Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 токтомуна) |
Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу тартиби (мындан ары - Тартип) социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арызды берүү тартибин, кароо мөөнөтүн жана жогоруда аталган эсептен чыгарууларды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин аныктайт.
2. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак-резидент үчүн колдонулат.
3. Салык төлөөчү эсептен чыгарууну мындай эсептен чыгаруу тиешелүү болгон салык мезгилинде алууга укуктуу.
4. Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды колдонуунун натыйжасында түзүлгөн киреше салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алуу жана кайтарып берүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде берилиши мүмкүн, буга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 195, 196-беренелеринин 5-бөлүктөрүндө каралган укуктук мамилелер кирбейт.
5. Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууга укук салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана чыгымдарды ырастаган документтердин негизинде бирдиктүү салык декларациясын тапшырган учурда берилет.
Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу жөнүндө салык төлөөчүнүн арызы салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө салык органдарына берилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жеке жактар боюнча ведомстволор аралык маалымат алмашуу болбогон учурда, салык төлөөчү арызды жана тастыктоочу документтерди салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз түрүндө берет.
6. Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды берүүнүн жыйынтыгы боюнча банктык эсепке киреше салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүү салык төлөөчүнүн аткарылбаган салык милдеттенмеси жок болгон учурда жүргүзүлөт.
2-глава. Социалдык эсептен чыгаруу
7. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан (жыйырма төрт жаштан) ашпаган адамдардын билим алуусуна социалдык эсептен чыгарууну алууга укуктуу.
8. Билим алууга эсептен чыгаруунун өлчөмү мектептик билим берүүгө, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар же билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлаган Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн жана документтер менен ырасталган төлөмдүн суммасына барабар, бирок билим алууга эсептен чыгарууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашык эмес, ал эми багуусунда үч жана андан ашык адам бар салык төлөөчүлөр үчүн – билим алууга эсептен чыгарууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашык эмес белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Социалдык эсептен чыгаруу укугу бир гана салык төлөөчүгө берилет.
Салык төлөөчү жубайлардын бири ата-энеси болуп саналган баланы окутууга кеткен чыгымдарды ырастаган документтер алардын кимисине таризделгенине карабастан социалдык эсептен чыгарууларды алууга укуктуу.
Мында, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгымдарды эсептен чыгарууну жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.
10. Эгерде окууга социалдык эсептен чыгаруунун суммасы чектөөнүн суммасынан ашып кетсе, анда бул ашып кетүү кийинки салыктык мезгилдерде эсептен чыгарылбайт.
Эсептен чыгаруулардын суммасы салыктык базанын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет, ага билим алууга эсептен чыгаруулар жана мүлктүк эсептен чыгаруулар кирбейт, ал эми багуусунда үч же андан ашык адам болгон декларант үчүн эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууларды камтыбаган салыктык базанын өлчөмүнүн 25 пайызы менен чектелет.
11. Бирдиктүү салык декларациясын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүүдө салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча социалдык эсептен чыгарууну алууга электрондук форматтагы арызды салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде толтурат.
Социалдык эсептен чыгарууларды алууга арызды жеке кабинетте түзүүдө салык төлөөчү арызды түзүү үчүн маалыматтарды киргизет, алар боюнча маалыматтар мамлекеттик органдар тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу келип түшөт.
12. Мамлекеттик органдар тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ыйгарым укуктуу салык органынын дарегине салык төлөөчү боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
1) паспорттук маалыматтар;
2) никеге туруу же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөн алынган маалыматтар;
3) балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн алынган маалыматтар;
4) багуудагы адамдын (эгер болсо) паспорттук маалыматтары;
5) үй-бүлө курамы жөнүндө маалыматтар;
6) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы жөнүндө маалыматтар же болбосо дарегине салык төлөөчү тарабынан акы төлөнгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмуна берилген мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө кабарлоолор;
7) билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акынын суммалары, киреше салыгынын кармалган суммалары жана эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө маалыматтар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Салык төлөөчү социалдык эсептен чыгарууларды алууга арызга төмөнкү ырастоочу документтердин сканерленген варианттарын тиркейт:
1) мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү билим берүү мекемеси менен түзүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө контракт;
2) акы төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана/же акы төлөнгөндүгү жөнүндө электрондук төлөм документтери;
3) багуудагы адамды асырап алган учурда, асырап алуу жөнүндө документ;
4) эгерде декларант Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, кайрылмандын статусу же жашап турууга укугу бар экендиги жөнүндө документ.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жеке жактар боюнча ведомстволор аралык маалымат алмашуу болбогон учурда салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча арыз;
2) салык төлөгөн декларант менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө контракттын көчүрмөсү;
3) акы төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү жана/же акы төлөнгөндүгү жөнүндө электрондук төлөм документтери;
4) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн/багуудагы адамды асырап алуу документинин көчүрмөсү;
5) багуудагы адамдын паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);
6) салык төлөгөн декларанттын паспортунун көчүрмөсү;
7) салык төлөгөн декларанттын жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
8) никеге туруу же ажырашуу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
9) билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акынын суммалары, киреше салыгынын кармалган суммалары жана эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө белгиленген форма боюнча салык төлөгөн декларанттын иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) маалымкат;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат;
12) эгерде декларант Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, кайрылмандын статусу же жашап турууга укугу бар экендиги жөнүндө документ.
3-глава. Мүлктүк эсептен чыгаруу
15. Турак жай фондуна таандык кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана/же куруу келишиминин предмети болуп саналган учурда салык төлөөчү банк менен кредиттик келишим жана/же ипотекалык кредит боюнча жана/же турак жай ссудасы, исламдык каржылоо келишими, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымдарды төлөөгө салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө багытталган сумманын чегинде мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга укуктуу.
16. Мүлктүк эсептен чыгаруулардын суммасы жылына 2300 эсептик көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш.
17. Мүлктүк эсептен чыгаруулардын өлчөмү банк менен кредиттик келишим жана/же ипотекалык кредит боюнча жана/же турак жай ссудасы же исламдык каржылоо келишими же мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча тиешелүү салык мезгилинде пайыздык чыгымдарды төлөө суммасында берилет.
18. Мүлктүк эсептен чыгаруу салык төлөөчү тарабынан турак үйдү, батирди, бөлмөнү же алардагы үлүштү курууга же сатып алууда, анын ичинде мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча чыгымдар салык төлөөчүгө жакын тууганы болбогон башка субъект тарабынан акысыз негизде төлөнгөндө, ошондой эле мындай мүлктү сатып алуу боюнча бүтүм өз ара көз каранды болуп саналган жеке жактардын ортосунда түзүлгөндө колдонулбайт.
19. Салык төлөөчү каза болгон же сот тарабынан өлдү деп жарыяланган учурда мүлктүк эсептен чыгаруу анын мураскоруна берилет.
20. Бирдиктүү салык декларациясын салыктык катталган жери боюнча салык органына тапшырууда салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга электрондук форматтагы арызды салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде толтурат.
Мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арызды жеке кабинетте түзүүдө салык төлөөчү арызды түзүү үчүн маалыматтарды киргизет, ал боюнча маалыматтар мамлекеттик органдар тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу келип түшөт.
21. Мамлекеттик органдар тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ыйгарым укуктуу салык органынын дарегине салык төлөөчү боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
1) паспорттук маалыматтар;
2) мүлктүк эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акынын суммалары, киреше салыгынын кармалган суммалары жана эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө маалыматтар.
22. Салык төлөөчү тарабынан мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу арызына төмөнкү ырастоочу документтердин сканерленген варианттары тиркелет:
1) банк менен кредиттик келишим жана/же ипотекалык кредит жана/же турак жай ссудасы боюнча ипотека жөнүндө келишим, ислам каржылоо келишими, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими;
2) акы төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана/же акы төлөнгөндүгү жөнүндө электрондук төлөм документтери;
3) ипотекалык кредит боюнча тиешелүү жылга алынган, кайтарылган кредиттин суммасы жана алар боюнча төлөнгөн пайыздар тууралуу банк мекемесинин маалымкаты;
4) эгерде декларант Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, кайрылмандын статусу же жашап турууга укугу бар экендиги жөнүндө документ.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жеке жактар боюнча ведомстволор аралык маалымат алмашуу болбогон учурда салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча арыз;
2) салык төлөгөн декларанттын паспортунун көчүрмөсү;
3) банк менен кредиттик келишимдин жана/же ипотекалык кредиттин жана/же турак жай ссудасы боюнча ипотека жөнүндө келишимдин, исламдык каржылоо келишиминин, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишиминин көчүрмөсү;
4) акы төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү жана/же акы төлөнгөндүгү жөнүндө электрондук төлөм документтери;
5) ипотекалык кредит боюнча алынган, кайтарылган кредиттин суммасы жана алар боюнча төлөнгөн пайыздар тууралуу банк мекемесинин маалымкаты;
6) мүлктүк эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акынын суммалары, киреше салыгынын кармалган суммалары жана эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө белгиленген форма боюнча салык төлөгөн декларанттын иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) маалымкат;
7) эгерде декларант Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, анда декларант тарабынан кайрылмандын статусу же жашап турууга укугу бар экендиги жөнүндө маалыматтар тиркелет.
4-глава. Салык органы тарабынан текшерүү жүргүзүү тартиби
24. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органы социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арыз келип түшкөн күндөн кийинки 25 (жыйырма беш) календардык күндүн ичинде, берилген тастыктоочу документтер текшерет, анын жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделүүгө тийиш.
Маалымкатка документтерди кароону жүргүзгөн салык органынын кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн жетекчиси, салык органынын начальниги кол коет.
25. Текшерүү салык кызматынын маалыматтык системаларын, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан алынган маалыматтарды жана салык төлөөчү тарабынан берилген тастыктоочу документтерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
26. Текшерүү маалымкатында төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
1) түзүлгөн датасы, текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү;
2) салык төлөөчүнүн аты-жөнү, идентификациялык салык номери жана салыктык катталган жери;
3) салык төлөөчүнүн жарандыгы, кайрылмандын статусу же жашап турууга укугу бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
4) салыктык отчеттуулукта чагылдырылган маалыматтардын арифметикалык эсептөөлөрүнүн тууралыгы;
5) салык кызматынын маалыматтык системасынан бюджетке билдирилген салыктык мезгилде төлөнгөн киреше салыгынын суммасы жөнүндө маалыматтар;
6) салык төлөөчү дарегине акы төлөгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунда билим берүү иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын болушу;
7) үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарды, нике же ажырашуу жөнүндө күбөлүктү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү/багуусундагы адамды асырап алуу жөнүндө документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары;
8) салык төлөөчү тарабынан берилген баштапкы тастыктоочу документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары;
9) салык төлөөчүдө аткарылбаган салык милдеттенмелеринин бар же жок экендигин текшерүүнүн жыйынтыктары.
27. Арызды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) киреше салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы чегерүү жана/же кайтарып берүү жөнүндө;
2) социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
28. Эгерде ушул Тартипте каралган кандайдыр бир документтер талаптагыдай таризделбегенине байланыштуу салык органы тарабынан кабыл алынбаса, ошондой эле документтердин топтому толук берилбеген учурда салык төлөөчү арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде салык органы тарабынан жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш. Кабарлоо кагаз түрүндө же салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө таризделет. Кабарлоонун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Салык төлөөчү кабарлоону алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде документтерди бербесе, салык органы социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
29. Салык органы "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү маалыматтарды кошпогондо, салык төлөөчү тарабынан берилген ырастоочу документтердин түп нускаларын талап кылууга укуктуу.
30. Тиешелүү чечим кабыл алынган документтер салык органында сакталат. Документтерди сактоо жана архивге өткөрүп берүү "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндөн кечиктирбестен "FORM STI-012" жана/же "FORM STI-013" формасы боюнча корутундуларды жазып берет жана кагаз түрүндө жана электрондук форматта аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгына жиберет.
32. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн корутундулар аткарылгандан кийин салык органына кайтарып берилет.