Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жыл 8-майы №2
“Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылынын 13-сентябрындагы XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII-сессиясынын №1 “ Сакалды чек ара заставасынын жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-б ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылынын 13-сентябрындагы XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVII-сессиясынын №1 токтомунун “Сакалды чек ара заставасынын жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылынын 13-сентябрындагы XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVII-сессиясынын №1 токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөтүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2027 аскердик бөлүгүнүн Сакалды чек ара заставасынын жаңы имаратынын капиталдык курулушу үчүн Чоң-Багыш айылынын №165 контурундагы КБФнын жеринен 1,0(бир) га жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер котегориясына которууга (трансформациялоого) маукулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык аталган жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жумуштарына байланыштуу иш кагаздарды тез арада даярдоо жана тийиштүү корутундуларды алуу үчүн жогору турган органдарга жөнөтүүнү камсыздоо Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Эргеш Алиев айылдык кеңешинин жер,агрардык саясат жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага:
| А.Т. Нишанбаев |