Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-апрели № 40
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 109 Жарлыгы менен дайындалган № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-майындагы № 34 (3587) саны менен жарыяланды
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №40 токтому менен бекитилген |
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо
округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү
боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү - 2024-жылдын 30-июну, жекшемби
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК), шайлоо комиссияларына жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу | Мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындагандан кийин | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - БШК) маалымат камсыздоо сектору |
Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо | |||
1. | Жалпыга маалымдоо каражаттарында мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү | Чечим кабыл алгандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланат | БШК, маалымат камсыздоо сектору «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 63-беренесинин 2-бөлүгү (мындан ары - конституциялык Мыйзам) |
2. | Шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө ЖМКларга Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусу | Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому расмий жарыялангандан кийин | БШК, маалымат камсыздоо сектору |
3. | БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан эфир убактысын, басылма аянтын бергендиги үчүн төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 12-майына чейин (кошуп алганда) | БШК, жумушчу тобу, маалымат камсыздоо сектору, ЖМК, интернет-басылмалар конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү (мындан ары - конституциялык Мыйзам) |
4. | БШКнын расмий сайтында эфир убактысын, басылма аянтты төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттар жөнүндө берилген маалыматтарды жарыялоосу | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 17 күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 17-майына чейин) | Маалымат бөлүмү конституциялык Мыйзамдын 22-бер. 20-бөл. |
Добуш берүү үчүн жай | |||
5. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 21-майына чейин | ОШК, УШК, ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
6. | Добуш берүүчү жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүү | Добуш берүү күнүнө чейин 33 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 28-майына чейин) | ОШК, УШК, ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
7. | ЖӨБОлорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү боюнча кайрылуу жөнөтүү | Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 3-июнуна чейин) | ОШК, УШК, конституциялык Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
Шайлоочулардын тизмеси | |||
8. | Округдар, участоктор боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө 53 календардык күнгө чейин (2024-жылдын 8-майына чейин) | Санариптик өнүктүрүү министрлиги, БШК конституциялык Мыйзамдын 14-бер. 4-бөл. |
9. | Шайлоочулардын алдын ала тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганда (2024-жылдын 11-майына чейин) | БШК, ОШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 14-бер. 7-бөл. |
10. | УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү | Добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда (2024-жылдын 14-майына чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 1-бөл. |
11. | Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү | Добуш берүүгө чейин 20 календардык күн калганда (2024-жылдын 10-июнуна чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 4-бөл. |
12. | Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 21-июнуна чейин (кошуп алганда)) | Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УШК конституциялык Мыйзамдын 14-бер. 5-бөл. |
13. | Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 14-майынан 19-июнуна чейин (кошуп алганда)) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 2-бөл. |
14. | Шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмелерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калганда (2024-жылдын 23-июнуна чейин) | БШК, Санариптик өнүктүрүү министрлиги конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл. |
15. | УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 25-июнуна чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл. |
16. | Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелерин БШКнын расмий сайтына жарыялоо жана участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларынын алдындагы такталарга илүү | Добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 6-июлуна чейин) | БШК, ОШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо | |||
17. | Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга каттоо ырастамаларын же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимин берүү | Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 19-бер. 4-бөл. |
18. | Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын же болбосо саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо | Талапкер жазуу жүзүндөгү арыз же саясий партия сунуштама бергенден кийин | БШК конституциялык Мыйзамдын 20-бер. 2-бөл. |
19. | Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт (2024-жылдын 30-майына чейин (кошуп алганда)) | Саясий партиялар, жарандар конституциялык Мыйзамдын 601-бер. 1-бөл. |
20. | Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү документтерди берүүсү | Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 2-июну, саат 18.00гө чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 1-1-бөл. |
21. | Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо | Шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда (2024-жылдын 10-июнуна чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 5-бөл. |
22. | Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө арыз берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 27-июнуна чейин (кошуп алганда)) | Талапкер конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл. |
Шайлоо алдындагы үгүт | |||
23. | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү | Баардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт (2024-жылдын 10-июнунан тартып 29-июнунда саат 08.00гө чейин) | Кыргыз Республикасынын жарандары конституциялык Мыйзамдын 23-бер. 1-бөл. |
24. | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү эфир убактысын берүү | Талапкерлердин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2024-жылдын 10-июнунан тартып 29-июнунда саат 08.00гө чейин) | Телерадиоуюмдар конституциялык Мыйзамдын 24-бер. 4-бөл. |
25. | Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун камсыздоо | Талапкерлердин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2024-жылдын 10-июнунан тартып 29-июнунда саат 08.00гө чейин) | ОШК, Кыргыз Республикасынын БШКсынын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конституциялык Мыйзамдын 22-бер. 9-бөл. |
26. | Ар бир шайлоо участогунун аймагында маалымат жана үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде (2024-жылдын 7-майына чейин) | ЖӨБО конституциялык Мыйзамдын 27-бер. 3-бөл. |
Шайлоону каржылоо | |||
27. | Шайлоо фондун түзүү: |
|
|
- Өз шайлоо фондун түзүү үчүн банк мекемесинде атайын эсеп ачууга арыз берүү; | Шайлоого катышуу жөнүндө БШКга/ОШКга жазуу жүзүндө билдирме берүү менен кошо | Талапкер конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл., «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» жобонун (мындан ары - Жобо) 14-пункту | |
- банк мекемесинде атайын эсеп ачууга уруксат алуу | Атайын эсеп ачууга БШКдан/ОШКдан жазуу жүзүндө уруксат (маалымдама) алгандан кийин | Талапкер, Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл., Жобонун 16-пункту | |
28. | Банк мекемесинде атайын эсеп ачуу: |
|
|
каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындабаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан; | Аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып каттоо үчүн документтерди бергенге чейин | Талапкер, конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл. | |
каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан | Шайлоо комиссиясы тарабынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катталгандан кийин | Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл конституциялык Мыйзамдын 19-бер. 3-5-бөл., 41-бер. 1-бөл. | |
29. | Шайлоо күрөөсүн төгүү: - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер үчүн - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө | Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2024-жылдын 2-июну, саат 18.00гө чейин) | Талапкерлер Көзөмөлдөө-текшерүү тобу конституциялык Мыйзамдын 61-бер. 1, 2-бөл. |
30. | Талапкердин атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү | Жума сайын, ал эми КР БШКнын талабы боюнча - 24 сааттын ичинде | Банк же башка мекемелер, БШК конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 12-бөл. |
31. | Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду БШКга тапшыруусу | Биринчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 22-июнуна чейин (кошуп алганда)) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 7-июлуна чейин (кошуп алганда)) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жобосунун 48-пункту |
32. | Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операцияларды токтотуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 3-июлуна чейин (кошуп алганда)) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу конституциялык Мыйзамдын 41-бер. 14-бөл. |
Шайлоо бюллетендери | |||
33. | Бюллетендин текстин бекитүү (Брайль ариби менен) | Добуш берүү күнүнө чейин 17 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 13-июнуна чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 2-бөл. |
34. | Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо | Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 25-июнуна чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 6-бөл. |
35. | Шайлоо бюллетендерин округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калганда (2024-жылдын 27-июнуна чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл. |
36. | Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 2-1 календардык күн калганда (2024-жылдын 29-июнуна чейин) | ОШК конституциялык Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл. |
Добуш берүүнүн тартиби | |||
37. | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 27-июнуна чейин (кошуп алганда)) | УШК конституциялык Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл. |
38. | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн калганда саат 08.00дөн 20.00гө чейин (2024-жылдын 29-июну) | УШК конституциялык Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл. |
39. | Добуш берүү | 2024-жылдын 30-июну (саат 08.00дөн 20.00гө чейин) | УШК конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 1-бөл. |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө | |||
40. | Шайлоочулардын добуштарын саноо | Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт | УШК конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 3-1-бөл. |
41. | Ар бир участок боюнча добуш берүүнүн укуктук мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналган жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Келип түшкөнүнө жараша | БШК конституциялык Мыйзамдын 37-1-бер. 1-бөл. |
42. | Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 12 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 13-июлуна чейин) | БШК, ОШК, УШК конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
43. | Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорун БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 14-июлуна чейин) | БШК, ОШК, конституциялык Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
44. | Бир мандатту шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын аныктоо | Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 14-июлуна чейин) | БШК конституциялык Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл. |
45. | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжалары аныкталган күнүнөн тартып 9 календардык күндөн кечиктирбестен | БШК конституциялык Мыйзамдын 64-бер. 8-бөл. |
Эл аралык жана коомдук байкоочулар | |||
46. | Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү | Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому расмий жарыялангандан кийин | Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, БШК конституциялык Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл. |
47. | КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Министрлер Кабинети, БШК тарабынан жиберилген чакыруулардын негизинде байкоочуларды аккредитациялоо | Шайлоо дайындалгандыгы жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | БШК конституциялык Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл. |
48. | Коомдук байкоочуларды каттоо | Коомдук байкоочуларды каттоо үчүн коммерциялык эмес уюмдар тарабынан тиешелүү документтерди бергенде | БШК конституциялык Мыйзамдын 10-1-бер. |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу | |||
49. | Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМК, укук коргоо органдары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
50. | ОШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды идентификациялоо операторлору үчүн тренингдерди өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |