Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 8-майындагы № 2 "Мунайзаттар менен биоэтанолду аралаштыруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилди) |
Мунайзаттар менен биоэтанолду аралаштыруунун тартиби жөнүндө
Жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында биоэтанолду мунайзаттар менен аралаштыруунун тартибин белгилейт.
Бул Жободо «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде жана ошол мааниде түшүнүлгөн жана колдонулган терминдер жана аныктамалар колдонулат.
2. Биоэтанолду коркунучтуу жүктөрдү ташууга коюлуучу талаптарга жана техникалык эксплуатациялоо эрежелерине ылайык, атайын жабдылган жана ташууга уруксат берилген транспорт аркылуу ташууга жол берилет.
3. Биоэтанолду ташуу биоэтанолдун коопсуздугун, сапатын жана сакталышын камсыз кылышы керек.
2. Биоэтанолду мунай продуктулары менен аралаштыруу тартиби
4. Биоэтанол мунайды кайра иштетүүчү заводго чийки зат катары кирет. Биоэтанол МАМСТ 33872-2016 «денатурацияланган биоэтанол отуну. Техникалык шарттар» талаптарына шайкештигин текшерүүдөн өтөт.
5. Биоэтанол автоунаанын бензинине оксигенат катары атайын резервуарларда же аралаштыруучу шаймандарда беш пайыздан ашпаган көлөмгө чейин кошулат.
6. Автоунаа бензинине биоэтанол кошуу процессинде тиешелүү коопсуздук талаптары аткарылышы керек.
7. Унаанын бензинине биоэтанол кошулгандан кийин сапатына Бажы бирлигинин «Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунга, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка талаптар жөнүндө» Техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келүүсүнө көзөмөл жүргүзүлөт (013/2011 БС ТР).
8. Биоэтанол Кошулган Автоунаа бензини атайын идиштерге же бактарга салынып, оксигенат катары биоэтанол бар экендиги менен маркировкаланып, бөлүштүрүүгө даярдалат. Бул унаага май куюучу станциялардын бункердик идиштерине жана башка колдонуу үчүн да келиши мүмкүн.