Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-марты ПЖ № 53
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кечиктирилгис чечимди талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды оперативдүү каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 13-пункттун 1-пунктчасында "жогорку" деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 222-пункт менен толукталсын:
"222. Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча ушул Тартипте каралган максаттарга жана башка иш-чараларга бөлүнүшү мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:
"301. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Турукташтыруу фондунан акча каражаттары бөлүнгөн учурда ушул Тартиптин 26-30-пункттары колдонулбайт.";
- 31-пункт "Министрлер Кабинети" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 27-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |