Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-апрели № 41
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ноокат жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө
№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 109 Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ноокат жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-майындагы № 34 (3587) саны менен жарыяланды
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 41 токтомуна тиркеме |
Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын курамы
дареги: Ноокат ш., Ленин көч. 7, Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясынын имараты.
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Статус |
1. | Гиниятулина Венера Мисбаховна | төрага |
2. | Мамасалиев Мурзамидин | катчы |
3. | Маматкулов Туратбай Мамадарипович | мүчө |
4. | Алибаев Жоомарт Акылбекович | мүчө |
5. | Байдөөлөтов Абдисалам Пиратович | мүчө |
6. | Исраилова Сайрагүл Тиленовна | мүчө |
7. | Ошурбакиева Клара Нурахуновна | мүчө |
8. | Аманов Бактияр Дүйшоевич | мүчө |
9. | Мамашерова Шарват Исраиловна | мүчө |
10. | Молдобаев Тынчтыкбек Абдыманапович | мүчө |
11. | Пазылов Кубанычбек Турдубаевич | мүчө |
12. | Саттарова Разия Мамажакыповна | мүчө |
Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясынын курамы
дареги: Чолпон-Ата ш., Советский көч. 1, Ысык-Көл райондук
мамлекеттик администрациясынын имараты.
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Статус |
1. | Тукеналиев Абазбек Шарипбекович | төрага |
2. | Табышева Саламат Орозбековна | катчы |
3. | Асаналиев Кайратбек Муратбекович | мүчө |
4. | Курманбаев Эмил Бекенович | мүчө |
5. | Касымалиев Канатбек Акенович | мүчө |
6. | Самарова Айзада Насбековна | мүчө |
7. | Кыдыралиев Максат Толонович | мүчө |
8. | Мамбетова Айнура Билаловна | мүчө |
9. | Токтобекова Гульмира Болотбековна | мүчө |
10. | Гуланбаева Чолпон Нарынбаевна | мүчө |
11. | Сейдинова Динара Карагуловна | мүчө |
12. | Абдыкеримов Руслан Сарымсакович | мүчө |