Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 20-марты ПЖ № 79
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374 , 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын улуттук камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн камсыздандыруу рыногуна карата ишенимин жогорулатуу, камсыздандырылуучулардын (пайда табуучулардын) өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө келтирилген залал менен байланышкан зыяндын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору:
1) "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунда (мындан ары - "МКУ" ААК) баланстагы мүлктү жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну камсыз кылсын;
2) өзүнүн бюджеттерин жыл сайын түзүүдө баланстагы мүлктү жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууга чыгымдарды каржылоону карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "МКУ" ААКты кайра камсыздандыруу, анын ичинде Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында экспорттук тобокелдиктер боюнча улуттук оператор катары аныктасын;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында "МКУ" ААКты жана анын филиалдарын мамлекеттик имараттарга жайгаштыруу маселесин чечсин;
3) 2024-жылы "МКУ" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүгө 150000000 (бир жүз элүү миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана бөлүп берсин;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан графикке ылайык уставдык капиталды көбөйтүү үчүн 2027-жылга чейин белгиленген тартипте "МКУ" ААКка 5000000000 (беш миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана этап-этабы менен бөлүп берсин;
5) 2027-жылга чейин "МКУ" ААКтын ишинен алынган ар жылдык 100 пайыз өлчөмүндөгү таза пайданы бюджеттик кирешелерди жана/же чыгымдарды бөлүштүрүүнүн эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүгө багыттасын;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролго алсын жана жарым жылдыкта бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдап турсун;
7) эки айлык мөөнөттө төмөнкүдөй учурларда "МКУ" ААК менен камсыздандыруу келишимин милдеттүү түзүүнү караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин:
- күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандырууда;
- турак жайлар менен бүтүмдөрдү жасоодо;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга менчик укуктарын каттоодо жана кайра каттоодо;
8) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
81) «МКУ» ААКтын акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374, 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. "МКУ" ААКка ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, чарбалык коомдордун мүлкүн жана жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууну жүргүзүү сунушталсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |