Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы N 228-т тескемесине) |
"Автокредитти жеңилдетилген каржылоо" долбоорун ишке ашыруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жобо
1. "Автокредитти жеңилдетилген каржылоо" долбоорунун (мындан ары - долбоор) максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерге жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко суроо-талапты дем берүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 2024-2028-жылдар.
3. Долбоордун наркы - 1,0 млрд. сом.
4. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана "РСК Банк" жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - коммерциялык банктар) каражаттары.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын майы.
6. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) Долбоорго катышуучу коммерциялык банктардын уставдык капиталын капиталдаштырууга республикалык бюджеттен каражаттарды өз убагында бөлүү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Экономика жана коммерция министрлиги), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары - Транспорт жана коммуникациялар министрлиги), коммерциялык банктар, "ДТ Техник" жоопкерчилиги чектелген коому жана Долбоорду ишке ашырууга катышуучу башка уюмдар.
7. Долбоордун сыпаттамасы. Долбоордун алкагында 2024-жылы жана кийинки 2025-2028-жылдары долбоорго катышуучу коммерциялык банктар субъекттерге - мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке жактарга, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге төмөнкү жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттенет:
1) жеткирүүчү: "ДТ Техник" жоопкерчилиги чектелген коому;
2) багыты: ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерди жана жүк ташуучу коммерциялык транспортту сатып алуу;
3) суммасы:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн 100000000,0 (бир жүз миллион) сомго чейин;
- жеке жактар үчүн 3000000,0 (үч миллион) сомго чейин;
4) кредиттин мөөнөтү: 60 ай;
5) камсыздоо: күрөөлүк камсыздоо;
6) акыркы пайыздык ставка: жылдык 8 пайыз;
7) жеңилдетилген мезгил: жок;
8) кредиттин наркынын 20 пайызынан кем эмес баштапкы төлөм;
9) камсыздандырууну камсыз кылуу: сатып алынуучу кыймылдуу мүлктү кредиттөөнүн бүткүл мөөнөтүнө милдеттүү камсыздандыруу.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Финансы министрлиги коммерциялык банктардын уставдык капиталын республикалык бюджеттин каражаттарынан жылдык 11,21 пайыздык ставка боюнча капиталдаштырууну камсыз кылат.
2024-жылга капиталдаштыруунун суммасы жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштырууга 94200000,0 сомду (токсон төрт миллион эки жүз миң сом) түзөт.
Капиталдаштыруунун кийинки суммалары ушул Долбоордун шарттарына ылайык эсептелет.
9. Долбоорду ишке ашырууга катышуучу ар бир коммерциялык банк 2024-жылы 500000000 (беш жүз миллион) сом суммасында жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди берүүнү камсыз кылууга тийиш.
10. Кредиттерди берүүнүн жана тескөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана коммерциялык банктардын ички документтерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
11. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдиги алдында субъекттерди кредиттөөнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
12. Субъекттерди тандоо коммерциялык банктардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт, берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар өз алдынча көтөрөт.
13. Коммерциялык банктар Долбоордун шарттарын жана талаптарын так сактоого жоопкерчилик тартат.
2-глава. Долбоорду ишке ашыруунун тартиби
14. Коммерциялык банктар Финансы министрлигине берилген кредиттердин көлөмү боюнча маалымат берет, мында капиталдаштыруунун ставкасы жылдык 11,21 пайыздан ашпоого тийиш.
15. Долбоордун ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымат берүү максатында аны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар жалпыга маалымдоо каражаттарында, коммерциялык банктардын маалымат стенддеринде жана расмий сайттарында ушул Долбоор боюнча кредиттөөнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого тийиш.
16. Долбоордун алкагында капиталдаштырууну алуу үчүн коммерциялык банктар жыл сайын Финансы министрлигине өткөн жыл үчүн кредиттөөнүн иш жүзүндөгү суммасын жана мөөнөтүн көрсөтүү менен капиталдаштырууга өтүнмө берет. Финансы министрлиги капиталдаштыруу суммасын эсептөөнү эсептик коэффициенттерге ылайык жүргүзөт жана коммерциялык банктарга капиталдаштыруу траншын которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык план даярдайт. Коэффициент кредиттин берилген мөөнөтүнө жараша өзгөрүлүп турушу мүмкүн, бирок жылдык 11,21 пайызды түзгөн капиталдаштыруунун ставкасы өзгөрбөстөн калат. Коммерциялык банктар тарабынан жыл ичинде кредиттөөнүн белгиленген суммасына жетпей калган учурда капиталдаштыруунун которулган суммасынын айырмасы кийинки жылга эсептелет.
17. Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар жума сайын Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Долбоорго мониторинг жүргүзүү үчүн берилген кредиттер жөнүндө маалымат берип турат.
3-глава. Капиталдаштырууну эсептөө
18. 60 айлык мөөнөткө берилген кредиттер боюнча капиталдаштырууну берүүдө коммерциялык банктардын кредиттөөнүн ар айлык көлөмүнүн 28,49 эсептик коэффициенти кабыл алынат.
Анын ичинен капиталдаштыруу бөлүгү 2024-жылы 9,42 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 8,70 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 5,70 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 3,46 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2028-жылы 1,21 эсептик коэффициент боюнча.
4-глава. Капиталдаштырууну которуу
19. Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынан эсептик формулага ылайык аныкталган капиталдаштыруу суммаларын коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине беш транш менен которот, анын ичинде:
1) биринчи транш - коммерциялык банктар тарабынан 2024-жыл үчүн иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына, капиталдаштыруу 2024-жылдын аягында которулат;
2) экинчи транш - 2025-жылдын аягында биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - 2026-жылдын аягында экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - 2027-жылдын аягында үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - 2028-жылдын аягында төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
20. Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар биринчи траншты алган күндөн тартып жыл өткөндөн кийин, ошондой эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи траншты алган күндөн тартып жыл өткөндөн кийин Финансы министрлигине мөөнөтүнөн мурда тындыруулар жөнүндө толук маалыматты, анда суммасын, күнүн жана мөөнөтүнөн мурда тындырууну жүргүзгөн субъекттердин санын көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.
Экинчи жана андан кийинки транштарды алуу үчүн коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди алып салуу менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Коммерциялык банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
21. Долбоорду ишке ашырууда субъекттер тарабынан алынган кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
22. Аталган тобокелдикти минималдаштыруу Кыргыз Республикасынын банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык коммерциялык банктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
23. Коммерциялык банктар тарабынан капиталдаштыруу суммасын негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында:
1) Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык коммерциялык банктардын ишине капиталдаштырылуучу кредиттик каражаттардын максаттуу пайдалануу предметине көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
2) Экономика жана коммерция министрлиги жана Транспорт жана коммуникациялар министрлиги субъекттерге берилген кредиттердин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
24. Табигый катаклизмдерге байланыштуу субъекттер тарабынан алынган кредиттик каражаттардын кайтарылбай калуу тобокелдиги келип чыкканда жана банктар өз алдынча аныктаган башка учурларда коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте аны минималдаштыруу боюнча чараларды өз алдынча көрөт.
6-глава. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
25. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү максатында коммерциялык банктар жеңилдетилген кредит берилгенден кийин субъекттерден транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк түрүндө ырастоону талап кылууга милдеттүү.
7-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
26. Жеңилдетилген кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында Экономика жана коммерция министрлиги жана Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине субъекттердин кредитти максаттуу пайдалануусу жөнүндө агрегацияланган маалымат берет.