Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 20-октябрындагы № 686
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-апрели № 213
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды оптималдаштыруу максатында, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:
- 3-пунктта:
биринчи абзац "жана кагазга" деген сөздөрдөн кийин "жалгыз нускада" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда арыз ээсинен кагаз түрүндө же электрондук түрдө документтер талап кылынбайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын:
"3-2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарга, бул Нускамага ылайык берилген айрым нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыздардан тышкары, электрондук жеке кол тамга алуу түзүлүшү аркылуу арыз ээсинин колу коюлат жана "ЖААЖ" АМСте электрондук түрдө сакталат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) камтылган жеке маалыматтардын жана жүзүнүн графикалык сүрөтүнүн;
- КБМРдеги биометрикалык маалыматтарга фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештигин текшерүү;
Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды идентификациялоо ким экендигин ырастоочу анык документинин негизинде жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан толтурулат, текшерилет жана кол коюлат, Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта - дипломаттык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкери тарабынан электрондук кол тамга (мындан ары - ЭКТ) аркылуу.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган идентификациялык жеке номери жок адамдын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон тышкары, жарандык абалдын актыларын жазууларынын бардык түрлөрү идентификациялык жеке номер болгон учурда гана жүргүзүлөт.";
- 6-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазууларынын бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларынын жазууларынын болушу жана/же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү берүү арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу төмөнкүдөй документтердин биринин негизинде жүргүзүлөт:";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- качкындын күбөлүгү;
- он алты жашка толгон адамдар үчүн фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо - туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен документтештирилбеген жана он сегиз жашка толо элек (жашы жете элек) адамдарга карата.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, жарандык абалдын актыларынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн жана өтпөгөндүгүн күбөлөндүрүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердин аныктыгы эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу ырасталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.";
- 11, 12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Баланын туулгандыгы, аты-жөнүн өзгөртүү, никеге туруу, никени бузуу жана өлгөндүгү тууралуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду, толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу маалымат алмашуу жана жарандын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу процесске тартылган кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
12. Күбөлүктүн жоголгон, бузулган, бланкы эскирген, ламинацияланган, тексти жана/же мөөрү окулбаган, маркумдун өлгөндүгү жөнүндө жакын тууганынын күбөлүк алуусу үчүн кайрылган учурда жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан арыз ээси кайрылган жери боюнча жана ал кайрылган күнү жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кайталап берет. "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актыларынын жазуулары жок болгон учурда "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жери боюнча суроо-талап жөнөтүлөт жана ал үч жумуш күндүн ичинде санариптештирилет.";
- 14-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кагаз түрүндөгү Жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүүдө, жарандык абалдын актыларынын жазууларын, жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмө, ошондой эле маалымкаттарды берүүдө жарандык абалдын актыларынын жазуулары санариптештирилет.";
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген өтүнмө боюнча арыз ээси жарандык абалдын актыларынын жазууларынан көчүрмөлөрдү, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазуулардын бардык түрлөрү боюнча электрондук документ түрүндө жарандык абалдын актыларынын жазууларынын болгондугу жана/же болбогондугу жөнүндө маалымкаттарды жана билдирүүлөрдү алат.";
- 17-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- ата-энесинин бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген электрондук түрдө белгиленген үлгүдөгү арыз;
- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат же бала медициналык мекемеден тышкары төрөлгөн учурда ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы, дарыгер же башка медициналык кызматкер тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;
- баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин ырастоочу документтери же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин ырастоочу документтери (КБМРде жок болгон учурда);
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча жакын тууганынын ким экендигин ырастоочу документтер;
- никеге туруу тууралуу күбөлүк (КБМРде жок болгон учурда);
- ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда, бала төрөлгөн фактысын ырастоочу чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар);
- баланын жашына карабастан төрөлгөн фактысын белгилөө жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими - туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда.
Эгерде баланын атасы менен никеде турбаган баланын энеси каза болсо же баланы төрөлгөндөн кийин саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса же бала төрөлгөндөн кийин аны саламаттык сактоо уюмунда калтырса жана энесинин жашаган жери белгисиз болсо, баланын туулгандыгын каттоо бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн же бала кимде болсо, ошол адамдын арызы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде баланын ата-энеси бала төрөлгөндөн кийин аны саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, баланын туулгандыгын каттоо бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын арызы боюнча жүргүзүлөт.";
- 20-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу жок болгон учурда (ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер соттук тартипте чечилет. Балага ысымды, атасынын атын ыйгаруу үчүн баланын ата-энесинин (атасы менен никеге турбаган энесинин) жакын тууганы кайрылган учурда баланын атын жана атасынын атын көрсөтүү менен ата-энесинин (атасы менен никеге турбаган энесинин) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат.";
- 21-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Туулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актысын ырастоо иретинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Мында жарандык абалдын актысынын электрондук жазуусунда тиешелүү белги коюлат.";
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пунктта:
бешинчи, сегизинчи, он биринчи, он тогузунчу, жыйырма үчүнчү абзацтар "белгиленген формадагы" деген сөздөрдөн кийин "электрондук түрдөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
он үчүнчү абзац "тууралуу күбөлүк" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пункттун төртүнчү абзацындагы "корпоративдик почта" деген сөздөр "ЖААЖ" АМС" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баланын ата-энесинин электрондук түрдөгү биргелешкен арызы;";
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Табылган (ташталган) баланы мамлекеттик каттоо жөнүндө өтүнүчү менен бир убакта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ички иштер органы тарабынан берилген баланын табылган убактысын, жерин жана жагдайларын көрсөтүү менен баланын табылгандыгы жөнүндө акт (эгерде табылган бала жөнүндө ички иштер органына арыз келип түшкөн болсо);
- медициналык уюм тарабынан берилген жана табылган (ташталган) баланын болжолдуу туулган күнүн жана жынысын күбөлөндүргөн документ.
Табылган баланын фамилиясы, аты, атасынын аты тууралуу маалыматтар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү менен туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна киргизилет. Табылган (ташталган) баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна киргизилбейт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү бала табылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.";
- 32-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- никеге туруп жаткан адамдардын электрондук түрдөгү биргелешкен арызы;";
он жетинчи абзацтагы "(анын ичинен ооруганда)" деген сөздөр "(никеге туруп жаткан жубайлардын бири катуу ооруган учурларда)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам же качкын менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген учурларда жүргүзүлөт:
- белгиленген формадагы электрондук түрдөгү биргелешкен арыз;
- никеге турууну каалаган, биргелешип арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өзүнчө арызы, мында чет өлкөлүк нотариус күбөлөндүрүлгөн арыз легалдаштырылууга (апостилдештирилүүгө) тийиш;
- никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин ырастоочу документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин ырастоочу документтер;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостиль коюлган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелген чет өлкөлүк жарандын, качкындын никеде турбагандыгы жөнүндө маалымкаты. Мында мурунку никенин бузулгандыгын ырастоочу документтер (никени бузуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, соттун чечими) талап кылынбайт;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, жарандыгы жок адам деп таанылган мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостиль коюлган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелген жарандыгы жок адамдын, качкындын никеси жок экендиги жөнүндө маалымкаты.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никеге турууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.";
- 46-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Ортосунда жашы жете элек балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогон жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар тарабынан никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин, бирок үч айдан ашпаган мөөнөттө жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт.";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- никени бузуу жөнүндө электрондук түрдөгү биргелешкен арыз;";
- 48-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жубайлардын биринин электрондук түрдөгү арызынын;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин, бирок үч айдан ашпаган мөөнөттө анын катышуусунда жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын;
"Сот тарабынан жаранды өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун тиешелүү чечимдери жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын биргелешкен арызы боюнча жүргүзүлөт.";
- 49-пунктта:
алтынчы абзацтагы "арыз" деген сөз "электрондук түрдөгү арыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзацтагы "жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун" деген сөздөр "аймактык жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 50-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ошол эле учурда никеге чейинки фамилиясын кайра алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү түрдө алмаштырылууга тийиш.";
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Он алты жашка толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.
Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын (баланын энеси менен никелешүү тууралуу күбөлүктү берген учурда) же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат. Он алты жашка толгон адам атасынын атын көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча арыз ээсинин каалоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акы төлөнүүчү негизинде шашылыш түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда жарандардан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш-жаза иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө эл аралык макулдашуулардын чет өлкөлүк катышуучу мамлекеттерди кошпогондо, кийин тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу маалыматтарды жөнөтүү менен жарандык абалдын актыларын жазуунун көчүрмөсүн талап кылбастан кабыл алынат.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актыны жазуу түзүлгөн күндөн тартып жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
16 жашка толгон, бирок Кыргыз Республикасынын паспорту менен документтештирилбеген адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берген учурда (КБМРде жок болгон учурда) анын арызы боюнча жүргүзүлөт.";
- 53-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда);";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баланын атасынын атын өзгөртүү "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын (ушул Нускаманын 52-пунктунун экинчи абзацынын) талаптарына ылайык жазылат же атасынын аты көрсөтүлбөйт.";
- 54-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. Жашы жеткен адамдын же 16 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен документтештирилген жашы жете элек адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилген учурда жүргүзүлөт:";
- 56-пункттун биринчи абзацындагы "электрондук почта боюнча" деген сөздөр "ЖААЖ" АМС аркылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларынын тийиштүү жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрүн берүүгө алып келет.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк берилет жана туулгандыгы тууралуу (никелешүү тууралуу, никенин бузулгандыгы тууралуу) жаңы күбөлүк берилет. Мында электрондук жана кагаз жүзүндөгү туулгандыгы тууралуу актыны жазууга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белги коюлат.
Мурда берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр алып коюлат.";
- 59-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Ата-энелери фамилияларын жана аттарын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жете элек балдарынын фамилиясы жана атасынын аты алардын фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө арызы боюнча гана өзгөртүлөт.";
- 61-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү бир эле убакта мамлекеттик каттоого жол берилбейт.
Жаран берген арызынын негизинде атын гана же болбосо фамилиясын гана, же болбосо атасынын атын гана, же болбосо фамилиясын жана атын, же болбосо фамилиясын жана атасынын атын, же болбосо атын жана атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кийинки мамлекеттик каттоого бир жыл өткөндөн кийин мүмкүн болот.
Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.
Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.";
- 67-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. ИЖНи жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ИЖНи жок жүргүзүлөт.";
- 69-пункттагы "кагаз жүзүндөгү өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазууга тиркелет" деген сөздөр "көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык архивде сакталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 70-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөн адам таанылган жана анын маалыматтары менен медициналык күбөлүк берилген учурда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн адам тууралуу тийиштүү маалыматтар киргизилгенден кийин берилет.";
- 71-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мыйзамда белгиленген тартипте өлдү деп жарыяланган адамдардын өлүмүн каттоодо "Өлгөн датасы" графасына соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген дата, "Өлгөн жери" графасына - "белгисиз" деп жазылат.";
- 76-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу легалдаштырылган, апостилирленген жана мамлекеттик же расмий тилге которулган документтер, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү катталгандыгын ырастоочу чет мамлекеттин документи келип түшкөн учурда, "ЖААЖ" АМСте жаранга "өлгөн" статусу ыйгарылат.
Башка учурларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан же чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөндүгү тууралуу маалымкаттар, кабарлоолор формасындагы маалыматтар келип түшкөн учурда "ЖААЖ" АМСте жаран жөнүндө маалыматтарда "өлгөн"." деген белги коюлат.";
- 77-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"77. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү өлгөндүгү тууралуу актыны жазуунун негизинде арыз ээсине өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн берет. Өлгөн адамдын жакын туугандарынын арызынын негизинде өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү талап кылынган учурда аларга да өлгөндүгү тууралуу күбөлүк кайталанып берилет. Өлгөндүгү тууралуу бардык берилген күбөлүктөр, анын ичинде кайталанып берилгендер жарактуу болуп саналат.";
- 78-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүлөрдүн электрондук түрдөгү арызы;
- баланын никеде турбаган атасынын жана энесинин;
- бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атасынын, энеси өлгөн же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен.
Аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү баланын атасы менен никеде турбаган баланын энесинин арызы боюнча туулгандыгы катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Баланын туулгандыгы катталгандан кийин анын энеси менен никеде турбаган баланын атасынын аталыгын аныктоого байланыштуу оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө белгиленген формадагы арызды берүүдө төмөнкү документтердин бири берилүүгө тийиш:
- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ("ЖААЖ" АМСте өлгөндүгү тууралуу актыны жазуу жок болгон учурда);
- энесин аракетке жөндөмсүз деп таануу же аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими;
- атасы жашы жете элек балага карата аталыгын аныктоо жөнүндө арыз берген учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген, аталыгын аныктоого бул органдын макулдугун ырастоочу документ;
2) аталыгын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Соттун чечими боюнча аталыгын аныктоо жөнүндө арыз баланын атасы жана энеси (алардын бири) же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;
3) бала асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Соттун чечими боюнча бала асырап алуу жөнүндө арыз бала асырап алуучулар же алардын бири же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
Бала асырап алуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде баланын туулган датасы жана (же) жери, баланын туулгандыгы мамлекеттик катталган жер өзгөртүлгөн учурда арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу менен баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу түзүлөт. Баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу түзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу актынын мурда жазылган жазуусуна киргизилет;
4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө актыны жазуу;
5) оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.
Соттун чечими боюнча ЖААЖга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз кызыкдар адам же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;
6) баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актыны жазууга киргизүү же болбосо аларды өзгөртүү же алып салуу жөнүндө арызы;
7) он алты жашка толгон адамдын атасы же энеси (ата-энеси) атын өзгөрткөн учурда анын туулгандыгы тууралуу актыны жазуудагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө арызы;
8) өлгөндүгү белгисиз адамдын өлүмү катары катталган өлгөн адамдын ким экендигин аныктоо тууралуу алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген белгиленген формадагы документ;
9) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы тууралуу белгиленген формадагы документ - эгерде өлүмү мурда катталган болсо;
10) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде каралган учурларда жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын корутундусу.";
- 81-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жол берилет, ошол эле учурда ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүк алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.";
- 84-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"84. Жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду жарандык абалдын актыларын жазууда төмөнкүдөй туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлгөн, ошондой эле орфографиялык каталарга жол берилген учурларда жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан чыгарылат:
- туулгандыгы тууралуу актыны жазуудагы маалыматтар жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтардан айырмаланса;
- кагаз жүзүндөгү жарандык абалдын актысын жазууда жарандын жеке маалыматтары менен айырмачылыктар болсо;
- берилген жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыгы менен дал келбестиктер болсо;
- өлүмдү мамлекеттик каттоо саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу болжолдуу маалымкаттын негизинде жүргүзүлсө, акыркы маалымкат көрсөтүлгөн учурда;
- жарандык абалдын актысын жазууда эки атасынын аты көрсөтүлсө;
- туулгандыгы тууралуу актыны жазууда ата-энеси жөнүндө толук маалымат көрсөтүлбөсө;
- баланын же жарандын иш жүзүндө туулгандыгы тууралуу актыны жазууда көрсөтүлгөндөн башка ысымы болсо;
- туулгандыгы тууралуу актыны жазууда баланын же жарандын толук аты көрсөтүлбөсө (кичирейткен, эркелеткен, кыскартылган);
- жарандык абалдын актысын каттоо учурунда каталарга жол берилсе (бурмалоо, маалыматтарды же айрым сөздөрдү өткөрүп жиберүү);
Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Нускамада белгиленген ченемдерди эсепке албастан жүргүзүлсө.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин жарандык абалдын актысын жазууга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө корутундусу электрондук форматта түзүлөт, анын негизинде жарандык абалдын актысын каттоо тууралуу жаңы күбөлүк жазылып берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 84-1-пункт менен толукталсын:
"84-1. ЖААКга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз жарандык абалдын актысы түзүлгөн адам тарабынан же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
Эгерде жарандык абалдын актысын жазуу 16 жашка толо элек же толгон, бирок Кыргыз Республикасынын паспорту менен документтештирилбеген адамга карата түзүлсө, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз анын ата-энесинин бири, камкорчусу (көзөмөлчүсү) же алар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет.
Арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда КБМРдеги маалыматтарга ылайык жарандык абалдын актысын жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз таризделет, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жараксыз болгон учурда, - анын туулгандыгы тууралуу актыны жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз таризделет.";
- 100-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"100. Бала асырап алууга байланыштуу туулгандыгы тууралуу калыбына келтирилген жазууну кошпогондо, калыбына келтирилген жазуунун негизинде берилүүчү жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарына жазуунун калыбына келтирилгенин ырастоочу белги коюлат.";
- 103-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "103. Баланын туулган жери жана датасы өзгөргөндүгүнө байланыштуу соттун бала асырап алуу жөнүндө чечими боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазууну түзүүдө баланын туулгандыгы тууралуу актыны баштапкы жазуу жокко чыгарылууга тийиш, ошол эле учурда мурда берилген идентификациялык жеке номер блоктолот.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 103-1-пункт менен толукталсын:
"103-1. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жубайы келген учурда жана сот тарабынан соттун тиешелүү чечими жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын кайрылган жери боюнча биргелешкен арызы боюнча жүргүзүлөт.
Адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түзүлгөн өлгөндүгү тууралуу актыны жазуу жокко чыгарылат, ал эми никелешүү тууралуу актыны жазуу баштапкы абалга келтирилет.
Соттун дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түзүлгөн никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу жокко чыгарылат, ал эми никелешүү тууралуу актыны жазуу баштапкы абалга келтирилет.
Никелешүү, өлгөндүгү же никенин бузулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жубайлар кайрылган жерде болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу органы санариптештирүү үчүн "ЖААК" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына үч жумуш күндүн ичинде суроо-талап жөнөтөт.";
- 105-пункттагы "өчүрүлүүгө тийиш" деген сөздөр "оңдолууга же өчүрүлүүгө тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |