кабыл алуу саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусунда алуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
23. Мамлекеттик материалдык резерв башкарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамдарды андан ары максаттуу пайдаланышын контролдоону эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
5. Гуманитардык жардам алуу жана бөлүштүрүү үчүн
жоопкерчилик
24. Гуманитардык жардамды алуу, сактоо, туура жана өз убагында бөлүштүрүү (товардын максатка ылайык пайдаланышы), ошондой эле аны керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн донор алдындагы жоопкерчилик гуманитардык жардамды алуучуга жүктөлөт.
Эгерде гуманитардык жардам керектөөчүлөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен бөлүштүрүлсө, анда аны туура жана өз убагында бөлүштүрүү жоопкерчилиги аларга дагы жүктөлөт.
Дары-дармек каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын, медициналык жабдыктардын гуманитардык жардамын кабыл алуу жана бөлүштүрүү, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын жарактуулук мөөнөтү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана гуманитардык жардамды алуучуларга жүктөлөт.
25. Алынган гуманитардык жардамдын саны жана сапаты, ошондой эле эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырылуучу документтердин ырастуулугу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык донорлорго жана гуманитардык жардамды алуучуларга жүктөлөт.
26. Менчигинин түрүнө карабастан гуманитардык жардамды алуучулар тарабынан эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө ар бир кварталдык отчет отчеттук мөөнөттөн кийинки айдын 10чу күнүнө чейин тапшырылат.
Эскерүү: Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген), бөлүмдөрдүн номери мамлекеттик тилдеги кагаз түрүндө ылайык.
|
| Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобого тиркеме |
______________________________________ мезгили үчүн
гуманитардык жардамды алуучулардын отчёт тапшырууларынын
формасы
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу маморгандын корутундусунун № жана датасы | Гуманитардык жардамды алуучу | Бөлүштүрүү | Гуманитардык жардамдын (товардын) аталышы | Өлчөө бирдиги | План боюнча | Иш жүзүндө бөлүштүрүлгөн | __________ калдык/резерв (ӨК үчүн) | |||||||
Гуманитардык жардамды алган уюм | Региону | Дареги | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчисинин аты-жөнү
| колу | |
| Датасы: М.О. |
|
|
|
|
(*) суммасы бажы максаттары үчүн гана донор тарабынан көрсөтүлгөн.