Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-майы ПТ № 90
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 3-тиркеме |
"Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңешинин КУРАМЫ
Жапаров Садыр Нургожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Президенти (же ал дайындаган адам), көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы; |
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасынын орун басары; |
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Омурбеков Медербек Омурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү; |
Шаматов Дуйшон Алиевич | - | Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин доценти (Астана ш.); |
Орумбаев Мырзабек Турганбаевич | - | "Адал Азык" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; |
Жоробеков Айдарбек Жолборсович | - | Кыргыз-Шведдик физика-математикалык комплексинин директору/негиздөөчүсү; |
Сайдилканов Жодар Разакович | - | "Интегра Инжиниринг Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү; |
Макен Зарина | - | жеке ишкер, "Инсан" өнүктүрүү борборунун жетекчиси. |