Редакцияот 08.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 8-майы № 220

Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө

Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын билим берүү уюмдарынын ишин системалаштыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын түрлөрү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун типтүү уставы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2, 4-пункттары.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде, ал эми менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан башка билим берүү уюмдары бөлүгүндө - алардын уюштуруучуларынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров