Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-апрели № 206
Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 703, 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 170, 2026-жылдын 26-майындагы № 370, 2026-жылдын 14-июлундагы № 485, 2026-жылдын 14-августундагы № 547 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-сентябрындагы № 454/4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинен "Өтө жашыруун" грифин, Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жободон "Жашыруун" грифин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-февралындагы № 55/2 токтому менен бекитилген Ачыкка чыгарууга болбоочу маалыматтардын тизмегинен "Жашыруун" грифин алып салуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорунан "Өтө жашыруун" жана "Жашыруун" грифтерин алып салуу жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырларды түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин жана Иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтын категорияларынын жашыруундук даражасын белгилөө жана маалыматтын жашыруундук даражасын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери ушул токтом менен бекитилген тизмектердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылсын.
4. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар алардын ишинин чөйрөсүндөгү маалыматтарды тактоо жана системалаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинин негизинде жашыруун кылынууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыксын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы N 703, 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 170, 2026-жылдын 26-майындагы № 370, 2026-жылдын 14-июлундагы № 485, 2026-жылдын 14-августундагы № 547 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.
11. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги.
13. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
14. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.
14-1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
151. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
152. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы.
16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
16-1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.";
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги.
18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик.
19. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы.
19-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
192. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.
20. "Дастан" ТУК" ачык акционердик коому.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы N 703, 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 170 , 2026-жылдын 26-майындагы № 370, 2026-жылдын 14-июлундагы № 485, 2026-жылдын 14-августундагы № 547 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында бекитилүүдө.
2. Тизмекке Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, коопсуздугун, экономикалык, илимий-техникалык жана саясий, анын ичинде чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө ишинде кызыкчылыктарын козгогон, мамлекеттик сырларга таандык маалыматтар киргизилген, аларды ачыкка чыгаруу же жоготуу төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине коркунуч жаратуу менен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына жана/же коопсуздугуна орду толгус зыян келтириши;
- экономикалык, саясий, аскердик жана мамлекеттик кызыкчылыктарга терс таасирин тийгизиши же аталган кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун улуттук кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүдө кызыкчылыктарына зыян келтириши.
3. Тизмекте жетекчилерине маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар көрсөтүлгөн.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар алардын ишинин чөйрөсүндөгү маалыматтарды тактоо жана системалаштыруу максатында ушул Тизмектин негизинде жана алкагында жашыруун кылынууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыгат.
5. Тизмекте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
курал-жарак - душмандын жандуу күчүн, техникасын, курулмаларын жана башка объекттерин кыйратууга багытталган каражаттар, бул каражаттардын курамдык бөлүктөрү жана комплекттөөчү буюмдар;
аскердик техника - күжүрмөн аракеттерди камсыз кылууга, аскерлерди окутууга, курал-жаракты жана аскердик техниканы (чалгындоо, байланыш, башкарууну автоматташтыруу каражаттары, радиоэлектрондук техника, инженердик машиналар, автомобилдер, самолеттор, вертолеттор ж.б.) сыноого багытталган каражаттар;
курал-жарак жана аскердик техника буюмдары - курал-жарактын жана аскердик техниканын системасы, орнотмосу, үлгүсү;
негизги комплекттөөчү буюмдар - курал-жарактын жана аскердик техниканын комплексинин, системасынын же буюмдарынын курамына кирген агрегаттар, блоктор, түйүндөр, приборлор, материалдар, химиялык продукттар, аппаратура жана башкалар;
өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттер - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды колдонуу менен иштер жүргүзүлүүчү жана алардын иштөөсү үчүн атайын коопсуздук чаралары белгиленген объекттер.
№ | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына киргизилген маалыматтар | Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана уюмдардын аталышы |
|
Аскер жаатындагы маалыматтар |
| ||
1 | Аскерлерди колдонуу пландарын камтыган маалыматтар, ыкчам пландар, күжүрмөн башкаруу документтери, аскерлерди күжүрмөн даярдыктын ар түрдүү деңгээлине келтирүү боюнча документтер | КМ, ЮМ, УКМК, ӨКМ, ИИМ, МЧК, МКК |
|
2 | Куралдуу күчтөрдү стратегиялык жайылтуу тууралуу маалыматтар | КМ |
|
3 | Аскерлерди өнүктүрүү, саны, күжүрмөн курамы же саны, алардын күжүрмөн даярдыгы, ошондой эле аскердик-саясий жана (же) ыкчам кырдаал жөнүндө маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, ЮМ, МЧК, МКК |
|
4 | Аскерлердин ыкчам (күжүрмөн) даярдык абалын, алардын ишинин камсыз кылынгандыгын, аскерлерди башкаруу системасынын курамын жана (же) абалын камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, ЮМ, МЧК, МКК |
|
5 | Аскерлерди мобилизациялык жайылтуу, адам жана транспорт ресурстарын мобилизациялоо, мобилизациялык жайылтууну башкаруу системасы жана (же) аскерлерди өздүк курам менен комплекттөө, курал-жарак, аскердик техника жана башка материалдык, финансылык каражаттар, ошондой эле аскердик ташуулар менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ӨКМ, ЮМ, МЧК, МКК |
|
6 | Курал-жаракты жана аскердик техниканы өнүктүрүү багыттарын, узак мөөнөттүү болжолдорун же планын, максаттуу программаларды аткаруу мазмунун же жыйынтыктарын, курал-жарактын жана аскердик техниканын үлгүлөрүн түзүү же модернизациялоо боюнча изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди, алардын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ФМ, ӨКМ, ЭКМ, МЧК, МКК |
|
7 | Курал-жаракты жана аскердик техниканы иштеп чыгуу, конструкциялоо багыттарын, жасоо технологиясын, изотоптук курамын, күжүрмөн, физикалык, химиялык касиеттерин, колдонуу же эксплуатациялоо тартибин камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, МЧК, МКК |
|
8 | Бактериялык же медициналык коргоо каражаттарын чыгаруу жана (же) жеткирүү (табигый түрдө) жөнүндө пландык же иш жүзүндөгү маалыматтарды, өндүрүш кубаттуулугун камтыган маалыматтар | КМ, ЭКМ, ССМ, ӨКМ, МЧК |
|
9 | Аскердик багыттагы жарылуучу заттардын же жарылуучу каражаттардын, ошондой эле курал-жарак жана аскердик техника үчүн жаңы эритмелердин, атайын суюктуктардын, отундун касиеттерин, аларды өндүрүүнүн рецептурасын же технологиясын камтыган маалыматтар | КМ |
|
10 | Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык жарыяланууга тийиш болгон объекттерден тышкары, аскерлердин жайгашкан жерин, чыныгы аталышын, уюштуруучулук түзүмүн, курал-жарагын, санын, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын өздүк курамынын штаттык жана тизмелик санын камтыган маалыматтар | КМ, РШМ, ӨКМ, УКМК, ЮМ, МЧК, МКК |
|
11 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу абалын мүнөздөгөн маалыматтар | МЧК, УКМК, КМ, МКК |
|
Экономика, илим жана техника жаатындагы маалыматтар |
| ||
12 | Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо максатында анын инфраструктурасын колдонуу жөнүндө, согуш жана тынчтык убагында Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу иштөөгө даярдыгын аныктоочу көрсөткүчтөр тууралуу маалыматтар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык планынын уюштуруучулук түзүмүн же көрсөткүчтөрүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мобилизациялык даярдык абалын камтыган маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
13 | Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык жарыяланууга тийиш болгон объекттерден тышкары, өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттердин жайгашкан жери, багыты, даярдык, коргонуу же эксплуатациялоо деңгээли жөнүндө маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
14 | Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында байланыштын өз ара байланышкан тармагын колдонуу же өнүктүрүү келечеги жөнүндө маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, СӨМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
15 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, коргоо, улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ижарага алуучу магистралдык шаар аралык байланыш линияларынын, анын ичинде запастык байланыш түйүндөрүнүн географиялык координаттары камтылган, алардын кубаттуулуктары тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн схемалар жана сыпаттамалар менен маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
16 | Аскердик же атайын багыттагы радиоэлектрондук каражаттардын радиожыштык тилкелерин бөлүштүрүүнү же колдонууну камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, СӨМ, ЮМ, ӨКМ, МЧК, МКК жана өз милдеттерин аткарууда бул маалыматтарды пайдалана алган башка мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
17 | Байланыштын бардык түрлөрүн уюштурууну же иштешин, аскерлерди радиолокациялык, радиотехникалык камсыздоону камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, ЮМ, МЧК, МКК жана өз милдеттерин аткарууда бул маалыматтарды пайдалана алган башка мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
18 | Мамлекеттик чек ара кызматынын ишинин негизги түрлөрүнүн мазмунун, уюштурулушун же жыйынтыктарын камтыган маалыматтар | МЧК |
|
19 | Кош багыттагы каражаттарды, технологияларды өнүктүрүү багыттарын, бул технология каражаттарын түзүү же модернизациялоо боюнча максаттуу программалардын, илимий-изилдөө жана (же) тажрыйба-конструктордук иштердин мазмунун, аткаруунун жыйынтыктарын камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ФМ, МЧК, ЖМКМА |
|
20 | Кош багыттагы каражаттарды, технологияларды аскердик максатта колдонуу жөнүндө маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ЭМ, МЧК, МКК, ЖМКМА |
|
201 | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты иштеп чыгуу үчүн арналган маалыматты коргоо каражаттары, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттары жөнүндө маалыматтар | ЖМКМА, УКМК | |
21 | Курал-жарактын, аскердик техниканын мүмкүнчүлүктөрүнүн сапаттуу жаңы деңгээлин аныктоочу илимдин жана техниканын жетишкендиктери, метрологиялык камсыздоо каражаттары, алардын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, МЧК, МКК, ЖМКМА |
|
22 | Кыргыз Республикасынын коргоо жана коопсуздук кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук же долбоордук иштердин мазмунун жана (же) багытталышын камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, МЧК, МКК «Дастан ТУК» ААК», ЖМКМА |
|
23 | Кыргыз Республикасынын коопсуздук кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү иш-чараларды камтыган кадрларды даярдоо же бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
24 | Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү атайын геологиялык-геофизикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыган маалыматтар | КМ, ЭКМ, МЧК |
|
25 | Негизги коргонуу же экономикалык мааниге ээ болгон гравиметриялык, геодезиялык, топографиялык же картографиялык иштин жыйынтыктарын камтыган маалыматтар | КМ, ЭКМ, Жер агенттиги, ЖРЭТКМ, ӨКМ, МЧК |
|
26 | Мамлекеттик коргонуу заказынын планын (тапшырма), курал-жаракты жана аскердик техниканы жеткирүү көлөмүн, аларды чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулукту камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ӨКМ, МЧК, МКК, ЖМКМА |
|
27 | Курал-жаракты жана аскердик техниканы иштеп чыгуучулардын жана жасоочулардын кооперациясы боюнча байланышты камтыган маалыматтар, эгерде бул маалыматтар аларды чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктар жана (же) курал-жарактын жана аскердик техниканын негизги тактикалык-техникалык мүнөздөмөсүн камтыса | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ӨКМ, МЧК, МКК «Дастан ТУК» ААК», ЖМКМА |
|
28 | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызыкчылыгында кабыл алынуучу Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттер менен суу маселелери боюнча чечимдерди даярдоо маселелерине таандык маалыматтар | ЖРЭТКМ, ЭКМ, САЧКӨМ |
|
29 | Кыргыз Республикасында мамлекеттин коргонуусун, улуттук жана коомдук коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан республикалык бюджеттин чыгымдары тууралуу маалыматтар | УКМК, ИИМ, КМ, ФМ, ЮМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
30 | Курал-жарак жана аскердик техника жасоо боюнча илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерге кеткен чыгымдарды камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, МЧК, МКК, ЖМКМА |
|
31 | Курал-жарак жана аскердик техниканы, өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттерди заказ берүүгө, иштеп чыгууга, чыгарууга же оңдоого кеткен ассигнованияны же иш жүзүндөгү чыгымдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, Жарандык коргонууга, УКМКга, ИИМге кеткен акча каражаттарынын иш жүзүндөгү чыгымдарын камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ЮМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
32 | Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторун жана монеталарын (нумизматикалык банкноттор жана коллекциялык монеталардан тышкары) чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу, алардын дизайнын иштеп чыгуу, даярдоо жана жеткирүү маселелерине кирген маалыматтар | УБ |
|
33 | Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкноттору жана монеталарынын жана мамлекеттик баалуу кагаздардын техникалык спецификациялары тууралуу маалыматтар | ЭКМ, ФМ, УБ |
|
34 | УБ резервдик фондунун сактагычтарындагы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун жана монеталарынын запасын камтыган маалыматтар | УБ |
|
35 | Жалпы колдонуудагы продукцияны, чийки заттын стратегиялык түрлөрүн өндүрүү боюнча мобилизациялык кубаттуулук тууралуу маалыматтар, бул кубаттуулуктарды түзүү жана (же) өнүктүрүү жөнүндө материалдар | КМ, ЭКМ, ФМ, ЭМ, ӨКМ |
|
36 | Калкты жапырт кыйратуучу куралдан химиялык коргоо же алар үчүн жаңы сорбциялык жана башка материалдардан индикация, дегазация каражаттарын түзүү максатында жүргүзүлүүчү иштерди камтыган маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
37 | Аскердик максат үчүн транспорт тармагынын абалын, жабдуусун, даярдыгын, транспорт каражаттарын, аскердик ташуулардын жана курал-жаракты жана аскердик техниканы ташуу маршруттарынын көлөмүн камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ТКМ, ЮМ, ӨКМ |
|
38 | Темир жол аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу боюнча, аскердик жүк ташууну уюштуруу жана анын көлөмү, энергетикалык, минералдык, айыл чарба чийки заттын, отундун стратегиялык түрлөрү, материалдарды, курал-жарактардын жана аскер техникасынын айрым түрлөрүн ташуунун көлөмү жана ташуу маршруттары, байланыш же башкаруу системасын уюштуруу жана (же) иштетүү боюнча темир жолдордун мүмкүнчүлүктөрүн жана (же) мобилизациялык резервдерин камтыган маалыматтар | КМ, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ТКМ, ӨКМ, МЧК |
|
39 | Аскерлерди жүктөө же түшүрүү пункттарынын жайгашкан жерин, адистешүүсүн, кубаттуулугун жана (же) өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, алардын азык-түлүк, медициналык-санитардык жактан тейлениши тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ФМ, ЭКМ, ССМ, ЮМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
40 | Транспорт каражаттарына, анын ичинде транспорттун айрым түрлөрүнө болгон мобилизациялык керектөөнү жана (же) алардын мобилизациялык камсыздуулугун камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ЭКМ, ФМ, ӨКМ |
|
41 | Жарандык коргонуу күчүнүн же каражаттарынын абалын камтыган маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
