Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 237 токтомуна) |
Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби жана шарттары (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 1091-беренесине ылайык иштелип чыккан жана айыпталуучуга карата электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун, жүзөгө ашыруунун негиздерин, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартибин жана аткаруунун шарттарын аныктайт.
2. Айыпталуучунун турган жерин, ошондой эле электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын аткаруу шарттарынын сакталышын аралыктан контролдоо түрүндөгү электрондук байкоо жүргүзүү ички иштер, улуттук коопсуздук жана юстиция (жаза аткаруу органдары) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан күнү-түнү режиминде иштеген мониторинг борборлору аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр:
1) контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттары (мындан ары - контролдоо каражаттары) - айыпталуучунун турган жерине жана кыймылына мониторинг жүргүзүү үчүн багытталган төмөнкүдөй сыяктуу электрондук, техникалык, программалык жана башка каражаттар жана системалар:
- электрондук билерик;
- мобилдик түзүлүшкө орнотулган мобилдик тиркеме (программалык камсыздоо);
- аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү бар веб-сервис (уникалдуу веб-дарек менен идентификациялануучу программалык система), ошондой эле башка каражаттар жана системалар;
2) кылмыш ишин териштирүүчү/териштирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмү - бул контролдоо каражаттарын эсепке алуу, сактоо, берүү жана кабыл алуу боюнча функциялар жүктөлгөн, ошондой эле мониторинг борбору менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер/кызмат адамдары, анын ичинде ички иштер, улуттук коопсуздук жана жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын алардын жетекчилери тарабынан аныкталуучу кызматкерлери жана түзүмдүк (аймактык) бөлүмдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу бөлүм);
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мониторинг борбору - бул айыпталуучунун турган жерине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө чагылдырылуучу маалыматтарды иштеп чыгууга жана талдоого жооптуу бөлүм (мындан ары - мониторинг борбору). Жетекчинин чечими боюнча мониторинг борбору ыйгарым укуктуу бөлүмдүн курамында болушу мүмкүн;
4) билдирүү режими (жөнөкөйлөштүрүлгөн, стандарттуу, интенсивдүү) - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталуучу төмөнкүлөрдүн мезгилдүүлүгү:
- электрондук билериктен сигналдардын;
- мобилдик тиркеме же веб-сервис аркылуу аралыктан биометрикалык идентификациялоодон (адамдын жүзүнүн санариптик графикалык сүрөтү) өтүүнүн.
2-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби жана шарттары
4. Айыпталуучуга карата контролдоо каражаттарынын түрлөрүнүн бирин колдонуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга карата - электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, судьянын, соттун токтому;
2) бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө чечим колдонулган, тергөө изоляторунда камакта жаткан адамга карата - бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, судьянын, соттун токтому.
5. Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу (өзгөртүү) жөнүндө чечимде бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (айыпталуучу анын чегинен кете албаган аймак, айыпталуучуга карата белгиленген тыюулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоо жүктөлгөн орган же кызмат адамы көрсөтүлөт.
6. Айыпталуучудан бөгөт коюу чарасын колдонгон органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан кетпөө, белгиленген тыюуларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо, тергөө өндүрүшүнө жана сотто ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбоо, чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алынат.
Айыпталуучу тарабынан контролдоо каражаттарын атайылап бузуу же жок кылуу үчүн келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ошондой эле контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдүн ведомстволук актыларында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык толтурулат.
7. Тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы жана сот чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу бөлүмгө бөгөт коюу чарасын аткаруу үчүн айыпталуучуну төмөнкү документтер менен коштоо менен жөнөтөт:
1) бөгөт коюу чарасын колдонуу же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү;
2) өзүнө төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган кылмыш иши боюнча маалымкат:
- жасалган кылмыш;
- айыпталуучунун адвокаты;
- өндүрүшүндө кылмыш иши турган тергөөчүнүн же аны алмаштырган адамдын байланыш телефон номерлери;
- айыпталуучунун жашаган жери, соттуулугу, иштеген же окуган жери (айыпталуучунун, чогуу жашаган адамдардын ж.б. телефон номерлери);
3) айыпталуучунун ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү.
8. Ыйгарым укуктуу бөлүм 7-пунктта көрсөтүлгөн документтерди алгандан кийин:
1) контролдоо каражаттарынын түрлөрүнүн бирин, ошондой эле билдирүү режимин аныктайт;
2) мониторинг борбору менен биргеликте:
- айыпталуучу анын чегинен кете албаган аймакты (координаттарды), белгилүү бир жерлерге барууга тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү көрсөтөт (баяндайт);
- контролдоо каражаттарын жөндөөнү жана электрондук билерикти активдештирүүнү, айыпталуучуга берүүнү жана орнотууну (денеге бекитүүнү), же айыпталуучунун мобилдик түзүлүшүнө мобилдик тиркемени орнотууну (инсталляциялоону) жүргүзөт;
3) контролдоо каражатын кабыл алуу-өткөрүп берүү же мобилдик түзүлүшкө мобилдик тиркемени орнотуу (инсталляциялоо) жөнүндө айыпталуучу менен акт түзөт;
4) айыпталуучуга коопсуздук чаралары жана орнотулган контролдоо каражатын эксплуатациялоо эрежелери жөнүндө, анын ичинде мындай каражаттарды пайдалануу эрежелерин бузуунун кесепеттери жөнүндө кол койдуруу менен түшүндүрөт. Айыпталуучу балага түшүндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же камкорчу жана көзөмөлчү органдын катышуусунда жүргүзүлөт.
Мобилдик тиркемеде же веб-сервисте аралыктан биометрикалык идентификациялоо айыпталуучу тарабынан сутканын күндүзгү убагында жүргүзүлөт.
3-глава. Электрондук байкоо жүргүзүү шарттарын бузууга мониторинг жүргүзүү жана чара көрүү тартиби
9. Мониторинг борбору айыпталуучунун турган жери жана электрондук байкоо жүргүзүү шарттарын сактоосу жөнүндө маалыматтарды чогултат. Айгай сигналы төмөнкү учурларда иштейт:
1) контролдоо каражаты бузулганда, ошондой эле техникалык мүчүлүштүктөрдө (иштебей калганда жана иштөө үзгүлтүккө учураганда);
2) айыпталуучу контролдоо каражатын санкцияланбаган алып салганда/өчүргөндө;
3) белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү, ошондой эле шарттарды бузганда.
10. Өндүрүшүндө кылмыш иштери турган тергөө органдарынын жана соттордун суроо-талабы боюнча, ошондой эле көзөмөлдөө органынын талабы боюнча мониторинг борбору айыпталуучунун турган жерин контролдоого жана ал тарабынан белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн, ошондой эле электрондук байкоо жүргүзүү шарттарынын сакталышына байланышкан маалыматтарды берет.
11. Контролдоо каражатынын техникалык мүчүлүштүктөрү болгон учурда мониторинг борбору ыйгарым укуктуу бөлүм менен биргеликте алардын себептерин аныктоо жана жоюу боюнча чараларды көрөт.
12. Мониторинг борбору айгай сигналы келип түшкөн учурдан тартып ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды пайдалануу аркылуу айыпталуучу менен байланыш түзүү жолу менен 9-пунктта көрсөтүлгөн электрондук байкоо жүргүзүү шарттарынын айыпталуучу тарабынан бузулушунун себептерин аныктоо боюнча чараларды көрөт.
13. Айыпталуучудан көз каранды болбогон жагдайлардан же анын этиятсыздыгынан улам келип чыккан бузуулардын себептери аныкталган учурда айыпталуучу түшүндүрмө берүү жана бузуулардын себептерин жоюу үчүн өзү турган жер боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмгө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келүүгө милдеттүү. Айыпталуучу тарабынан контролдоо каражаттарын атайылап бузуу же жок кылуу үчүн келтирилген зыяндын орду ушул Тартиптин 6-пунктуна ылайык жазуу жүзүндөгү милдеттенмеде белгиленген тартипте толтурулат.
14. Бузуу катталган учурдан тартып белгиленген убакыт өткөндөн кийин айыпталуучу менен байланыш түзүү мүмкүн болбогон учурда, мониторинг борбору тиешелүү чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу бөлүмгө, нөөмөт бөлүмүнө же жетекчиге кабарлайт.
15. Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары мониторинг борборунан кабарлоону алгандан кийин айыпталуучунун жашаган жерине же иш жүзүндө турган жерине барат. Жерине келгенден кийин айыпталуучунун өздүк ишине киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу бөлүмгө жана мониторинг борборуна жөнөтүлүүчү рапорт/баяндама түзүү менен контролдоо каражатынын бүтүндүгүнө жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө визуалдык текшерүү жүргүзүлөт, айгай сигналынын келип чыгышынын себеби аныкталат.
4-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун жана байкоо жүргүзүүнүн кошумча шарттары
16. Эгерде айыпталуучу медициналык көрсөтмөлөр боюнча саламаттык сактоо уюмуна жеткирилсе жана жаткырылса, ал же анын мыйзамдуу өкүлү же адвокаты бул факты жөнүндө ыйгарым укуктуу бөлүмгө, ошондой эле саламаттык сактоо уюмуна ага карата электрондук байкоо жүргүзүү колдонулгандыгы жөнүндө кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү, буга алдын ала көрүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон же алдын ала көрүүгө мүмкүн болгон, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажордук жагдайлар) келип чыккан учурлар кирбейт.
17. Соттун чечими чыккан, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган, өзгөртүлгөн учурда контролдоо каражатын кабыл алуу-өткөрүп берүү, деактивациялоо же алып коюу ыйгарым укуктуу бөлүм түзгөн актынын негизинде жүзөгө ашырылат.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими боюнча бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук байкоо жүргүзүү функциялары башка мамлекеттик органдын мониторинг борборуна жүктөлүшү мүмкүн.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу бөлүмдөрдүн жана мониторинг борборлорунун кызмат адамдарынын функцияларын, милдеттерин, ошондой эле ведомстволук ченемдик актылардын алкагында электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чараларын аткаруунун чегинде сот органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
20. Ушул Тартипте каралбаган башка маселелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ведомстволук актылары менен жөнгө салынат.