Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануунун үзгүлтүксүз өндүрүштүк процессин камсыз кылуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Арыз берүүчүгө кайра иштетүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган жыл сайын 31-декабрга чейин кийинки жылга сырьелук товарларды кайра иштетүүнүн мүмкүндүгүн/мүмкүн эместигин сырьелук товарларды кайра иштетүүчү ишканаларга суроо-талаптарды жиберүү жолу менен белгилейт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3588) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |