Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-апрели № 42
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук, Ноокен, Аксы, Ысык-Көл жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 22.04.2024-ж. № 6 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 24.04.2024-ж. № 3 - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери, Тору-Айгыр жана Өрүктү айылдык кеңештери боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 25.04.2024-ж. № 3 - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 9-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунун негизинде, депутатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 23.04.2024-ж. № 5 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунун негизинде, депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу жөнүндө:
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 23.04.2024-ж. № 7 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 22.04.2024-ж. № 6 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 22.04.2024-ж. № 6 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 23.04.2024-ж. № 7 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 24.04.2024-ж. № 4 - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери, Тору-Айгыр жана Өрүктү айылдык кеңештери боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук, Ноокен, Аксы, Ысык-Көл жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сокулук, Аксы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сокулук, Аксы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-майындагы № 34 (3587) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 42 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1. | Гавриловка айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Алымбаев Акылбек Эньирович | Сокулук АШК, № 6, 22.04.2024-ж. (17.04.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
2. | Ноокен айылдык (№ 2 Ноокен шайлоо округу) | Акматалиев Алимбек Асанович | Ноокен АШК, № 5, 23.04.2024-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. КРнын Жогорку сотунун 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 4-0239/24 УД, № ВСД404-0310/24 УД токтому) |
3. | Ноокен айылдык (№ 4 Курулуш шайлоо округу) | Оморов Эдил Курбанбекович | Ноокен АШК, № 5, 23.04.2024-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. КРнын Жогорку сотунун 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 4-0239/24 УД, № ВСД404-0310/24 УД токтому) |
4. | Болотова Гүлнуза Ашырбековна | Ноокен АШК, № 5, 23.04.2024-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. КРнын Жогорку сотунун 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 4-0239/24 УД, № ВСД404-0310/24 УД токтому) | |
Аксы району | |||
5. | Кош-Дөбө айылдык (№ 5 Торук шайлоо округу) | Абдыкааров Кыялбек Ыманалиевич | Аксы АШК, № 7, 23.04.2024-ж. (Мавлянов а/к 18.04.2024-ж. № 1/5 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу (11 жолу)) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
6. | Бостери айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Табалдиев Бекжан Нурланович | Ысык-Көл АШК, № 3, 24.04.2024-ж. (15.04.2024-ж. өз арызы) |
7. | Тору-Айгыр айылдык (№ 2 Тору-Айгыр шайлоо округу) | Казиев Чынгыз Жекшенович | Ысык-Көл АШК, № 3, 24.04.2024-ж. (12.04.2024-ж. өз арызы) |
8. | Өрүктү айылдык (№ 1 Өрүктү шайлоо округу) | Бекжанов Азат Догдурбаевич | Ысык-Көл АШК, № 3, 24.04.2024-ж. (22.04.2024-ж. өз арызы) |
Тоң району | |||
9. | Төрт-Күл айылдык (№ 1 Өрүктү шайлоо округу) | Карыпбаев Улан Көбөгөнович | Тоң АШК, № 3, 25.04.2024-ж. (24.04.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 42 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган
тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1. |
Гавриловка айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Тургумбаев Али-Аббат Жумабекович | Сокулук АШК, № 6, 22.04.2024-ж. (18.04.2024-ж. өз арызы) |
2. | Балыкбаев Кайрат Сагынбекович | Сокулук АШК, № 6, 22.04.2024-ж. (19.04.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Арыстанбек уулу Калыс | Сокулук АШК, № 6, 22.04.2024-ж. (19.04.2024-ж. өз арызы) | |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 42 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1. | Гавриловка айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Омуркулов Мирзат Койчугулович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 6, 22.04.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
2. | Кош-Дөбө айылдык (№ 5 Торук шайлоо округу) | Айтмаматов Замирбек Боронович | Убактылуу иштебейт | Аксы АШК, № 7, 23.04.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
3. | Бостери айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Тулебердиев Жыргалбек Эркинбекович | Убактылуу иштебейт | Ысык-Көл АШК, № 4, 24.04.2024-ж. |
4. | Тору-Айгыр айылдык (№ 2 Тору-Айгыр шайлоо округу) | Элис уулу Дастан | Стоматолог | Ысык-Көл АШК, № 4, 24.04.2024-ж. |
5. | Өрүктү айылдык (№ 1 Өрүктү шайлоо округу) | Амангелди уулу Сагындык | Жеке ишкер | Ысык-Көл АШК, № 4, 24.04.2024-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |