Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 239
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 "Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Инвесторлорду коргоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 "Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибинде:
- 2-пунктта:
2, 3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө пайда болгон маселелерди чечүүдө, ошондой эле контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен коммерциялык эмес талаш-талаштарды чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерди минималдаштыруу;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Тартиптин максаттарында пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) даттануулардын субъекттери - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;
2) инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик;
3) даттануу - инвестордун потенциалдуу бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын четтетүүгө жана/же калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвесторлордун кайрылуусу;
4) даттануулардын реестри - инвестор жана анын даттануусу жөнүндө маалыматтык-маалымдама маалыматтарын камтыган даттанууларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы.";
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7-пунктчалар менен толукталсын:
"6) мыйзамдуулук;
7) купуялуулук.";
- 5-12, 15-21, 23, 24, 28, 29, 32-пункттарда "инвестицияларды тартуу" деген сөздөр "инвестицияларды тартуу жана коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча өздөрүнүн веб-сайттарына жана башка онлайн-ресурстарда, ошондой эле маалымат такталарына ушул Тартипке ылайык инвесторлордун даттанууну берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты жайгаштырууга милдеттүү.";
- 6-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт жана маалыматты Реестрге киргизүү менен даттанууларды чечүү процессине көз салат;";
5-пунктчада "бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органды" деген сөздөр алып салынсын;
6-пунктчада "жоболорду" деген сөз "даттануунун субъекти тарабынан мыйзамдардын ченемдерин сактабоо же бузуу мүмкүндүгү боюнча учурларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттанууларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө жана зарыл болгон учурда айрым даттанууларды чечүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө маалымат жиберет.";
- 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Реестрдин маалыматтарын алууга инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ээ.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Эгерде инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрүлгөн чаралар даттанууну чечүүгө алып келбесе, ал андан ары чечим кабыл алуу үчүн каралып жаткан даттануудан келип чыгуучу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баяндоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттануу боюнча тиешелүү маалыматты жиберүүгө милдеттүү.";
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 23-1, 23-2-пункттар менен толукталсын:
"23-1. Инвестор кайсы болбосун этапта себебин көрсөтүү менен даттанууну кароону токтото туруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мындай кайрылуу болгон күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин даттануунун статусун тактоо жана мындай маалыматты Реестрге киргизүү үчүн инвестор менен байланышууга милдеттүү.
Даттанууну кароо ал токтотулуп турган күндөн тартып 6 айдын ичинде, токтотулган этаптан баштап кайра каралашы мүмкүн. Өзгөчө учур болуп баштапкы даттануунун мазмунуна жана кароосуна таасир этүүчү жаңы жагдайлардын пайда болушу саналат. Мындай учурда инвестор жаңы даттануу берүүгө милдеттүү, ал эми баштапкы даттануу актуалдуу эмес жана андан ары кароого жатпайт деп эсептелет.
Эгерде даттанууну кароо токтотулуп турган күндөн тартып 6 айдын ичинде инвестор аны кайра кароо жөнүндө өтүнүч менен кайрылбаса, мындай даттануу жабык деп эсептелет жана андан ары каралууга тийиш эмес.
23-2. Инвестор даттанууну кароону токтото туруу жөнүндө өтүнүч менен кандай болбосун этапта кайрылууга укуктуу.";
- 26-пунктта:
1-пунктчада "ай сайын" деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктчада "квартал сайын" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн жумушчу топтордун курамына тартуу.";
- 27-пунктта:
биринчи абзацта "бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте төмөнкүлөргө милдеттүү" деген сөздөр "инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттанууларды кароонун жыйынтыктары жана даттануулардан келип чыгуучу зарыл болгон чаралар жөнүндө жыйынды маалымат жиберсин.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 3-тиркемесинде:
"инвестицияларды тартуу" деген сөздөр "инвестицияларды тартуу жана коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |