Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 10-майы № 83
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Эквайрингди Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка уюмдар жүзөгө ашыра алышат.»;
2) 20-беренеде:
а) 31-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 32-бөлүк менен толукталсын:
«32. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмитацияланган) түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык процессинг борборлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Процессинг борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
Процессинг борборлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору менен бириктирүү (интеграциялоо) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептещүүлөр системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
«41. Түрдүү төлөм системаларынын карталары менен жасалган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг жана эсептешүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул Мыйзамдын 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-беренесинин 2-пунктунун «б» жана «в» пунктчаларын кошпогондо, 2024-жылдын 4-майынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 18-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |