Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ N 90 тескемесине) |
"Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Акылман" президенттик лицейи" мекемеси (мындан ары - Лицей) негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму болуп саналат.
2. Лицей өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Лицей Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана анын түздөн-түз баш ийүүсүндө турат. Лицейдин оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлкү, өз алдынча балансы, казыналык системасында, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдерде жазылган мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.
4. Лицейдин уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
5. Лицейдин менчигинин формасы - мамлекеттик. Лицейдин иштөө мөөнөтү чектелбеген.
6. Лицей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Лицейде саясий партияларды, диний уюмдарды түзүүгө жана алардын иштешине жол берилбейт.
8. Окуучуларды коомдук бирикмелерге, анын ичинде саясий партияларга кирүүгө мажбурлоого, ошондой эле аларды ушул бирикмелердин ишине мажбурлап тартууга, үгүттөө өнөктүгүнө жана саясий акцияларга катыштырууга жол берилбейт.
9. Лицей өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, коомдук бирикмелер, башка уюмдар жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен өз алдынча жүзөгө ашырат.
10. Лицей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Лицей билим берүү жана финансы-экономикалык ишин өз алдынча жүзөгө ашырат, башкаруучулук чечимдерди, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, билим берүү жана башка зарыл иштерди колдоо жана өнүктүрүү максатында бюджеттик жана атайын каражаттарды тескейт.
12. Лицейдин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Акылман" президенттик лицейи" мекемеси";
- расмий тилде: "учреждение "Президентский лицей "Акылман";
- англис тилинде: "Akylman" Presidential School";
Лицейдин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Акылман" Президенттик лицейи";
- расмий тилде: "Президентский лицей "Акылман";
- англис тилинде: "Akylman" Presidential School."
13. Лицейдин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш., Акматбай-Ата көч., үй № 8/2.
2-глава. Лицейдин максаттары, милдеттери жана ишинин принциптери
14. Лицейдин ишинин негизги максаты табигый-илимий, математикалык, техникалык, гуманитардык багыттагы жана IT тармагындагы предметтер боюнча инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, профилдик билим берүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кадрларды кошумча кесипке чейинки даярдоо болуп саналат.
15. Лицейдин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) окуучулардын руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарын, интеллектуалдык жөндөмдөрүн, XXI кылымдын көндүмдөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө, табигый-илимий, математикалык, IT, техникалык жана гуманитардык билим берүү багыттары боюнча алардын илимий жана чыгармачылык потенциалын ачууга жөндөм түзүүчү билим берүү программаларын ишке ашыруу;
2) Лицейде билим берүүнүн сапатын баалоо системасын түзүү;
3) спорттук-ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу жолу менен окуучулардын сергек жашоо мүнөзүн жана дене-бой өнүгүүсүн калыптандыруу;
4) Лицейдин окуучуларын жана кызматкерлерин акысыз негизде тамак-аш жана турууга жай менен камсыз кылуу;
5) милдеттүү профилактикалык-медициналык кароолорду жүргүзүү, анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен;
6) окуучуларды профилактикалык кароолордун натыйжалары боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүгө жиберүү;
7) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга багытталган инновациялык технологияларды киргизүү;
8) окуучулардын арасында психикалык саламаттыкты, укук бузууларды жана зыяндуу нерселерге көз карандылыктын алдын алуу;
9) кесиптик өсүүнү үзгүлтүксүз жогорулатуу системасы аркылуу Лицейдин педагогдорунун кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
10) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Лицейдин педагогунун квалификациялык деңгээлин ыктыярдуу аттестациялоо жана сертификациялоо жолу менен тастыктоо;
11) кошумча билим берүү программаларын кылдат тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн профилге чейинки окутууну уюштуруу;
12) республика боюнча эң таланттуу жана зээндүү балдарды тандоо.
16. Лицей өзүнүн ишин төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырат:
1) академиялык эркиндик;
2) билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү интеграциялоо;
3) автономиялуулук жана өз алдынча башкаруучулук;
4) чечимдерди кабыл алуунун коллегиялуулугу;
5) социалдык жоопкерчилик жана айкындуулук.
3-глава. Лицейдин компетенциясы, укуктары жана милдеттери
17. Лицейдин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) базистик окуу пландарын жана билим берүү программаларын белгиленген тартипте иштеп чыгуу, апробациялоо жана ишке киргизүү, ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары боюнча окуу-методикалык камсыздоону жана билим берүү технологияларын тандоо;
2) окутуу-тарбиялоо процессинин ички тартибинин эрежелерин жана башка локалдуу ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) педагогикалык кызматкерлердин штатын комплекттөө, алардын кесиптик деңгээлин диагностикалоо жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө көмөктөшүү;
4) белгиленген тартипте окуучуларды кабыл алууну, которууну уюштуруу жана окуудан чыгаруу;
5) окуучулардын жетишүүсүнө контроль жүргүзүү жана орто аралык аттестациялоо, алардын формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин аныктоо;
6) окуучулардын билим берүү программаларын өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын кагаз жана/же электрондук алып жүрүүчүлөрдө архивдөө;
7) окутуунун жана тарбиялоонун инновациялык методдорун жана формаларын, билим берүү технологияларын, электрондук окутууну пайдалануу;
8) окуучулар менен кесипке багыттоо иштерин жүргүзүү;
9) интеллектуалдык мелдештерди, олимпиадаларды, конкурстарды, дебаттарды, викториналарды ж.б. иш-чараларды уюштуруу;
10) Лицейдин уставдык максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен келишимдерге, макулдашууларга жана/же меморандумдарга кол коюу;
11) уникалдуу санариптик билим берүү платформаларын иштеп чыгуу;
12) окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана долбоордук иштерди уюштуруу;
13) педагогикалык жамааттын, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;
14) билим берүү иши үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
18. Лицей төмөнкүлөргө укуктуу:
1)ачык конкурс өткөрүү жолу менен кызматкерлердин штатын түзүүгө жана белгиленген тартипте контракттык/келишимдик негизде ишке өз алдынча кабыл алууга;
2) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө;
3) билим берүү жана тарбиялоо ишинде өзүнүн багыттарын аныктоого (көзөмөлчүлүк кеңеш менен макулдашуу боюнча);
4) баалоо инструменттерин жана жол-жоболорун сапаттуу иштеп чыгууга, апробация жана талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле окуучулардын жетишүүсүн контролдоону жана орто аралык/жыйынтыктоочу аттестациялоону уюштурууга, алардын формаларын, мезгилдүүлүгүн жана өткөрүү тартибин бекитүүгө;
5) билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн суроо-талаптарына ылайык кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
6) окутуунун тиешелүү узактыгы менен эл аралык билим берүү программаларын адаптациялоого жана киргизүүгө;
7) консультациялык, маалыматтык жана маркетингдик кызматтарды көрсөтүүгө;
8) маданий-массалык, спорттук-ден соолукту чыңдоочу жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
9) окуу-тарбиялоо жана илимий-изилдөө процессинин алкагында түзүлгөн продукцияларды, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн, интеллектуалдык иштин натыйжаларын ишке ашырууга;
10) башка уюмдар жана ишканалар, анын ичинде мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте келишимдерди, меморандумдарды жана башка макулдашууларды түзүүгө;
11) мыйзамда белгиленген тартипте финансылык жана башка каражаттарды тартууга;
12) кесиптик ассоциацияларга, бирликтерге, окуу-методикалык бирикмелерге, анын ичинде эл аралык бирикмелерге кирүүгө же аларды түзүүгө;
13) тажрыйба алмашуу, ошондой эле окуучуларды жана педагогикалык кызматкерлерди окуу-практикалык стажировкадан өткөрүү жана уюштуруу үчүн ар кандай багыттагы адистерди жана эксперттерди мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;
14) окуу-тарбиялоо процессинин сапатын камсыз кылууга багытталган финансы-чарбалык ишти өз алдынча жүргүзүүгө;
15) мамлекеттик жана эл аралык долбоорлорго жана программаларга катышууга;
16) өзүнүн тажрыйбасын жана жетишкендиктерин диссеминациялоо максатында маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
17) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга;
18) билим берүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында уюштуруучунун тиешелүү чечиминин негизинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Лицейдин уставдык максаттарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.
19. Лицей төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) окуучулардын курактык жана психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, жөндөмдөрүнө, кызыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө ылайык окутуунун жана тарбиялоонун формаларын, каражаттарын, методдорун пайдалануу менен билим берүү программаларын толук көлөмдө сапаттуу ишке ашырууга;
2) илимий-изилдөө, чыгармачылык, долбоордук жана спорттук иш менен алектенүүгө, ошондой эле эл аралык жана республикалык предметтик олимпиадаларга конкурстарга жана долбоорлорго катышууга зарыл шарттарды түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык окуучулардын жана кызматкерлердин жашоосуна жана окуусуна, жашоо-турмушуна жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө;
4) окуучулардын, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана Лицейдин кызматкерлеринин укуктарын жана эркиндиктерин сактоого;
5) билим берүү ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө.
4-глава. Окуучуларды кабыл алуу, которуу жана бүтүрүү тартиби
20. Лицейге кабыл алуу тандоо боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-классын аяктаган окуучулардын ичинен гана окуу жылында бир жолу 3 этапта жүргүзүлөт. Комиссия Лицейдин буйругу менен түзүлөт. Лицейде бош орундар болгон учурда, Лицейдин көзөмөлчүлүк кеңешинин чечими боюнча комиссия тарабынан тиешелүү класска тандоо жүргүзүлөт.
21. Комиссиянын курамы:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү;
2) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
3) аккредиттелген эл аралык уюмдун өкүлү (макулдашуу боюнча);
4) Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мамлекеттик эмес билим берүү уюмунун өкүлү;
5) Лицейдин директору.
22. Этаптары:
1) биринчи этап - каттоо жана алдын ала онлайн тестирлөө;
2) экинчи этап - биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерлерди тестирлөө. Экинчи этаптын алкагында тестирлөө компьютердик технологияларды, кагаз түрүндөгү тесттерди, ошондой эле мобилдик жана башка түзүлүштөрдү колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн;
3) үчүнчү этап - комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышкан Лицейде ички тестирлөө.
Биринчи жана экинчи этаптар Лицей тарабынан өз алдынча өткөрүлөт, мында комиссиянын мүчөлөрү (каалоосу боюнча) тандоого катышууга укуктуу.
Тандоонун үчүнчү этабына чейин 5 календардык күн калганда комиссиянын катчылыгы бардык мүчөлөргө тандоонун алгачкы эки этабы жөнүндө толук маалымат жиберет.
23. Комиссиянын ишин камсыз кылуу максатында Лицей тарабынан катчылык түзүлөт, ал комиссиянын иш кагаздарын, жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, комиссиянын мүчөлөрүнө маалыматтарды жиберет, ошондой эле ушул Уставга ылайык башка функцияларды аткарат.
24. Окуучуларды кийинки класска которуунун, аларды чыгаруунун, ошондой эле окуудан чыгаруунун тартиби Лицей тарабынан бекитилүүчү тиешелүү локалдык акт менен аныкталат.
25. Лицейде окууну аяктаган бүтүрүүчүгө тиешелүү деңгээлдеги билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ, ошондой эле ишке киргизилип жаткан билим берүү программасына ылайык билими бар экендигин ырастаган документ берилет.
5-глава. Билим берүү ишин уюштуруу
26. Лицей негизги жалпы (7-9-класстар) жана орто жалпы (10-11-класстар) билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын ишке ашырат.
27. Лицейдеги билим берүү процесси билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган окуу планына ылайык ишке ашырылат.
Лицейдин окуу планынын вариативдүүлүгү лицейдик компоненттин алкагында табигый-илимий, математикалык, гуманитардык жана техникалык багыттардагы жана IT чөйрөсүндөгү предметтердин топтомунун, ошондой эле тандоо боюнча предметтердин алкагында кошумча билим берүү программаларынын эсебинен камсыз кылынат.
28. Лицейдеги билим берүү процессинин мазмуну колдонуудагы же өз алдынча иштелип чыккан билим берүү программалары, ошондой эле тандалып алынган эл аралык билим берүү программалары менен аныкталат.
29. Лицейде окутуу мамлекеттик жана чет тилдерде жүргүзүлөт. Табигый-илимий, математикалык, техникалык багыттагы жана IT чөйрөсүндөгү предметтер боюнча англис тилинде жүргүзүлөт.
30. Илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, педагогикалык жамааттын ишин талдоо жана Лицейди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо үчүн илимий-методикалык кеңеш түзүлөт, анын иши Лицейдин тиешелүү ички ченемдик акты менен жөнгө салынат.
31. Билим берүүнүн сапатын контролдоо эл аралык билим берүү стандарттарын эске алуу менен жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Билим берүүнүн сапатын контролдоону камсыз кылуу үчүн атайын эл аралык уюмдар тартылышы мүмкүн.
32. Лицейде класс-комплекттердин толукталышы 24төн көп эмес окуучуну түзөт.
33. Лицей Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык негизги жалпы билим берүү программаларынан тышкары кошумча билим берүү программаларын жана кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн ишке ашырат.
34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык окуучулар жаш курагына жана болуу убактысына жараша кепилденген балансталган тамак-аш менен камсыз кылынат.
6-глава. Билим берүү процессинин катышуучулары
35. Лицейдеги билим берүү процессинин катышуучулары болуп окуучулар, алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), ошондой эле Лицейдин педагогикалык кызматкерлери жана администрациясы саналат.
36. Билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелери кызматташуунун, инсанды урматтоонун, жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгынын негизинде түзүлөт.
37. Лицей менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ортосундагы мамилелер алардын ортосунда бир окуу жылына түзүлүүчү жана аны токтотуу үчүн негиздер жок болгон учурда жыл сайын узартылуучу келишим менен жөнгө салынат.
38. Окуучуларга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) Лицейде болгон мезгилде өмүрүн коргоо жана ден соолугун чыңдоо;
2) физикалык, психикалык зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо;
3) анын кадыр-баркын жана ар-намысын коргоо;
4) эмоционалдык-инсандык баарлашуунун муктаждыктарын канааттандыруу;
5) физиологиялык муктаждыктарды анын жашына жана өнүгүүсүнүн жекече өзгөчөлүктөрүнө жараша канааттандыруу;
6) чыгармачылык жөндөмдөрүн жана кызыкчылыктарын өнүктүрүү;
7) билим алуу үчүн зарыл болгон жабдууларды, окуу китептерин, окуу колдонмолорун берүү.
39. Окуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуунун каалаган этабында Лицейде окуудан чыгууга;
2) кошумча билим берүү кызматтарын алууга;
3) Лицейдин китепкана, маданий-спорттук жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
4) Лицейдин уставында аныкталган формада аны башкарууга катышууга;
5) балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
6) адамдын кадыр-баркын, абийир жана маалымат эркиндигин урматтоого, жеке көз карашын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө;
7) негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди өз убагында алууга.
40. Окуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Уставды сактоого жана аткарууга;
2) жалпы билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинен төмөн эмес өздөштүрүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жана башка элдердин салттарын, башка окуучулардын жана Лицейдин кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
4) ички тартип эрежелерин сактоо боюнча, анын ичинде мектеп формасына карата Лицейдин талаптарын аткарууга;
5) Лицейдин мүлкүнө аяр мамиле жасоого.
41. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
2) билим берүү процессин жакшыртуу, анын ичинде кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Лицейдин педагогикалык кызматкерлеринен балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча консультация алууга;
4) белгиленген тартипте ата-эне келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууга;
5) Лицейдин Уставы жана билим берүү процессин уюштурууну регламенттөөчү башка документтер, анын ичинде Лицейдин ички тартибинин эрежелери ж.б. менен таанышууга;
6) Лицейге анын уставдык милдеттерин ишке ашырууда колдон келишинче жардам көрсөтүүгө.
42. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Уставдын талаптарын сактоого;
2) ата-энелер келишиминин шарттарын сактоого;
3) Лицейдин кызматкерлеринин эмгегин жана укуктарын урматтоого, алардын беделин колдоого;
4) Лицейге окуучу тууралуу маалыматты өз убагында берип турууга.
7-глава. Бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби, кызматкерлерге карата талаптар, ошондой эле алардын укуктары жана милдеттери
43. Лицей кадрларды тандоодо, ишке кабыл алууда жана жайгаштырууда өз алдынча иш-аракет жүргүзөт жана алардын квалификациясынын деңгээли үчүн жоопкерчилик тартат. Лицейдин кызматкерлерин комплекттөө ушул Уставда каралган тартипте штаттык ырааттамага ылайык жүзөгө ашырылат.
44. Лицейдин кызматкерлери үчүн Лицейдин атынан директор иш берүүчү болуп саналат. Лицей менен анын кызматкерлеринин ортосундагы эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык алар тарабынан түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.
45. Бош кызмат орундары болгон учурда Лицей тарабынан талапкерлерге карата кесиптик жана моралдык-адеп-ахлактык талаптарды көрсөтүү менен ачык конкурс жарыяланат. Конкурсту өткөрүү тартиби Лицейдин тиешелүү локалдык ченемдик актысы менен белгиленет.
46. Педагогикалык ишке билим берүү кызматкерлеринин кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына ылайык келген, билиминин деңгээли жана (же) квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар конкурстук негизде кабыл алынат.
47. Табигый-илимий, математикалык, техникалык багыттардагы жана IT чөйрөсүндөгү сабактар боюнча педагогикалык кызматкерлердин кошумча түрдө англис тилинин деңгээли (IELTS, TOEFL, SAT, TESOL, TEFL, CELTA, DELTA) боюнча сертификаттары болууга тийиш.
48. Лицейдеги педагогикалык ишке тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга уруксат берилбейт.
49. Лицейдин кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Устав жана Лицейдин локалдык ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте Лицейди башкарууга катышууга;
2) өзүнүн кесиптик ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоого;
3) нормалдуу жана коопсуз эмгек шарттарына, өзгөчө кырдаал учурунда коргоого;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.
50. Лицейдин кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына ылайык келген, билиминин деңгээли жана (же) квалификациясы жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик билимге, квалификацияга ээ болууга;
2) ушул Уставдын талаптарын жана ички эмгек тартибинин эрежелерин аткарууга;
3) эмгек келишиминин шарттарын аткарууга;
4) эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча кызматтык милдеттерди сактоого;
5) билим берүү процесси убагында балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого;
6) балдарды физикалык жана психикалык зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого;
7) балдарды тарбиялоо жана окутуу маселелери боюнча окуучулардын үй-бүлөлөрү менен кызматташууга.
51. Лицейдин педагогикалык кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуу жана тарбиялоо методикасын, жалпы билим берүү программасын, окуу-методикалык комплексти, окуучулардын билимин баалоо методдорун өз алдынча тандоого жана пайдаланууга;
2) автордук программаны, окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону, окутуу жана тарбиялоо методикасын иштеп чыгууга жана пайдаланууга;
3) алдынкы педагогикалык тажрыйбаны практикага киргизүүгө;
4) беш жылда кеминде бир жолу кошумча кесиптик билим берүү программасынын мазмунунун минимумуна жана билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ченемдик-укуктук жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу педагогикалык кызматкерлерди кесиптик кайра даярдоонун деңгээлине карата мамлекеттик талаптарга ылайык кесиптик кайра даярдоодон же квалификацияны жогорулатуудан өтүү.
52. Лицейдин педагогикалык кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) педагогикалык этиканын ченемдерин жана ушул Уставды сактоого жана аткарууга;
2) окуучулардын жалпы билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн эмес өздөштүрүүсүн камсыздоого;
3) өз алдынчалыкты, ишке карата чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө, окуучулардын жүрүм-турумунун жогорку адеп-ахлактык сапатын калыптандырууга;
4) кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
5) өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүп турууга жана квалификациясын жогорулатууга;
6) окуучуларга карата моралдык жана физикалык зомбулук методдорун колдонбоого.
8-глава. Лицейдин башкаруу органдары
53. Көзөмөлчүлүк кеңеш Лицейдин жогорку башкаруу органы болуп саналат, анын курамына 9 адам кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти же ал дайындаган адам - көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын өкүлү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өкүлү;
4) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлү;
5) чет өлкөлүк билим берүү уюмунун өкүлү (ЖОЖ/колледж ж.б.);
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун өкүлү (ЖОЖ/колледж ж.б.);
7) Кыргыз Республикасынын креативдик индустриясынын же бизнес-коомчулугунун өкүлү (мүмкүн болсо билим берүү);
8) Кыргыз Республикасынын жеке жалпы билим берүү уюмунун өкүлү;
9) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы коомдук ишмери.
54. Кыргыз Республикасынын Президенти "Акылман" лицейинин уюштуруучусу болуп саналат.
Уюштуруучунун өзгөчө укугу болуп төмөнкүлөр саналат:
- Лицейдин директорун кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;
- Лицейдин Уставын бекитүү;
- Лицейдин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Лицейди жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- Лицейдин филиалдарын түзүү/жоюу жөнүндө чечимди кабыл алуу.
55. Көзөмөлчүлүк кеңештин өзгөчө компетенциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Лицейдин чектүү штаттык санын, ошондой эле Лицейдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын бекитүү;
2) Лицейди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын бекитүү;
3) Лицейдин базистик окуу планын жана билим берүү программасын макулдашуу;
4) Лицейдин жылдык жана орто мөөнөттүү бюджеттерин бекитүү;
5) жылдык финансылык отчетту, ошондой эле билим берүү иши жөнүндө отчетту бекитүү;
6) атайын, демөөрчүлүк жана башка донордук каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетту жактыруу.
56. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өзгөчө компетенциясы Лицейдин учурдагы жылга штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын бекитүү болуп саналат.
57. Лицей билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өзүнүн базистик окуу пландарын макулдашат. Ошондой эле Лицей билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна Лицейде окутуу процессинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун киргизүүгө укуктуу.
58. Уюштуруучу тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалуучу директор Лицейди башкаруунун аткаруу органы болуп саналат. Ошол эле учурда бир эле адам Лицейдин директорунун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
59. Лицейдин директору:
1) ушул Уставга ылайык Лицейдин ишин жалпы башкарууну камсыз кылат, Лицейдин кызматкерлеринин ишин уюштурат жана Лицейдин ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине Лицейдин директорунун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу үчүн талапкерлерди сунуштайт;
3) Лицейдин штатын түзөт - кадрларды кабыл алат, жайгаштырат, бошотот ж.б.;
4) Лицейдин атынан жарандык-укуктук келишимдерди жана эмгек келишимдерин түзөт;
5) Лицейдин финансылык каражаттарын өз алдынча тескейт, акча каражаттарын так максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
6) Лицейдин башкаруу түзүмүн жана штаттык санын аныктайт;
7) конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде мугалимдерди, ийримдердин окутуучуларын жана башка кызматкерлерди белгиленген эмгек акы менен келишимдик/контракттык негизде ишке кабыл алат;
8) педагогикалык кеңештин ишин уюштурат жана анын ишин жетектейт;
9) Лицейдин кызматкерлерин сыйлайт жана аларга карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
10) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, эл аралык жана башка уюмдарда Лицейдин атынан чыгат;
11) Лицейдин кызматкерлерине же башка адамдарга үчүнчү жактардын алдында Лицейдин кызыкчылыктарын коргоого жана аларга Лицейдин атынан юридикалык жана башка иш-аракеттерди жасоого ишеним каттарды берүүгө ыйгарым укук берет;
12) окуу, тарбия, методикалык, илимий-изилдөө жана маалыматтык-аналитикалык иштин, эл аралык байланыштарды ишке ашыруу маселелерин чечет;
13) көзөмөлчүлүк кеңештин кароосуна Лицейдин белгиленген жылдык отчетторун киргизет;
14) Лицейдин товардык-материалдык баалуулуктарын, документтерин жана башка мүлкүн эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат;
15) ушул Уставда каралган же андан келип чыгуучу башка маселелерди чечет.
60. Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
61. Директор жок учурда анын милдеттерин белгиленген тартипте анын орун басарларынын бири аткарат.
62. Директордун орун басарлары менен Лицейдин кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, алардын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги тиешелүү буйрук жана кызматтык нускамалар менен белгиленет.
9-глава. Өз алдынча башкаруу органдары
63. Педагогикалык кеңеш Лицейди башкаруунун коллегиялдуу органы болуп саналат, анын курамына Лицейдин директору, директордун орун басарлары жана бардык педагогдор кирет. Лицейдин директору педагогикалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
Педагогикалык кеңештин ишин уюштуруу тартиби, анын жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу Лицейдин директорунун буйругу менен бекитилүүчү тиешелүү жобо менен аныкталат.
64. Педагогикалык кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат жана педагогикалык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чектелбейт.
65. Педагогикалык кеңеш Лицейдин башка башкаруу органдарынын сунуштарын жана чечимдерин эске алуу менен өзүнүн иш планын түзөт.
Педагогикалык кеңештин жыйналыштары жай мезгилин кошпогондо, эки айда кеминде бир жолу өткөрүлөт.
Педагогикалык кеңештин чечими педагогикалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси келген учурда, ага жыйналышка катышкандардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
66. Педагогикалык кеңештин компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Лицейди өнүктүрүү программасын жана башка локалдык ченемдик актыларды иштеп чыгууга катышуу;
2) Лицейдин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө маселелерди кароо;
3) окуучуларды мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга киргизүү жөнүндө, ошондой эле аларга экзамендерден мөөнөтүнөн мурда өтүү мүмкүндүгүн берүү жөнүндө чечимдерди макулдашуу;
4) окуучуларды кийинки класска которуу же аларды жалпы билим берүү программаларын өздөштүргөн эмес деп таануу жөнүндө чечимди макулдашуу;
5) окуудагы ийгиликтери үчүн окуучуларды грамоталар, мактоо баракчалары жана/же медалдар менен сыйлоо жөнүндө чечимдерди макулдашуу;
6) педагогикалык таасир этүүнүн же тартиптик жазанын акыркы чарасы катары окуучуну Лицейден чыгаруу жөнүндө чечимди макулдашуу;
7) педагогикалык кеңештин мүчөлөрүнүн маалыматтарын жана отчетторун угуу;
8) педагогикалык кеңештин компетенциясына кирген башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
67. Билим берүүнүн системалуулугун камсыз кылуу, тарбиялануучуларга орто жана негизги жалпы билим берүүнү жакшыртуу максатында Лицейде методикалык кеңеш иштейт, ал:
1) билим берүүнүн мазмунун, окуу-тарбия ишинин формаларын, методдорун жана аларды ишке ашыруу ыкмаларын координациялайт, талкуулайт жана тандоону жүргүзөт;
2) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, алардын чыгармачылык демилгелерин өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;
3) класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштурат;
4) ачык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат.
68. Лицейдин кызматкерлеринин башка категорияларынын укуктары жана милдеттери тийиштүү типтүү квалификациялык мүнөздөмөлөр жана Лицейдин жетекчилиги тарабынан аныкталат.
69. Лицейде коомдук уюм катары ата-энелер комитети иштейт. Ал балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча үй-бүлө менен Лицейдин күч-аракеттерин бириктирүүгө көмөк көрсөтөт.
70. Ата-энелер комитети:
1) мектеп турмушундагы маселелерди талкуулайт жана сунуштар түрүндө чечим кабыл алат;
2) ата-энелер коомчулугун Лицейдин жашоосуна активдүү катышууга, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштурууга тартат.
71. Лицейде окуучулук өз алдынча башкаруу органдары жана башка окуучулук уюмдар ыктыярдуу негизде түзүлүшү мүмкүн. Лицей окуучулук уюмдардын өкүлдөрүн зарыл маалыматтар менен камсыз кылат жана окуучулардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди талкуулоодо алардын Лицейдин башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусуна уруксат берет.
10-бөлүм. Финансылык-чарбалык иш, отчеттуулук жана контролдоо
72. Лицей финансылык-чарбалык автономияга ээ жана төмөнкү булактардан келип түшкөн финансылык каражаттарды өз алдынча тескей алат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
73. Лицей финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) атайын каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары коммерциялык банктарда банктык эсептерди белгиленген тартипте ачууга;
2) билим берүү, консультациялык, илим-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерден каражаттар түрүндө киреше алууга жана аларды ишти жакшыртууга жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшоого;
3) улуттук жана эл аралык илимий-билим берүү долбоорлору үчүн Лицейдин жайларын ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамда белгиленген тартипте тескөөгө;
4) көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө.
74. Лицейдин менчигинде имараттар, курулмалар, окуу жабдуулары, техника, интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктары, улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары, баалуу кагаздар жана башка мүлк болушу мүмкүн.
75. Лицейдин директору жана башкы бухгалтери Лицейдин менчигинде же башка мыйзамдуу негизде турган мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
76. Лицейдин менчиги болуп ал түзгөн, сатып алган мүлк, анын ичинде акча каражаттары, акциялар, башка баалуу кагаздар жана интеллектуалдык менчик объекттерине укуктар эсептелет.
77. Бардык мүлктөр жана чарбалык иштерден түшкөн кирешелер Лицейдин менчиги болуп саналат жана анын уюштуруучу тарабынан кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес. Лицей өзүнүн мүлкүнө ушул уставдык максаттарды аткаруу үчүн гана ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү жүзөгө ашырат.
78. Лицейдин уюштуруучусу Лицейдин мүлкүнө, анын ичинде анын төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен түзүлгөн бөлүгүнө менчик укугуна ээ эмес.
79. Лицей мыйзамда белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик статистика жана салыктык контролдоо органдарына жана башка жактарга өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.
80. Лицейде бухгалтердик жана салыктык эсептин жана отчеттуулуктун өз убагындалыгы, толуктугу жана тууралыгы, бухгалтердик документтердин сакталышы үчүн Лицейдин башкы бухгалтерине жана директоруна жеке жоопкерчилик жүктөлөт.
11-глава. Лицейди кайра уюштуруу жана жоюу
81. Лицейди кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим уюштуруучу тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
82. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ага Лицейди башкаруу боюнча ыйгарым укуктар өтөт, Лицейдин башкаруу органдары өз ишин токтотот.
83. Лицейди жоюуда кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган мүлк билим берүүнү өнүктүрүү максаттарына багытталат.
84. Лицей жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
85. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү чөйрөдөгү колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.