Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 179
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында товарларга байкоо жүргүзүү механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуучу субъекттер төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, 2024-жылдын 1-июлуна чейин "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулундагы товарлардын, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон товарлардын калдыктарын иш жүзүндөгү калдыктарга ылайык келтирүүгө милдеттүү;
2) товарларды импорттоону жана/же экспорттоону жана/же өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырбаган, соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик төмөнкүлөрдөн бошотулат:
- товарлардын акциздик топторун (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 коддору менен майлоочу майлардан жана башка майлардан тышкары) жана сатууга атайын лицензиялар жана уруксаттар талап кылынган товарларды кошпогондо, "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулундагы товарлардын калдыктарын иш жүзүндөгү калдыктарга ылайык келтирүү милдетинен;
- 2026-жылдын 1-апрелине чейин соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен эсептешүүлөрдө "Эсептен чыгаруу" операциясын аткаруудан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "51-беренесине" деген сөздөр "51, 127-беренелерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.";
3) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Субъект ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү деп белгиленсин:
1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продукттарын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмекке киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;
3) 2024-жылдын 1-июлунан тартып - товарларды калкка сатуу жана/же экспорттоо үчүн Интернет тармагында соода платформасын берүүчү субъект;
4) 2027-жылдын 1-январынан тартып - өздүк өндүрүштөгү товарларды экспорттоодо тигүү жана текстиль өнөр жайы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу субъект;
5) 2023-жылдын 1-январынан тартып - ушул пункттун 1-4-пунктчаларына киргизилбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект.";
4) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Субъект төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу киргизилүүчү датага чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттала алат жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ыктыярдуу тартипте колдоно алат;
2) 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө ушул токтомдун 2-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн субъекттин дарегине "Эсептен чыгаруу" операциясын милдеттүү түрдө аткаруу менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздебестен товарларды жеткирүүгө укуктуу;
3) ушул токтомдун 2-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн өздүк өндүрүштөгү товарларды экспорттоодо мындай товарларды өндүрүүдө пайдаланылуучу товарларды кириштөө операциясын жүргүзүүдөн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө бошотулат.";
5) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулунда камтылган товарлардын номенклатурасынын маалыматтарынан товарлардын каталогун түзсүн.
4. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү субъекттерге эсепке алуу системаларында "Товарлардын каталогу" модулу менен ыйгарылуучу уникалдуу идентификаторду пайдалануу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| |
|
| "1-тиркеме |
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-беренесине, 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулу (мындан ары - ЭТТК модулу) - Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын модулу, ал аркылуу субъект тарабынан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз түзүлөт жана колдонулат;
2) товарларды эсепке алуу кампасы - электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү болгон өндүрүштүк жана соода объекттерин, кампа жайларын, курулуш объекттерин жана субъекттин башка объекттерин (мындан ары - экономикалык иштин объекттери) эсепке алуу үчүн багытталган ЭТТК модулунун бөлүгү;
3) субъектти эсепке алуу системасы - салыктык милдеттенмени аткаруу үчүн жүргүзүлүүчү, баштапкы эсепке алуу документтеринин, бухгалтердик эсептин регистрлеринин маалыматтарын, салык салынуучу объекттер жана/же салык салуу менен байланышкан объекттер жөнүндө маалыматтарды камтыган бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;
4) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча субъект тарабынан таризделүүчү жана түзүлүүчү коштомо документ.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши жок болгон учурда терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде чечмеленет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүү төмөнкү учурларда ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууда;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды экспорттоодо;
3) калкка сатылган товарларды кайтарууну кошпогондо, сатып алуучу тарабынан товарлар кайтарылганда;
4) иштетип алма чийки затты жана аны кайра иштетүү продукттарын өткөрүп берүүдө;
5) жарандык-укуктук келишимдердин негизинде товарларды агенттин атынан сатуу үчүн принципал тарабынан агентке өткөрүп берүүдө;
6) товарларды башка субъекттерге акысыз өткөрүп берүүдө;
7) бир субъекттин чегинде же анын филиалдарынын ортосунда товарларды которуштурууда.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында товарлар төмөнкү учурларда ЭТТКны колдонбостон жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) калк менен эсептешүүдө;
2) өздүк өндүрүштөгү өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба азыктарын жеткирүүдө, мындай азыктарды кайра иштетүү продукттарынан тышкары жана дыйкан (фермердик) чарбасы тарабынан жана алма чийки затты өткөрүп берүүдө;
3) магистралдык өткөргүч түтүк, жылуулук энергиясы жана электр энергиясы объекттери аркылуу ысык, муздак суу жана жаратылыш газын берүүдө;
4) кыймылсыз мүлктү сатууда;
5) Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан курал-жарактарды, аскердик техниканы, аскердик мүлктү, атайын техниканы, атайын каражаттарды жеткирүүдө же импорттоодо/ташып кирүүдө;
6) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды жеткирүүдө же импорттоодо/ташып кирүүдө;
7) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасын, чет өлкөлүк валютаны, башка валюталык баалуулуктарды, баалуу металлдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылуучу алтынды жеткирүүдө же импорттоодо/ташып кирүүдө;
8) электр байланышы оператору тарабынан менчик базалык станцияларын жана байланыш түйүндөрүн эксплуатациялоо (монтаждоо, демонтаждоо жана оңдоо) максатында жабдууларды, комплекттөөчү жана/же запастык бөлүктөрдү жана чыгымдалуучу материалдарды ташууда;
9) мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана/же түзүмдүк бирдиктеринин ортосунда товарларды которуштурууда;
10) товарларды гуманитардык жардам түрүндө берүүдө;
11) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык эркин экономикалык зоналардын субъекти тарабынан эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жеткирүүдө;
12) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо/ташып кирүүдө;
13) чекене сатуу түйүндөрү аркылуу товарларды андан ары керектөө максатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен талондор, карталар, белек сертификаттары аркылуу сатууда, мындай товарларды өндүрүштө керектөөдөн же андан ары сатуудан тышкары;
14) өзгөчө режимдеги бир соода зонасынын аймагынын чегинде өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүлөрдүн ортосунда товарларды сатууда, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында товарларды бир субъекттин чегинде же анын филиалдарынын ортосунда которуштурууда.
5. ЭТТК модулунда иштөө үчүн субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык товарлардын каталогун колдонууга милдеттүү.
6. ЭТТК модулу ЭТТК түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде маалыматты сактоону камсыз кылат.
7. ЭТТК формасы жана аны тариздөөнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
2-глава. ЭТТК модулунда субъектти каттоо жана жокко чыгаруу тартиби
8. Субъектти ЭТТК модулунда каттоо салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүргүзүлөт. Субъекттин анын кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
9. ЭТТК модулунда иштөө үчүн, анын ичинде товарларды сатып алуу/алуу үчүн төмөнкүлөрдү кошпогондо, субъект товарларды эсепке алуу кампасын түзүүгө милдеттүү:
1) ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жакты;
2) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде ишкердик иш жүргүзгөндөрдөн тышкары, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн;
4) соода жана/же өндүрүштүк иш жүргүзгөндөрдөн тышкары, билим берүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык мамлекеттик жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын.
10. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ЭТТК модулунда товарларды эсепке алуу кампасы экономикалык иштин объектинин иш жүзүндө жайгашкан дарегин көрсөтүү менен түзүлөт.
11. ЭТТК модулунда төмөнкүлөргө юридикалык дарегин гана көрсөтүү менен товарларды эсепке алуу кампасын түзүүгө жол берилет:
1) аткаруу, контролдоо функцияларын, анын ичинде мамлекеттик материалдык резерв системасын башкарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, аткаруу бийлигинин коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдарына, ички иштер органдарына алардын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин даректерин көрсөтпөстөн.
12. Экономикалык иш объекти жабылган учурда, субъект ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасын жоюуга милдеттүү. Товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыгы жок болгон шартта ЭТТК модулунда товарларды эсепке алуу кампасы жоюлууга тийиш.
13. Салык органы төмөнкү учурларда субъекттин ЭТТК модулундагы ишин убактылуу токтотуп туруу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу:
1) ушул Тартиптин талаптарын бузганда;
2) товарларды эсепке алуу кампасын түзүүдө ЭТТК модулунда көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарек боюнча субъекттин жана/же экономикалык иш объекти жок болгондо;
3) товарлар ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында болуп, бирок алардын иш жүзүндөгү калдыктары жок болгондо;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте электрондук документтер түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушу токтотулуп турганда.
14. Ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар оңдолгон жана/же ырасталбаган учурда, салык органы ЭТТК модулунда субъекттин ишин кайра калыбына келтирет.
15. ЭТТК модулунда субъекттин каттоосун жокко чыгаруу субъекттин иши токтотулган жана/же субъекттин иши токтотулганга чейин салыктык каттоосу жокко чыгарылган жана/же товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыгы жок болгон шартта салыктык каттоону жокко чыгаруу жол-жобосу башталган учурда жүзөгө ашырылат.
3-глава. ЭТТКны түзүү жана колдонуу
16. Субъект тарабынан ЭТТКны түзүү жана колдонуу үчүн товарлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын каталогуна киргизилиши керек.
17. ЭТТКны тариздөө/алуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) ЭТТК модулу;
2) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ЭТТК модулу менен интеграцияланган субъекттин эсепке алуу системасы.
18. ЭТТКны түзүү датасы болуп ЭТТК жиберилгендигин ырастаган дата эсептелет.
Эгерде модулда генерацияланган ЭТТК номери жана QR-код камтылса, ЭТТК түзүлдү деп эсептелет.
ЭТТКнын оригиналы, башкача айтканда түп нускасы болуп ЭТТК модулунда түзүлгөн электрондук документ эсептелет.
19. ЭТТК модулунда субъект тарабынан төмөнкүдөй операциялар жүргүзүлөт:
1) кириштөө;
2) сатуу;
3) экспорттоо;
4) которуштуруу;
5) кайтаруу;
6) эсептен чыгаруу.
20. Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлар менен операциялар аткарылган учурда документ товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтүү менен милдеттүү тартипте түзүлөт.
21. Субъект товарларды ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасына төмөнкү учурларда кириштөөгө милдеттүү:
1) эгерде алар андан ары сатуу үчүн багытталбаса, мамлекеттик органдар жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан товарларды импорттоону кошпогондо, товарларды импорттоодо;
2) калкка жеринде керектөө же алып кетүү үчүн сатылуучу даяр тамак-ашты өндүрүүнү кошпогондо, өндүрүштө;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө эсепке алынбаган товарлар табылганда;
4) контролдук-кассалык чектин негизинде калктан кийин сатуу же кайра иштетүү үчүн айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки заттарды, металл сыныктарын, өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын жана алардын башка жеке товарларын кабыл алууда (сатып алууда);
5) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү товарларды өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагынан тышкары сатууну көздөгөндө;
6) ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүдө товарларга менчик укугу өткөн учурларды кошпогондо, күбөлөндүрүүчү документтер болгондо товарларга менчик укугу өткөн башка учурларда.
22. Товарларды ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасына кириштөө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
23. Товарларды сатууда ЭТТК субъект тарабынан экономикалык иш объектинен ЭТТК модулунда катталган субъектке товар жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин түзүлөт.
Товарлар ушул Тартиптин 9-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн субъекттерге сатылган учурда, ЭТТК модулунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык субъекттердин дарегине ЭТТК таризделет.
24. Товарларды экспорттоодо ЭТТК Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн аталышын жана кодун көрсөтүү менен экономикалык иш объектинен товар жүктөп жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин түзүлөт.
Эгерде экспортко ЭТТК таризделгенден кийин субъект ЭТТКда көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөртүүнү талап кылаарын аныктаса, субъект андан ары жаңы ЭТТКны тариздөө менен ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жана мөөнөттө таризделген документти кайра кайтарып алууга укуктуу.
25. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды бул товарларга менчик укугунун өтүшүн карабаган бир субъекттин чегинде мындай товарларды бир сактоочу жайдан экинчисине ички которуштурууда, анын ичинен филиалдардын ортосунда которуштурууда субъект ЭТТК модулунда жөнөтүлгөн жеринин жана дайындалган пунктунун даректерин көрсөтүү менен ЭТТК түзөт.
26. Мурда сатып алынган товарларды кайтарууда ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык түзүлүүчү экспорттоодо товарларды кайтаруу учурларын кошпогондо, ЭТТК сатып алуучу тарабынан ЭТТК модулунда жеткирүүчү тарапка кайра жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин таризделет.
27. ЭТТК модулундагы товарларды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) калкка товарларды жеткирүү;
2) сатып алынган товарларды пайдалануу, анын ичинде өндүрүштө (даярдоодо);
3) товарларды жоготуу жана бузуу;
4) товарлардын табигый азаюусу жана технологиялык жоголуусу;
5) салыктык контролдун жүрүшүндө товарлар ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында болуп, бирок алардын иш жүзүндөгү калдыктары жок экендигин аныктоо;
6) товарларды гуманитардык жардам түрүндө өткөрүп берүү;
7) ушул Тартиптин 4-пунктунун 5, 6 11, 13, 14-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү;
8) ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларды кошпогондо, күбөлөндүрүүчү документтер болгон башка учурлар.
Товарларды эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
28. ЭТТКны алууда сатып алуучу/алуучу:
1) ЭТТКны кабыл алынгандыгын ырастайт;
2) ЭТТКны алуудан баш тартат.
29. ЭТТКны кабыл алуудан баш тартканда, бул ЭТТК четке кагылды деп эсептелет.
Эгерде сатып алуучу/алуучу 10 календардык күндүн ичинде ЭТТКны ырастабаса же четке какпаса, бул ЭТТК ырасталды деп эсептелет.
30. Эгерде жеткирүүчү/жөнөтүүчү ЭТТК жөнөтүлгөн учурдан тартып 10 календардык күн өткөнгө чейин кабыл алынбаган ЭТТКны чакыртып алса, анда бул ЭТТК чакыртып алынды деп эсептелет.
31. Сатып алуучу/алуучу тарабынан ырасталгандан кийин ЭТТКны чакыртып алуу мүмкүн эмес.
32. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда ЭТТКны тариздөөнүн, колдонуунун жана түзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) товарлардын каталогу - "Товарлардын каталогу" модулу аркылуу түзүлүүчү, товарлар жөнүндө маалыматтарды камтыган товарлардын тартипке келтирилген тизмеги;
2) "Товарлардын каталогу" модулу - Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын модулу, ал аркылуу товарлардын каталогу түзүлөт;
3) уникалдуу идентификатор - товарлардын каталогун түзүүдө "Товарлардын каталогу" модулу менен ыйгарылуучу товардын уникалдуу коду.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши жок болгон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде чечмеленет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогу төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда коштомо документтерди, эсеп-фактураларды, арыздарды жана салыктык документтерди тариздөөдө;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда контролдук-кассалык машиналарды колдонууда;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган башка учурларда.
2-глава. Товарлардын каталогун түзүү жана жүргүзүү
4. Товарлардын каталогу "Товарлардын каталогу" модулу аркылуу төмөнкүлөр берген маалыматтардын негизинде түзүлөт:
1) импорттоочу;
2) өндүрүүчү же даярдоочу;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка субъекттер.
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер товарларды товарлардын каталогуна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына товар жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет:
1) ТЭИ ТН коду;
2) аталышы;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган, товарлардын каталогун түзүү үчүн зарыл болгон кошумча маалымат.
6. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер берген маалыматтар товарларды товарлардын каталогуна киргизүү талаптарына, белгиленген эрежелерине ылайык келген учурда ыйгарым укуктуу салык органы товарга уникалдуу идентификатор ыйгарат жана аны товарлардын каталогуна киргизет.
7. Товарларды товарлардын каталогуна киргизүү эрежелери жана товарлардын каталогунун түзүмү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
3-глава. "Товарлардын каталогу" модулундагы товарларды өчүрүү
8. Товарлардын каталогундагы товарлар төмөнкү учурларда өчүрүлүүгө тийиш:
1) товарлар жүгүртүүдөн чыгарылганда;
2) товарлардын каталогундагы товарлар кайталанганда;
3) товар жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө.
9. Товарларды өчүрүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун кайрылуусунун;
2) ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар пайда болгондо ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин.".