Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-апрелиндеги № 20
Айылдык кенештин жооптуу катчысынын квалификациялык талаптарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4- апрелиндеги №189 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндөгү" токтомуна жана 2021- жылдын 27-октябрындагы №125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Семеновка айылдык аймагынын айылдык кенешинин администрациялык кызмат ордуна квалификациялык талаптарын бекитүү максатында токтом кылам:
1. Семеновка айылдык аймагынын айылдык кенешинин администрациялык кызмат ордуна карата квалификациялык талаптары бекитилсин.
2. Ваканттык администрациялык кызмат ордуна ачык конкурс өткөрүүдө бекитилген квалификациялык талаптар жетекчиликке алынсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Б. Урбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |