Загрузка документа…
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-беренесинин 2, 3, 4, 7-пункттарын, 8-пунктунун "а" пунктчасын, 12-пунктун кошпогондо, 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 10-майы № 84
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын биринчи бөлүгүндө "жашаган" деген сөз "туруктуу жашаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат.
2. Пенсиянын базалык бөлүгү - пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү алардын пенсиясы дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Мында пенсиянын базалык бөлүгүнүн жеткирилген суммасы пенсиянын толук базалык бөлүгү менен пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугун (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) кемитип салгандан кийинки жалпы пенсиянын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катары аныкталат.
Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
б) 4-пунктта:
- экинчи сүйлөмдө "көбөйүшү" деген сөз "өсүшү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексация аркылуу орточо эмгек акынын (республикада өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалат.";
3) 8-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пенсияны дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгил, ошондой эле 1999-жылдын 19-февралына чейин кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгилдер гана ушул мезгилге карата камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жөнүндө документтерди талап кылбастан кошуп эсептелет.";
б) 2-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) ар бир баланы ал үч жашка толгонго чейин багуу, бирок жалпысынан алганда тогуз жылдан ашпаган;";
в) 3-пунктта "эгерде алардын алдында жана (же) андан кийин (узактыгына карабастан) ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилдер болсо" деген сөздөр "эгерде алардын алдында жана (же) алардан кийин кеминде 12 ай камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгилдер болсо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн ушул статьянын 1, 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенге чейин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жумуш берүүчү же компетенттүү орган тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтердин негизинде эсептелет.";
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын ырастоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат.";
- он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн эмгек китепчесинде камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки иштеген ишинин айрым мөөнөттөрү жөнүндө жазуулар жок учурда, камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандырылган стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат.
Иштеген иши эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай иштин бүтүндөй мезгили эсептелет.";
4) 9-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка толгон аялдар укуктуу.
Курагы боюнча пенсияга укук алуу үчүн зарыл болгон минималдык камсыздандыруу стажы төмөнкүнү түзөт:
2024-жылдын 1-июлунан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин - 5 жыл;
2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин - 6 жыл;
2027-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин - 7 жыл;
2028-жылдын 1-январынан тартып 2028-жылдын 31-декабрына чейин - 8 жыл;
2029-жылдын 1-январынан тартып 2029-жылдын 31-декабрына чейин - 9 жыл;
2030-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин - 10 жыл;
2031-жылдын 1-январынан тартып 2031-жылдын 31-декабрына чейин - 11 жыл;
2032-жылдын 1-январынан тартып 2032-жылдын 31-декабрына чейин - 12 жыл;
2033-жылдын 1-январынан тартып 2033-жылдын 31-декабрына чейин - 13 жыл;
2034-жылдын 1-январынан тартып 2034-жылдын 31-декабрына чейин - 14 жыл;
2035-жылдын 1-январынан тартып 2036-жылдын 31-декабрына чейин - 15 жыл;
2037-жылдын 1-январынан тартып 2038-жылдын 31-декабрына чейин - 16 жыл;
2039-жылдын 1-январынан тартып 2040-жылдын 31-декабрына чейин - 17 жыл;
2041-жылдын 1-январынан тартып 2042-жылдын 31-декабрына чейин - 18 жыл;
2043-жылдын 1-январынан тартып 2044-жылдын 31-декабрына чейин - 19 жыл;
2045-жылдын 1-январынан тартып - 20 жыл.";
5) 91, 10, 121-статьялары күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 13-статьяда:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга" деген сөздөр "Пенсияларга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "д" пунктчасындагы "курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пенсия алган" деген сөздөр алып салынсын;
- "з" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"з) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган, анын ичинде баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайыз өлчөмүндө.";
6) 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Пенсионер райондук коэффициент белгиленбеген же көбүрөөк же азыраак өлчөмдө белгиленген калктуу конушка туруктуу жашоого көчкөн учурда, коэффициенттерди эске алуу менен эсептелген пенсияга кошумча акы кайра эсептелбейт.";
7) 17-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Майыптыгы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү I жана II топтогу майыптар үчүн курагы боюнча пенсиянын белгиленген базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн толук өлчөмүндө дайындалат. III топтогу майыптар үчүн - ушул Мыйзамдын 7, 13, 15, 22-статьяларына ылайык эсептелген пенсиянын белгиленген базалык бөлүгүнүн 50 пайыз өлчөмүндө жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн толук өлчөмүндө.";
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. I топтогу майыптын жалпы пенсиясынын дайындалып жаткандагы өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жыл үчүн иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн эмес белгиленет.";
8) 18-статьяда:
а) 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пунктта:
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) 18 жашка толо элек же андан улуу курактагы балдар (анын ичинде асырап алынгандар, өгөй балдар жана өгөй кыздар), эгерде алар бала кезинен майып деп табылса;";
- "б" пунктчасында "16" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин окуучулары баккан адамынан айрылгандыгы боюнча окуусун бүткөнгө, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин пенсия алууга укуктуу.";
9) 22-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пенсиянын базалык бөлүгү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген пенсионерлерди социалдык коргоонун негизги куралы болуп саналат.";
б) 3-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин:
ЖЭ1 = С х А,
мында: С - жекече эсепке алууга чейин ар бир толук жыл үчүн 1 пайыз өлчөмүндө эсептелген камсыздандыруу стажы.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга пенсия дайындоодо жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу стажына андан ары стажын жыл сайын бир жылга азайтуу менен, эгерде андан кийин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгилдери 12 айдан кем эмес болсо, эркектер үчүн 17 жыл жана аялдар үчүн 12 жыл эсептелет.
A - ЖЭ 1ди эсептөө үчүн айлык акы (киреше) камсыздандыруу стажына жараша пайыздар менен 20 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет: 15 жылга чейин - 200 пайыз, 15 жылдан 20 жылга чейин - 250 пайыз, мында айлык акыга райондук коэффициент белгиленген жерлерде айлык акы белгиленген райондук коэффициентти эске алуу менен кабыл алынат;";
в) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүндө эсепке алынган, пенсия дайындалган датага чейинки топтолгон төгүмдөрдүн аларды төлөп жүргөн бүткүл мезгилиндеги суммасы өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн керектөө бааларынын индексинин чоңдугуна жараша жыл сайын индексацияланат.";
10) 221-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жекече (индивидуалдык) эсепте турган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү пенсионерлерге отчеттук мезгил үчүн, ошондой эле пенсия дайындалган күндөн тартып өткөн мезгил үчүн топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнөн пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык жыл сайын 1-майга карата жүргүзүлөт.";
11) 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 252-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пенсия дайындалгандан кийин пенсионер оозеки жана жазуу жүзүндө кайрылган учурда, Социалдык фонд пенсия алуучуга пенсиянын өлчөмүнө жүргүзүлгөн эсептөөлөр менен таанышуу үчүн пенсия дайындоо жөнүндө маалымат берет.";
13) 261-статьянын 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 262-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) 18 жашка чыккан күндөн тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окугандыгын ырастаган документ берилбегенде - ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу окуучу же студент төрөлгөн айдан кийинки үч айга.";
15) 30-статьянын 1-пунктунда "3 жылдан" деген сөздөр "5 жылдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 31-статьянын экинчи бөлүгү "катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга" деген сөздөрдөн кийин ", баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш үчүн соттолгондорго" деген сөздөр менен толукталсын;
17) 32-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пенсионер каза болгон учурда, каза болгон адамды көмүүнү жүзөгө ашырган адамга ал кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көмүүгө жөлөкпул төлөнөт. Бул жөлөкпулду төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.";
18) 33-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Пенсионер Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого кайтып келген учурда пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү чыгып кеткен учурга карата алып келген өлчөмдө кайра төлөнө баштайт. Мында пенсиянын базалык бөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдөн кем эмес өлчөмдө калыбына келтирилет.
Пенсионерге пенсиянын топтолуучу бөлүгүн төлөп берүү жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө каражат түшкөн учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.";
19) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун биринчи абзацында "республика боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу, 1 гектарга барабар жана андан ашык жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 3 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) 4-пунктта "ушул статьянын 2-пунктунда" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 11-пунктунда" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 51-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы "5-статьясынын 2-пунктуна" деген сөздөрдөн кийин ", 11-статьясынын 11-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-статьяда:
а) 2-пункт "5-статьясынын 2-пунктуна" деген сөздөрдөн кийин ", 11-статьясынын 11-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пунктта:
- биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- биринчи жана экинчи абзацтар "5-статьясынын 2-пунктуна" деген сөздөрдөн кийин ", 11-статьясынын 11-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 8-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү
Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1. Иш берүүчүдөн:
а) 2-статьянын 1-пунктуна, 3-статьянын "а" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо):
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
б) 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3,75 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз;
г) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;
д) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 2 пайыз;
е) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз.
2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 111-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 51-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо):
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
в) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
г) 21-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
д) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
e) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
3. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
б) 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
в) 3-статьянын "б" пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 9,5 пайыз;
г) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;
д) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.
4. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
в) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
г) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
д) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз.
5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн жана жеке жактардан:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2 пайызы.
6. Жеке ишкерден:
а) 6-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацына, 7-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8,75 пайыз;
б) 6-статьянын 1, 21-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 89,75 пайызы;
в) 7-статьянын 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 90 пайызы.
7. 51 статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2 пайызы.";
7) 10-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө (ушул статьянын 11-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо) каалагандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 8 пайызынан кем эмес же фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес жүзөгө аткарылышы мүмкүн:";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө каалагандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 4 пайызынан кем эмес же Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 6 пайызынан кем эмес - 4 пайыз жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз бөлүштүрүү менен төмөнкү жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:
а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;
б) 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар.";
8) 11-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Юридикалык жакты түзбөстөн, 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
9) 111-статьянын "а" пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркек жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аял кызматкерлер;";
10) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-17-пункттар менен толукталсын:
"14. Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкердин 14 жашка чейинки балдарына (багуусундагыларга) берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер.
15. Утуштар түрүндө алынган кирешелер.
16. Эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан сыйлыктар жана байгелер түрүндө алынган суммалар.
17. Шайлоо кампаниясын же референдум өткөрүү учурунда үгүттөөчү, байкоочу, ишенимдүү адам, ыйгарым укуктуу өкүл катары иштөөдөн алынган кирешелер, сый акылар же суммалар.";
11) 13-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлер үчүн төлөнүүчү ушул Мыйзамдын 2, 21-статьяларында, 22-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болушу мүмкүн эмес. Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана төлөө иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө эсептелген эмгек акысынан жүргүзүлөт.";
12) 141-статьянын 1 жана 2-пункттарындагы "6-статьянын 1 жана 21-пункттарында" деген сөздөр "5-статьянын 2-пунктунда, 6-статьянын 1, 21-пункттарында, 10-статьянын 11-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул Мыйзамдын расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-беренесинин 2, 3, 4, 7-пункттарын, 8-пунктунун "а" пунктчасын, 12-пунктун кошпогондо, 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 3-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |