Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 10-майы № 228-т
Ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерге жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко болгон суроо-талаптарга дем берүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Автокредитти жеңилдетилген каржылоо" долбоорун ишке ашыруу тартиби (мындан ары - Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2024-жылдын башына карата бюджеттик каражаттардын бош калдыктарынын эсебинен жеңилдетилген кредиттерди берүү үчүн уставдык капиталды көбөйтүүгө Долбоорду ишке ашырууга катышуучу "РСК Банк" ачык акционердик коомуна 47100000,0 (кырк жети миллион бир жүз миң) сом жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна 47100000,0 (кырк жети миллион бир жүз миң) сом (мындан ары - коммерциялык банктар) бөлсүн;
2) 2025-2028-жылдарга Долбоорду ишке ашыруунун кийинки мезгилине Долбоорду каржылоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:
1) ар жылдык негизде кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) Долбоорду аяктоонун жыйынтыгы боюнча натыйжалуулукка талдоо жүргүзсүн.
4. Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктарга субъекттерге кредит берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |