Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 26-апрели № 231
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова жана К.А.Талиева тарабынан демилгеленген "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги N 231 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова жана К.А.Талиева тарабынан демилгеленген "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова жана К.А.Талиева тарабынан демилгеленген "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу конвенцияны, Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияны, ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошумча макулдашуу жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин жөнгө салган милдеттүү эл аралык документ болуп саналган Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашырууну демилгелейт.
Ушуга байланыштуу Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколунда "заманбап биотехнология продукту" деген термин колдонуларын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун преамбуласында жана бүткүл текст боюнча "биотехнология продуктусу" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдө "заманбап биотехнология продукту" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
1-берененин үчүнчү абзацында "коргонуусун" деген сөздү "коргонуу жөндөмдүүлүгүн" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесине ылайык биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда калктын саламаттыгын, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери чектелиши мүмкүн.
Улуттук мыйзамдарда "биологиялык куралдын" аныктамасы жок экендигин эске алып, анын аныктамасын Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине киргизүүнү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын генетикалык жактан модификацияланган организмдеринин же гендик-инженерия методдору менен жаралган микроорганизмдердин аныктамаларына карата төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз:
- кайталоолорду болтурбоо максатында "патогендүү биологиялык агенттер" жана "биологиялык токсин" деген аныктамаларды бириктирип, "патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер" деген аныктамага алмаштыруу керек: "патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер - ар кандай микроорганизм, вирус, биологиялык токсин, бөлүкчө же башка инфекциялык материал, анын ичинде жаратылышта кездешүүчү же генетикалык модификацияланган синтетикалык биология продуктулары, клеткалык культуралар жана эндопаразиттер, алар адамдарда, жаныбарларда же өсүмдүктөрдө кандайдыр бир инфекцияга, аллергиялык же уулануу реакциясына, азык-түлүктүн, жабдуулардын, шаймандардын же башка материалдардын сапатынын начарлашына жана айлана-чөйрөнүн жагымсыз өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн" деген аныктамага алмаштыруу;
- "санкцияланбаган жүгүртүү - патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди мыйзамсыз иштеп чыгаруу, сатып алуу, өндүрүү, сактоо, берүү жана пайдалануу" жана "патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди трансчек аралык алып өтүү - патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди бир мамлекеттин аймагынан чектеш өлкөлөрдүн аймагына ташуу же алардын транзити" деген терминдер менен толуктоо.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин төртүнчү абзацын "агенттерди" деген сөздөн кийин "жана заманбап биотехнология продуктуларын" деген сөздөр менен толуктоо керек, анткени заманбап биотехнология продуктуларын колдонуу биологиялык коопсуздукка тиешелүү коркунучтарды алып келиши мүмкүн.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин төмөнкүдөй абзацтар менен толуктоону сунуштайбыз:
"- биологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен ар кандай иштин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана кесепеттерин ар тараптуу баалоо;
- потенциалдуу коркунучтуу биологиялык агенттердин жана токсиндердин, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндуу таасирлеринин тобокелдиктерин баалоодо илимий негизделген, интеграцияланган жана жекече мамиле.".
4-берененин бешинчи абзацын карантиндик иш-чараларды киргизүү, биологиялык материалдардын жүгүртүлүшүн контролдоо, биологиялык материалдар менен иштөөдө персоналдын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу сыяктуу методдор менен конкреттештирүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесин төмөнкүдөй абзацтар менен толуктоону сунуштайбыз:
"- биологиялык коркунучтун булактары жайгашкан же патогендүү биологиялык агенттерди пайдалануу менен иштер жүргүзүлүп жаткан объекттерде авариялардын келип чыгышы, террористтик акттарды, диверсияларды жүзөгө ашыруу;
- жугуштуу оорулардын табигый очокторунун жана биологиялык калдыктардын табигый полигондорунун болушу;
- чек арага чектеш өлкөлөрдүн жана соода өнөктөш өлкөлөрдүн аймагында эпизоотиялардын келип чыгышы;
- гендик-инженерия ишинин продуктуларын, анын ичинде аларды трансчек аралык өткөрүүнү санкцияланбаган жүгүртүү.".
5-берененин үчүнчү абзацы "жеткиликтүүлүк" деген сөздөн кийин "жана трансчек аралык алып өтүү" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берененин төртүнчү абзацы "жаныбарлардын" деген сөздөн кийин "жана өсүмдүктөрдүн" деген сөздөр менен толукталсын.
