Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 39 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 39
Кабыл алынган
2024-жылдын 26-апрели
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 3841 · 2024-жылдын 8-майы
Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 33 (3586) · 2024-жылдын 30-апрели
Реестрде
2024-жылдын 8-майы

Реестрде

Минюст коду
230005466

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция26.04.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 26-апрели № 39

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичке карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 400, 426-беренелерине ылайык 2024-жылдын 26-апрелинде мыйзамдуу күчүнѳ кирген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмүнүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 134-берененин 1-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 2, 4-бѳлүктѳрүнѳ, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.