42 | Стратегиялык материалдардын жана товарлардын номенклатурасын жана запастарын, материалдык баалуулуктардын запастарын, мамлекеттик материалдык жана (же) мобилизациялык резервдердин жайгашкан жерин, иш жүзүндөгү запастарын, аларды колдонууну камтыган маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
43 | Буюмга, курал-жаракка, аскер техникасына, маанилүү жарандык продукцияга документтердин камсыздандыруу/резервдик фондун, ошондой эле тобокелдик фактору жогору болгон объекттерге, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу системасына жана улуттун энчиси болуп эсептелген объекттерге долбоордук документтерди, документтерди камсыздандыруу фондун сактоо объекттеринин (базаларынын) жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды түзүүнү жана сактоону мүнөздөгөн маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
44 | Согуш учурунда мамлекеттин чет өлкөлөр менен төлөм балансын камтыган маалыматтар | КМ, ЭКМ, ФМ, ӨКМ, МЧК |
|
45 | Республиканын коргоо кызыкчылыгына пайдаланылышы мүмкүн болгон тоо кенин өндүрүү, табигый жабдуулар жана башка курулмалар тууралуу маалыматтар | КМ, МЧК |
|
46 | Республиканын жалпы жарандык авиациясы боюнча аскердик максатта самолетторду жана аэродромдорду жабдуу тууралуу маалыматтар | КМ, ЖАМА, МЧК, ӨКМ |
|
47 | "А" литердик рейс тууралуу маалыматтар | ЖАМА, ӨКМ, ФМ, ИБ, КМ |
|
48 | Мобилизациялык даярдыктын кубаттуулугу, пландары, мобилизация жана өзгөчө мезгилдеги саламаттык сактоо системасы тууралуу маалыматтар | ССМ |
|
49 | Имараттарды бөлүп берүү, ылайыкташтыруу же жабдуу боюнча, атайын түзүлүштөр (оорук госпиталдары) үчүн алардын багытталышын камтыган маалыматтар | ССМ |
|
50 | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоо тууралуу маалыматтар | ССМ |
|
51 | Медициналык багыттагы (дары каражаттары жана медициналык буюмдар) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын жыйынтыктоочу номенклатурасынын түзүмү, ошондой эле медициналык багыттагы мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын түптөө, жаңыртуу, алмаштыруу жана бошотуу жана бул иш-чараларды каржылоонун көлөмү тууралуу маалыматтар | ССМ |
|
51-1 | Салык кызматынын органдарынын маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун техникалык мүнөздөмөлөрү, архитектурасы, эсептөө кубаттуулуктары жана башка параметрлери жөнүндө маалыматтар, анын ичинде мамлекеттик сырларга кирген, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана коргоо үчүн арналган сервердик жабдуулар, маалыматтарды сактоо системалары, тармактык инфраструктура, программалык-аппараттык комплекстер жана маалыматтык коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтар | МСК | |
51-2 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын серверинин техникалык мүнөздөмөлөрү, архитектурасы, эсептөө кубаттуулуктары жана башка параметрлери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле шайлоо жабдуулары жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү үчүн пайдаланылуучу программалык-аппараттык комплекстер, маалыматтар базалары, тармактык инфраструктура жана киберкоопсуздук системалары жөнүндө маалыматтар | БШК | |
Тышкы саясат жана экономика жаатындагы маалыматтар |
| ||
52 | Тышкы саясаттын стратегиясын, тактикасын камтыган тышкы саясат, тышкы соода, илимий-техникалык байланыштар маселелери боюнча маалыматтар, аларды эрте жайылтуу Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн | ТИМ, ЭКМ, ФМ, ЭМ, САЧКӨМ, МЧК |
|
53 | Ишеним тартибинде алынган, ачыкка чыгаруу, булакты аныктоого алып келиши мүмкүн болгон бир же бир катар чет мамлекеттердин саясий, аскердик, илимий-техникалык же экономикалык маселелери боюнча маалыматтар | ТИМ, ЭКМ, ФМ, КМ, УКМК, ИИМ, ЭМ, МЧК, МКК |
|
54 | Сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын пикири боюнча бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу тараптардын бирине дипломатиялык татаалдаштырууга алып келиши мүмкүн болгон, эл аралык мамилелерде бирдиктүү принциптүү позицияны иштеп чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматтар | ТИМ, ЭКМ, ФМ, КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, ЭМ, МЧК, МКК |
|
55 | Эрте жайылтуу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болгон эл аралык келишимдерди даярдоо, түзүү, денонсацияга даярдоо, мазмуну же аткарылышы тууралуу маалыматтар | ТИМ, ЭКМ, ФМ, КМ, УКМК, ИИМ, ЭМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
56 | Бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу, тараптардын бирине дипломатиялык татаалдаштырууга алып келиши мүмкүн болгон курал-жарактарды, аскер техникасын же жабдууларды импорттоо жөнүндө маалыматтар, ошондой эле чет мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу маалыматтар | КМ, ФМ, ТИМ, УКМК, ЭКМ, ИИМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
57 | Согуш учурунда чет мамлекеттер менен экономикалык кызматташуунун маңызын же көлөмүн, ошондой эле ушул маселелер боюнча КМШга, ЖККУга катышуучу мамлекеттердин тышкы экономикалык уюмдарынын аскердик-мобилизациялык органдары менен өз ара аракеттенүүнү камтыган маалыматтар | КМ, ӨКМ, ЭКМ, ФМ, МЧК |
|
58 | Согуш учурунда Кыргыз Республикасы менен КМШга, ЖККУга катышуучу мамлекеттердин ортосундагы бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча чийки затты, материалдарды, отунду, жабдууларды, медикаменттерди өз ара жеткирүүнү камсыздоо боюнча иш-чараларды, ишканаларды же объекттерди курууга техникалык көмөк көрсөтүүнүн элементтерин камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ЭКМ, ФМ, ЭМ, ТКМ, ӨКМ, ИИМ, МЧК, МКК |
|
59 | Согуш учурунда Кыргыз Республикасы менен КМШга, ЖККУга катышуучу мамлекеттердин ортосундагы бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча экспорттук-импорттук жүктөрдүн көлөмдөрүн камтыган маалыматтар | КМ, ФМ, ТКМ, ИИМ, ФМ, ЭКМ, МЧК |
|
Чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иши жаатындагы маалыматтар |
| ||
60 | Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин күчтөрүн, каражаттарын, булактарын, методдорун, пландарын, жыйынтыктарын камтыган маалыматтар, ошондой эле эгерде бул маалыматтар саналган маалыматтарды ачыкка чыгара турган болсо, бул ишти каржылоо тууралуу маалыматтар | УКМК, КМ, МЧК, МКК |
|
61 | Ыкчам-издөө ишинин күчтөрүн, каражаттарын, булактарын, методдорун, пландарын, жыйынтыктарын камтыган маалыматтар, ошондой эле эгерде бул маалыматтар саналган маалыматтарды ачыкка чыгара турган болсо, бул ишти каржылоо тууралуу маалыматтар | УКМК, ИИМ, ФМ, ЮМ, КМ, МЧК, МКК |
|
62 | Чалгындоо ишин жүргүзгөн органдар менен жашыруун негизде кызматташып жүргөн же кызматташкан адамдарды жашыруун негизде кызматташууга тартуу максатында иликтенип жаткан адамдар тууралуу маалыматтар | УКМК, КМ, МЧК, МКК |
|
63 | Контрчалгындоо ишин жүргүзгөн органдар менен жашыруун негизде кызматташып жүргөн же кызматташкан адамдарды жашыруун негизде кызматташууга тартуу максатында иликтенип жаткан адамдар тууралуу маалыматтар | УКМК, МЧК, МКК |
|
64 | Ыкчам-издөө ишин жүргүзгөн органдар менен жашыруун негизде кызматташып жүргөн же кызматташкан адамдарды жашыруун негизде кызматташууга тартуу максатында иликтенип жаткан адамдар тууралуу маалыматтар | УКМК, ИИМ, ЭКМ, ЮМ, КМ, МЧК, МКК |
|
65 | Чалгындоо органдарынын кадрдык курамына конкреттүү адамдардын таандыктыгын камтыган маалыматтар | УКМК, КМ, МЧК |
|
66 | Контрчалгындоо органдарынын кадрдык курамына конкреттүү адамдардын таандыктыгын камтыган маалыматтар | УКМК, МЧК, МКК |
|
67 | Ыкчам-мобилизациялык иштин абалын, иш-чараларын же жыйынтыктарын камтыган маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, МЧК, МКК |
|
68 | Радиоэлектрондук чалгындоо органдарынын ишинин күчтөрүн, каражаттарын, методдорун, пландарын, абалын жана жыйынтыктарын, ошондой эле эгерде бул маалыматтар саналган маалыматтарды ачыкка чыгара турган болсо, мындай ишти каржылоо тууралуу маалыматтар | УКМК, ИИМ, КМ, МЧК, МКК |
|
69 | Мамлекеттин контролундагы шифрлер (анын ичинде шифрленген, жашыруун кылынган жана коддолгон байланыш системалары) жөнүндө маалыматтар, өкмөттүк байланыш жана атайын байланыштын башка түрлөрүнүн системасы тууралуу маалыматтар | КМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ, ТКМ, МЧК, МКК, ЖМКМА |
|
70 | Мамлекеттик күзөттөгү объекттердин коопсуздугун камсыздоону уюштурууну, күчтөрдү, каражаттарды же методдорду камтыган маалыматтар | МКК, УКМК, ИИМ |
|
71 | Уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрдүн күчтөрүн, каражаттарын жана методдорун, ошондой эле алар өткөрө турган ыкчам-издөө жана ыкчам-техникалык иш-чараларды камтыган маалыматтар | ИИМ, УКМК, ФМ, ЮМ, МКК, |
|
72 | Мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды камтыган маалыматтарды коргоо методдорун, ыкмаларын же каражаттарын, маалыматты санкциясыз жетүүдөн, чет өлкөлүк техникалык чалгындоодон жана техникалык каналдар аркылуу чыгышын коргоо боюнча пландалган жана (же) өткөрүлө турган иш-чараларды камтыган маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
73 | Мамлекеттик сырларды коргоону уюштуруу же иш жүзүндөгү абалы тууралуу маалыматтар, ошондой эле жашыруундуулук режимин камсыздоого багытталган методдорду, каражаттарды, уюштуруу, техникалык же башка чараларды камтыган маалыматтар | иши мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана уюмдар |
|
74 | Мамлекеттик коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдардын коопсуздугун камсыздоо ишинин күчтөрүн, каражаттарын, булактарын, методдорун, пландарын же жыйынтыктарын камтыган маалыматтар, ошондой эле эгерде бул маалыматтар саналган маалыматтарды ачыкка чыгара турган болсо, бул ишти каржылоо тууралуу маалыматтар | ИИМ, УКМК, ФМ, МЧК, МК |
|
75 | Корголуучу адамдарды башка жерге көчүрүү, документтерин алмаштыруу, сырткы келбетин өзгөртүү, жумуш (кызмат) же окуган ордун коопсуз жердеги убактылуу жайга өзгөртүү сыяктуу коопсуздук чараларын колдонууну камтыган маалыматтар | ИИМ, УКМК, СӨМ, МЧК |
|
76 | Камакка алынган же жаза өтөп жаткан жердеги корголуучу адамга карата колдонулуучу кошумча коопсуздук чараларын камтыган маалыматтар | ИИМ, УКМК, ӨКМ, МЧК |
|
77 | Атайын багыттагы бөлүмдөрдүн кызматкерлери, терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүгө, терроризм актысын аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга жана ачууга катышкан жана (же) көмөк көрсөткөн адамдар жана аталган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалыматтар | УКМК, ИИМ, ӨКМ, МЧК, МКК |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
|
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
|
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
|
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
|
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
|
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
|
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
|
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
|
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
|
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
|
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
|
ЖАМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги |
|
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
|
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
|
ИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
|
МЧК |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы | |
МКК |
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы | |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
"Дастан ТУК" ААК | - | "Дастан ТУК" ачык акционердик коому |
|
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
|
ЖМКМА |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик |