Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна) |
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын түрлөрү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жобо
1. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын түрлөрү жөнүндө ушул жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан жана кесиптик башталгыч билим берүү системасындагы билим берүү уюмдарынын түрлөрүн, алардын негизги критерийлерин аныктайт.
2. Бул Жобо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик башталгыч билим берүүнүн бардык билим берүү уюмдарына жайылтылат.
3. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча квалификациялык эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдары болуп саналат.
4. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары сакталган шартта уюштуруучулары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк мамлекеттер, эл аралык уюмдар болушу мүмкүн болгон менчиктин мамлекеттик, муниципалдык жана жеке формаларында түзүлүшү мүмкүн.
5. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары коммерциялык эмес уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген формада түзүлөт.
6. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленет.
7. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына коюлуучу негизги критерийлер
8. Кесиптик башталгыч билим берүү системасында билим берүү уюмдарынын төмөнкүдөй түрлөрү бар:
1) кесиптик лицей - билим берүү уюму, анда жалпы орто билим берүүнүн базасында кесип боюнча квалификацияга ээ болууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программалары ишке ашырылат же жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программалары боюнча окутуу жүзөгө ашырылат;
2) Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлары (мындан ары - окуу жайлары) - билим берүү уюму, анда квалификацияга ээ болууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программалары ишке ашырылат.
9. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары түрүнө жараша төмөнкүдөй негизги билим берүү программаларын ишке ашырат:
1) негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2-3 жылдан кем эмес окуу мөөнөтү менен жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программасы;
2) негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим албастан 1-2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы, анын ичинде аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасы;
3) жалпы орто билим берүүнүн базасында 1 жылдан кем эмес окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
4) 1 жылга чейинки окуу мөөнөтү кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары.
10. Окуучулар кесиптик башталгыч билим берүү программаларын күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) жана экстернат түрүндө өздөштүрөт.
Экстернат формасында билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жана күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан жана экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
11. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй окутуу мөөнөттөрү белгиленет:
1) кесиптик окуу жайларында: жалпы орто билим берүүнүн базасында 1 жылдан 2 жылга чейин жана негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2 жылга чейин;
2) кесиптик лицейлерде: жалпы орто билим берүүнүн базасында 1 жылдан 2 жылга чейин жана негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2-3 жылдан кем эмес;
3) контракттык негизде жана ишке орноштуруу кызматтарынын жолдомосу боюнча окуп жаткан топтор үчүн окутуу мөөнөттөрү, ошондой эле окутуу мезгилинин башталышы жана аякташы келишимдик негизде топторду комплекттөөгө ылайык белгиленет.
12. Кесиптик лицейге билим берүү уюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатууну жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоону камсыз кылуучу эл аралык стандарттарды киргизүүгө багытталган өзгөчө статус ыйгарылышы мүмкүн.
13. Кесиптик лицей өзүнүн түзүмүндө ар кандай уюштуруучулук-укуктук формадагы статуска ээ окуу-өндүрүштүк комплексти түзүүгө укуктуу, мында билим алуучу реалдуулукка жакын өндүрүштүк милдеттерди түздөн-түз аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана товарларды сатуу менен алган билимдерин жана көндүмдөрүн практикада колдоно алат.
14. Кесиптик окуу жайлары 150дөн кем эмес окуучу болгон учурда эреже катары бул мекемелердин өндүрүш тармактары боюнча адистешет жана бир же бир нече ал кесиптик багыт үчүн, ал эми жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелериндеги филиалдар менен -административдик-аймактык түзүлүштүн чегинде уюштурулат.
15. Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелери кесиптик окуу жайларына окуу-өндүрүштүк устаканалар, окуу кабинеттери, класстар, лабораториялар үчүн керектүү жайларды берет жана аларды өз каражаттарынын эсебинен окуу-өндүрүштүк жабдуулар, инструменттер, куралдар, канцелярдык товарлар жана чарбалык инвентарлар менен жабдыйт.
Жайларды күтүү, ошондой эле аларды чарбалык-өндүрүштүк тейлөө, оңдоо Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин каражаттарынын жана күчтөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
Жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана кесиптик окуу жайларынын администрациялары кесиптик окуу жайларындагы материалдык-техникалык базанын сакталышын биргелешип камсыз кылат.