Загрузка документа…
Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2 токтомуна ылайык күчүн жоготту
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2022-жылдын 5-декабры № 1
Сакалды чек ара заставасынын жаны имаратын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-декабрындагы “Жер аймактарды трансформациялоо” жөнүндөгү № 12 токтомуна ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы №01-15/2151 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын УКМК ЧК Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын №538 сандуу кайрылуусу аткарууга алынсын.
2. Сакалды чек ара заставасынын жаны имаратын куруу үчүн Бөбүй айылындагы №190 контурдан 1 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Нишанбаев |