ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70»Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 2-марты ПЖ № 53

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кечиктирилгис чечимди талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды оперативдүү каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

- 13-пункттун 1-пунктчасында "жогорку" деген сөз алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 222-пункт менен толукталсын:

"222. Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча ушул Тартипте каралган максаттарга жана башка иш-чараларга бөлүнүшү мүмкүн.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:

"301. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Турукташтыруу фондунан акча каражаттары бөлүнгөн учурда ушул Тартиптин 26-30-пункттары колдонулбайт.";

- 31-пункт "Министрлер Кабинети" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 27-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров