Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 203
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун аныктоо, ишин баалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасынын методикасы (мындан ары - Методика) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары отчеттук жылдан кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун толтурулган унификацияланган формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) отчеттук жылдан кийинки экинчи айдын 5ине чейин Методикага ылайык негизги пландуу жана иш жүзүндөгү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары отчеттук мезгилде ишти баалоонун индикаторлорун аткаруунун иш жүзүндөгү маанилери боюнча отчеттордун тууралыгы, өз убагында берилиши жана сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча отчеттук материалдарга экспертиза жүргүзүүдөн кийин отчеттук жылдан кийинки үчүнчү айдын 1ине чейин Комиссияга жыйынды отчетту берип турсун;
2) Методиканы практикалык колдонууда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарына методикалык көмөк көрсөтсүн;
3) Методиканы практикалык колдонуу боюнча нускамалык материалдарды жана отчеттуулуктун формаларын бекитсин;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