Мындан тышкары, микроорганизмдер бардык жерде, анын ичинде космос мейкиндигинде таралгандыгын белгилеп кетүү зарыл, ошондуктан бардык микроорганизмдердин кооптуулук тобун аныктоо үчүн "жабык тутум" критерийин колдонуу орунсуз, анткени Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияда жана Картахен протоколунда көрсөтүлгөн микроорганизмдердин тар спектрин камтыйт. Картахен протоколунда "жабык тутумдарды колдонуу" деген аныктама "тышкы чөйрө менен байланышын жана ага тийгизген таасирин натыйжалуу чектеген атайын чаралар менен жөнгө салынуучу тирүү өзгөртүлгөн организмдер менен байланышкан орнотуунун, курулманын же башка физикалык түзүмдүн чегинде жүзөгө ашырылуучу кандай болбосун операция" дегенди билдирет.
Ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияда "Биотехнология" сыяктуу технологияларды колдонуу жөнүндө көрсөтүлгөн, ал биологиялык системаларды, тирүү организмдерди же алардын туундуларын продуктуларды жасоо же өзгөртүү үчүн пайдалануу менен байланышкан технологиянын кандай болбосун түрүн жана аларды конкреттүү пайдалануу максатында процесстерди билдирет" жана биотехнология продуктулары табигый жашоо чөйрөсүнөн тышкары болушу мүмкүн, алсак "ex-situ сактоо" биологиялык ар түрдүүлүктүн компоненттерин алардын табигый жашоо чөйрөсүнөн тышкары сактоону билдирет".
Ушуга байланыштуу 8-берененин 1 жана 2-пункттарында тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жабык тутумдар" деген сөз айкашын алып салуу сунушталат.
9-берененин 1-пунктунун бешинчи абзацын "объекттерден" деген сөздөн кийин "жабдуулардан жана материалдардан" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
9-берененин 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени кош багыттагы продукцияларды трансчек аралык алып өтүүгө экспорттук контролду жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын Улуттук контролдук тизмесин бекитүү тартиби "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелген.
Мындан тышкары, 10-беренени алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Президент ишин жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ.
11-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- генетикалык модификацияланган организмдердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болгон зыяндуу таасирлеринин тобокелдигине баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмесин, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартибин бекитет;
- ГМО менен иштөө боюнча ведомстволор аралык комиссияны бекитет;
- патогендүү биологиялык агенттердин тизмесин (тизмегин) аларды коркунучтуулук топтору боюнча бөлүштүрүү менен, ошондой эле патогендүү биологиялык агенттерге карата контролдоо чараларын жүзөгө ашыруунун тартибин бекитет;
- биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин бекитет;
- гендик-инженерия организмдери жөнүндө маалыматтар банкынан маалымат берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт;
- биологиялык коркунучтарды алдын алуу жана болтурбоо тартибин бекитет;
- потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерди аларда болгон биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология продуктуларынын коркунучтуулук категориясын эске алуу менен физикалык коргоону камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитет;
- патогендүү биологиялык агенттерге жана заманбап биотехнология продуктуларына карата маалыматты коргоону камсыз кылуу тартибин бекитет;
- патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө жеке жактарга уруксат берүү тартибин бекитет;
- патогендүүлүктүн I-IV тобундагы микроорганизмдер менен иштеген уюмдарда биологиялык коопсуздук талаптарын сактоону контролдоо боюнча ведомстволор аралык режимдик комиссияны бекитет;
- гендик-инженерия жаныбарларынын, гендик-инженерия өсүмдүктөрүнүн сортторун жана патогендүү эмес гендик-инженерия микроорганизмдеринин штаммдарын мамлекеттик каттоо тартибин бекитет;
- патогендүү, шарттуу-патогендүү микроорганизмдер менен иштөөдө же гендик-инженерия ишине байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу тартибин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аймагына ГМОнун транзити, ташып кирүү жөнүндө кабарлоонун тартибин бекитет;
- шарттуу-патогендүү жана патогендүү гендик-инженерия организмдерин сактоодо жана ташууда маалыматка жана коопсуздукка талаптарды бекитет;
- гендик-инженерия организмдеринин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу таасиринин тобокелдиктерин баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитет.".
Жогоруда толуктоолор жана өзгөртүүлөр түрүндө көрсөтүлгөн сунуштар биологиялык коопсуздукка тиешеси бар жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жогоруда баяндалган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары башка беренеде аныкталгандыгын эске алып, 13-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацын жана 2-пунктун алып салуу сунушталат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатын Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүүгө тийиш ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтар менен толуктоо керек.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоору биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу системасын укуктук жөнгө салууга багытталгандыгын, биологиялык коопсуздукка тиешеси бар эл аралык келишимдерди имплементациялоо максатында, ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана унификациялоо боюнча сунуштарга ылайык жана башка өлкөлөрдүн мыкты эл аралык тажрыйбаларын эске алуу менен кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек.
Биологиялык коопсуздук маселелерин жөнгө салуучу мыйзам акты жок болгондуктан, жогоруда айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу зарыл деп эсептейбиз.