Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 405-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 8-майы № 220-т
Экологиялык таза технологиялардын жана материалдардын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун 55-10-пунктунун 2-пунктчасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы автомобилдерди чогултуу жана электр кыймылдаткычы бар ата мекендик автомобилдерди чыгаруу боюнча завод куруу үчүн "Жису" кытай-кыргыз биргелешкен автомобиль өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чүй облусу, Ак-Жол айылы, Разное көчөсү дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-08-03-0030-0170 болгон, 15 га өлчөмүндөгү жер участогун 49 жылга акысыз пайдаланууга белгиленген тартипте берсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн "Жису" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |