Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтомуна)
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтомуна) |
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы инвесторлорду коргоого багытталган.
2. Ушул Тартиптин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин түзүү;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана мамлекеттик үлүшү бар коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен өз ара аракеттенүүдө инвесторлордун маселелерин чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү;
3) инвесторлордун негиздүү даттанууларынын Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерин минималдаштыруу;
4) инвесторлор менен соттук талаш-тартыштардын жана арбитраждык териштирүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу;
5) Кыргыз Республикасында инвесторлорго өзүнүн инвестицияларын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берүү;
6) Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) даттануулардын субъекттери - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык шериктештиктер жана мамлекеттик үлүшү бар коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;
2) инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиги;
3) бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
4. Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо маселелери төмөнкү принциптерге негизделет:
1) объективдүүлүк;
2) калыстык;
3) ар тараптуулук;
4) инвесторлордун эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
5) көз карандысыздык.
5. Инвесторлордун даттанууларын кароо боюнча иш инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык шериктештиктер жана мамлекет катышкан коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз институттар менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
6. Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо боюнча механизмдин алкагында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Инвесторлордун даттанууларынын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт;
2) даттанууда камтылган маалыматтарга экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзөт;
3) аны чечүү максатында даттануулардын субъекттери менен өз ара аракеттенет;
4) даттануу менен кайрылган инвесторлор менен жолугушууларды аларды талаптагыдай кароо үчүн өткөрөт;
5) инвесторлордун даттануулары боюнча арбитраждык териштирүүнүн келип чыгышынын учурдагы тобокелдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин соттук өкүлчүлүгү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдайт;
6) жоболорду укуктук талдоонун алкагында аныкталган бөлүгүндө прокуратура органдары менен өз ара аракеттенет;
7) Реестрде катталган инвесторлорго мындан аркы коштоону жүргүзөт.
7. Ишке тартылган даттануулардын субъекттери даттанууларды кароо ишинде инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2-глава. Даттанууну каттоонун жана коштоонун тартиби
8. Даттануулардын субъекттери менен пикир келишпестиктердин келип чыгышы жөнүндө инвестордун даттануусу инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга инвестордун өзү же иши инвестициялык маселелер менен байланышкан башка институттар тарабынан жиберилиши мүмкүн.
Инвесторлордун даттануулары инвесторлорду коргоо жана коштоо боюнча иштин алкагында инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан да өз алдынча аныкталышы мүмкүн.
9. Инвесторлордун даттануулары инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мындай даттануулар сот органдарына берилгенге чейин же талаш-тартыш арбитраждык териштирүүнүн алкагында каралганга чейин каалаган стадиясында берилиши мүмкүн.
10. Инвестордун даттануусу электрондук почта аркылуу же жазуу жүзүндө берилиши мүмкүн. Инвестор өзүнүн даттануусунда ал даттанууну жөнөтүп жаткан мамлекеттик органдын аталышын, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (акыркысы бар болсо), эгерде даттануу юридикалык жактын атынан берилип жатса, юридикалык жактын аталышын, жооп жөнөтүлүүчү почта дарегин көрсөтүүгө милдеттүү, даттануунун маңызын баяндайт, жазуу жүзүндө берилген даттанууга жеке колун жана датасын коёт.
Даттануу инвестор тарабынан инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү менен жеке жолугушууда да айтылышы мүмкүн, ал протокол менен таризделет.
11. Инвестордун даттануусу инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келип түшкөндө каттоо датасы жана каттоо номерин берүү менен Реестрде катталат.
12. Даттанууну кароо жана инвесторду андан ары коштоо үчүн инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир келип түшкөн даттанууга жооптуу адисти бекитет, ал боюнча маалыматтар Реестрге да жазылат.
13. Инвестордун даттануусу 14 жумуш күндүн ичинде каралат. Даттануунун субъектиси болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыккан учурларда аны кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн ашпашы керек.
14. Даттануу Реестрге катталган учурдан тартып жооптуу адис даттанууда баяндалган маалыматтар боюнча деталдарын билүү үчүн даттанууну берген инвестор менен байланышууга жана мындай маалыматтарды Реестрге киргизүүгө милдеттүү.
15. Даттануу менен кайрылган инвестордон маалыматтарды чогултуу жана Реестрди толтуруу инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган маселелердин тизмесинин негизинде оозеки түрдө жүргүзүлөт. Реестрди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Реестрдин маалыматына жетүүгө укуктуу.
Реестрдин маалыматтарын ачыкка чыгаруу инвестордун өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана мүмкүн болот.
16. Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган маалымат чогултулгандан жана аны Реестрге киргизгенден кийин келип түшкөн даттануунун чечилбегендигине байланыштуу ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасы үчүн мүмкүн болуучу экономикалык тобокелдиктерди баяндоо менен экономикалык талдоо жүргүзүүнү баштайт.
17. Экономикалык талдоо менен катар инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган даттануунун субъектиси тарабынан жол берилген эл аралык же улуттук мыйзамдардын мүмкүн болуучу бузууларына баа берүү үчүн багытталган укуктук талдоо жүргүзөт. Укуктук талдоо ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
18. Эгерде экономикалык жана/же укуктук талдоо инвестордун даттануусунда баяндалган маалыматтардын негиздүүлүгүн көрсөтсө, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында даттануунун субъектисинин дарегине, бир эле убакта инвесторго билдирүү менен даттануу боюнча маалыматты баяндаган жана экономикалык жана укуктук талдоолордун натыйжаларын, ошондой эле мындай кырдаалды чечүү боюнча сунуштарды камтыган кат жөнөтөт.
19. Даттануунун субъектиси инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан катты алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде даттануу боюнча өзүнүн позициясын инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
20. Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган даттануунун субъектисинин позициясын алгандан кийин келип чыккан кырдаалды чечүү жолун табуу үчүн инвестор жана ишке тартылган даттануунун субъектиси менен жолугушууну уюштурат.
21. Эгерде даттанууну кароо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аркылуу инвестор жана даттануунун субъектиси келип чыккан пикир келишпестиктерди чечсе, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча даттанууну чечүү жөнүндө макулдашууну толтурат, ага даттануунун эки тарабы тең кол коёт.
22. Эгерде инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрүлгөн чаралар даттанууну чечүүгө алып келбесе, ал ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органга каралып жаткан даттануудан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баяндоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин соттук өкүлчүлүк боюнча ыйгарым укуктуу органына даттануу боюнча тиешелүү отчет жиберүүгө милдеттүү. Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ошондой эле укуктук талдоонун натыйжаларын андан ары кароо үчүн прокуратура органдарына жөнөтөт.
23. Даттанууда баяндалган кырдаалды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир аракеттерди көргөн учурдан тартып жооптуу адис инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган формага ылайык Реестрде мындай маалыматтарды чагылдырууга милдеттүү.
3-глава. Даттануу берген инвесторду андан ары коштоо
24. Даттанууну чечүүнүн жыйынтыгына карабастан, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Реестрде катталган инвесторлорду туруктуу негизде коштоп жүрөт.
25. Инвесторлорду коштоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) мындай жагдайларды чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн инвесторлор менен даттануунун субъекттеринин ортосундагы потенциалдуу же болгон жаңы пикир келишпестиктерди аныктоо;
2) инвесторлорго алардын ишинин маселелери боюнча методикалык жана башка жардам көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасында иштеп жаткан инвесторлор жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу;
4) Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн жумушчу топтордун курамына инвесторлорду тартуу.
26. Инвесторлор төмөнкү формаларда коштоого алынат:
1) инвестициялык иштин алкагында мүмкүн болгон көйгөйлөр боюнча ай сайын инвесторлорго электрондук почта же телефон аркылуу суроо-талаптарды жөнөтөт;
2) квартал сайын "тегерек столдор", жумушчу жолугушуулар же кеңейтилген конференциялар формасында;
3) зарылчылыкка жараша эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн инвестициялар чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жумушчу топторунун курамына тартуу.
27. Инвесторлор менен даттануунун потенциалдуу субъекттеринин ортосунда пикир келишпестиктердин келип чыгышын минималдаштыруу максатында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен төмөнкү маселелер боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү:
- инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- инвесторлор менен пикир келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктери жана алардын кесепеттери;
- эл аралык инвестициялык макулдашуулардын жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана түшүндүрүү;
- инвесторлордун укуктарын илгерилетүү жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына пландаштырылган өзгөртүүлөр жана алардын таасири;
2) жыл сайын өзүнүн расмий сайтында келип түшкөн даттануулар, аларды коштоонун натыйжалары жана мындай даттануулардын эң кеңири тараган предметтери боюнча жыйынды маалыматты жеке жана купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбастан жарыялоо;
3) инвесторлорду алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдери жөнүндө маалымдоо максатында окутууну жана башка иш-чараларды уюштуруу.
4-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү
28. Эгерде инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган даттанууга катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алыс жайгашкандыгына жана жетүүнүн кыйындыгына байланыштуу алар менен ишти өз алдынча уюштуруу мүмкүнчүлүгү болбосо, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жардам сурап кайрылат.
29. Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда маалымат алмашуу суроо-талаптын негизинде жүзөгө ашырылат.
30. Суроо-талап кат жүзүндө таризделиши керек жана конкреттүү максаттарды камтышы керек. Суроо-талапта келип түшкөн даттануу, анын мүмкүн болуучу экономикалык жана укуктук натыйжасы жөнүндө кыскача маалымат көрсөтүлөт.
31. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана корголушун камсыздайт.
32. Суроо-талапты кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишке тартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышып, даттанууну чечүү үчүн бардык колдо болгон маалыматтарды берүүгө;
2) мүмкүн болсо, өзүнүн төрагалыгы астында ишке тартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана инвестордун жеке жолугушуусун уюштурууга;
3) андан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө.
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 1-тиркеме |
Форма
Дата
Инвестордун № _______ даттануусу боюнча ЭКОНОМИКАЛЫК ТАЛДОО
1. Инвестициялык долбоор боюнча жалпы маалыматтар Долбоордун аталышы: _________________________________________________________________ Компаниянын аталышы: ________________________________________________________________ Даттануунун баяндалышы: _____________________________________________________________ 2. Инвестициялык ишке экономикалык таасирин талдоо 1) даттануу болгон инвестициялык долбоордун суммасы канча (АКШ доллары менен) (А): ________ _____________________________________________________________________________________ 2) ушул инвестициялык долбоордогу жумуш орундарынын саны: _____________________________ _____________________________________________________________________________________ 3) даттануу болгон жумуш орундарынын жалпы саны: _____________________________________________________________________________________ 3. Эгерде инвестордун даттануусу соттук талаш-тартышка айланса, экономикалык кесепеттерин талдоо: 1) инвестициялык долбоордун иш жүзүндөгү чыгымдары: ___________________________________ _________________________________________________________________________________ (3а) - инвестициялардын ишке ашырылган суммасы: _____________________________________________________________________________________ - ушул даттануу менен байланышкан инвестордун болжолдуу чыгымы кандай? (кызматкерлерге/ортомчуларга кеткен убакыт боюнча жоготуулар, башка административдик жыйымдар, алынбай калган кирешелер): _____________________________________________________________________________________ 2) инвестициялык талаш-тартышты сот тартибинде чечүү менен байланышкан чыгымдар: _____________________________________________________________________________________ - юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө төлөм (юридикалык өкүлдүн квалификациясын, талаш-тартыштын татаалдыгын, наркын жана башкаларды эске алуу менен ар бир иш боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар): орточо эсеп менен ________________ АКШ доллары - арбитраждык жыйымдар (анын ичинде административдик кызмат көрсөтүүлөр жана арбитрлердин кызмат көрсөтүүлөрү төлөм жана башкалар үчүн): орточо эсеп менен ____________ АКШ доллары - эксперттерге, күбөлөргө чыгымдар: орточо эсеп менен _______________ АКШ доллары - талаш-тартышты иликтөөгө, иш сапарга, котормого жана башкаларга чыгымдар: орточо эсеп менен ______________ АКШ доллары Бардыгы: ________________ АКШ доллары (3б) 3) даттануу соттук талаш-тартышка айланган учурда жалпы сметалык чыгымдар: _______________ _______________________________________________________________________ (3а + 3б) = (Б)
Экономикалык таасирди баалоо үчүн эсептелген жалпы чыгымдар: ________________ (А + Б)
|
|
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Дата
Инвестордун № ______ даттануусу боюнча УКУКТУК ТАЛДОО
1. Инвестициялык долбоор боюнча жалпы маалыматтар Долбоордун аталышы: _________________________________________________________________ Чет өлкөлүк же жергиликтүү инвестор: ____________________________________________________ Даттануунун баяндалышы: _____________________________________________________________ 2. Даттануунун инвестициялык ишке тийгизген таасирин укуктук талдоо 1) эл аралык инвестициялык макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасы өзүнө алган милдеттенмелердин негизинде фактыларды иликтегенден кийин инвестордун даттануусу негизсиз деп эсептелеби?
2) эгерде даттануу негиздүү деп эсептелсе, бул даттануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кандай ченемдерин козгошу мүмкүн? _____________________________________________________________________________________ 3) эгерде даттануу негиздүү деп эсептелсе, бул даттануу Кыргыз Республикасынын кандай милдеттерине таасир этиши мүмкүн? ⎕ улуттук режим (УР)/эң ыңгайлуу улуттук режим (ЭУР) ⎕ адилеттүү жана тең укуктуу режим (АТР)/толук коргоо жана коопсуздук (ТКК) ⎕ мыйзамсыз экспроприациядан коргоо ⎕ акча каражаттарын жана активдерди которуу укугу ⎕ "кол чатыр" абалы(1) 4) сунуш: ⎕ Даттанууну жогорку турган органга жөнөтүңүз ⎕ Бул даттанууну мүмкүн болушунча тез арада чечиңиз Эскертүү: Бул укуктук талдоо багытталган болуп саналат жана бул талдоодо ЭЧ НЕРСЕ Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык инвестициялык макулдашууларга ылайык ЭЧ КАНДАЙ иш жүзүндөгү жоопкерчиликти моюнга алуу катары чечмеленбеши керек.
_________________________________ (1) Кабыл алуучу мамлекетти өзүнүн чет өлкөлүк инвесторлор алдындагы конкреттүү милдеттенмелерин аткарууга милдеттендирген жобо |
|
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 3-тиркеме |
Форма
Дата
Инвестордун № _______ даттануусун чечүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Инвестордун _________________________________________________________________________ байланыштуу даттануусу инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга _______ кириш № ________ кат менен (же электрондук почта аркылуу) жөнөтүлгөн. 1. Инвестордун даттануусу боюнча жалпы маалыматтар 1) инвестор жөнүндө негизги маалымат: Инвестордун аты-жөнү: ________________________________________________________________ Дареги: _____________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасында катталган датасы: ______________________________________________ Берилген даттанууга байланышкан инвестициялык долбоордун жайгашкан жери: 2) инвестордун даттануусунун баяндалышы Даттануунун келип чыгуу датасы: ________________________________________________________ Даттануунун баяндалышы: _____________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ 2. Даттанууну иштеп чыгуу жана коштоо Инвестордун даттануусун алгандан кийин инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берилген маалыматтарды изилдөө, алдын ала экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзгөн жана ошол эле учурда даттануу боюнча инвестордун позициясын кеңири тактоо үчүн инвестор менен байланышкан. Аткарылган иштерден кийин төмөнкүлөр аныкталды: Даттануу боюнча инвестордун позициясы: № 1 позиция: ________________________________________________________________________ № 2 позиция: ________________________________________________________________________ № 3 позиция: ________________________________________________________________________ Катышкан даттануу субъекттеринин позициясы: № 1 позиция: ________________________________________________________________________ № 2 позиция: ________________________________________________________________________ № 3 позиция: ________________________________________________________________________ Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын позициясы: Экономикалык кесепеттер Инвестордун учурдагы ишине тийгизген таасири: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Келечекте Кыргыз Республикасына инвесторлордун инвестицияларын кеңейтүү боюнча планга таасири: ____________________________________________________________________________ Учурдагы инвестициялык долбоордо жумуш орундарына таасири: ____________________________________________________________________________________ Келечекте Кыргыз Республикасына инвесторлордун инвестицияларын кеңейтүү планынын алкагында жумуш орундарына таасири: __________________________________________________ Инвесторлор, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор жана жергиликтүү инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнүн беделине тийгизген таасири: ___________________ ____________________________________________________________________________________ Даттануу чечилбеген учурда сметалык чыгымдар: _________________________________________ Укуктук кесепеттер Тиешелүү эл аралык инвестициялык макулдашуу (анын ичинде эки тараптуу инвестициялык макулдашуулар - эгерде бар болсо): _____________________________________________________ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдери: _____________________________________________________________________________________ Даттануудан келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук маселелер: _____________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасына каршы соттук талаш-тартыштын тобокелдиги (эгерде болсо): _____________________________________________________________________________________ Даттанууну коштоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча инвестор жана даттануунун субъектиси төмөнкү макулдашылган чечимге келишти: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
|
|
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 4-тиркеме |
Форма
Дата
Инвестордун № _______ даттануусун коштоо жөнүндө ОТЧЕТ
Инвестордун _________________________________________________________________________ менен байланыштуу даттануусу инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ______________ кириш № _____________ кат менен (же электрондук почта аркылуу) келип түшкөн. Бул даттанууну кароо үчүн инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн даттануу боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет. 1. Инвестордун даттануусу боюнча жалпы маалыматтар 1) инвестор жөнүндө негизги маалымат: Инвестордун аты-жөнү: ________________________________________________________________ Чет өлкөлүк же жергиликтүү инвестор: ____________________________________________________ Дареги: ______________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасында катталган датасы: _______________________________________________ Инвестициялар сектору: ________________________________________________________________ Берилген даттанууга байланыштуу инвестициялык долбоордун жайгашкан жери: _____________________________________________________________________________________ Берилген даттанууга байланыштуу инвестициялык долбоордун жалпы капиталы: _____________________________________________________________________________________ Берилген даттанууга байланыштуу инвестициялык долбоордогу жумуш орундарынын саны: _____________________________________________________________________________________ 2) инвестордун даттануусунун баяндалышы Даттануунун келип чыгуу датасы: ________________________________________________________ Даттанууга байланыштуу кырдаалга катышкан башка мамлекеттик органдар: _____________________________________________________________________________________ Даттанууга байланыштуу жагдайга катышкан башка тараптар: _____________________________________________________________________________________ Даттануунун баяндалышы: _____________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ 2. Даттанууну иштеп чыгуу жана коштоо Инвестордун даттануусун алгандан кийин инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берилген маалыматтарды изилдөө, алдын ала экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзгөн жана ошол эле учурда даттануу боюнча инвестордун позициясын кеңири тактоо үчүн инвестор менен байланышкан. Аткарылган иштерден кийин төмөнкүлөр аныкталды: Даттануу боюнча инвестордун позициясы: № 1 позиция: ________________________________________________________________________ № 2 позиция: ________________________________________________________________________ № 3 позиция: ________________________________________________________________________ Даттанууга тартылган тараптардын позициясы: № 1 позиция: ________________________________________________________________________ № 2 позиция: ________________________________________________________________________ № 3 позиция: ________________________________________________________________________ Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын позициясы: Экономикалык кесепеттер Инвестордун учурдагы ишине тийгизген таасири: __________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Келечекте Кыргыз Республикасына инвестордун инвестицияларын кеңейтүү боюнча пландарына таасири: ____________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Учурдагы инвестициялык долбоордо жумуш орундарына таасири: ____________________________________________________________________________________ Келечекте Кыргыз Республикасына инвестордун инвестицияларын кеңейтүү боюнча планынын алкагында жумуш орундарына таасири: __________________________________________________ Инвесторлор, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор жана жергиликтүү инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасында инвестициялык чөйрөнүн беделине тийгизген таасири: ____________________________________________________________________________________ Даттануу чечилбеген бойдон калган учурда сметалык чыгымдар: ____________________________________________________________________________________ Укуктук кесепеттер Тиешелүү эл аралык инвестициялык макулдашуу (анын ичинде эки тараптуу инвестициялык макулдашуулар - эгерде бар болсо): ____________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдери: ____________________________________________________________________________________ Даттануудан келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук маселелер: _____________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасына каршы соттук талаш-тартыштын тобокелдиги (эгерде болсо): __________ ____________________________________________________________________________________ Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын даттанууну чечүү боюнча сунуштары: № 1 сунуш: __________________________________________________________________________ № 2 сунуш: __________________________________________________________________________
|
|