Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Этил спиртин, алкоголдук продукцияны
өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин
2024-жылдын 14-майындагы № 3
буйругу менен бекитилди)
Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү
Тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул тартип «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин белгилейт.
Бул Жободо «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде жана ошол мааниде түшүнүлгөн жана колдонулган терминдер жана аныктамалар колдонулат.
2. Биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестри төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) салыктын идентификациялык номери;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (Эгер бар болсо) жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
4) ишмердүүлүк жүргүзгөн аймак жөнүндө маалыматтар;
5) датасы жана каттоо номери;
6) Реестрден чыгаруунун негизи жана мөөнөтү.
4. Биоэтанол өндүрүүчүлөр реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү:
1) биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизүү жөнүндө арыз (1-тиркемеге ылайык);
2) биоэтанол өндүрүү паспортунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) биоэтанолду өндүрүүнүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга автоматташтырылган түрдө берүүнү камсыз кылуучу эсепке алуунун контролдоочу приборлорунун орнотулгандыгын жана пайдаланууга берилгенин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4) биоэтанолду өндүрүүдө пайдаланылуучу жабдууларга, имараттарга жана курулмаларга укук белгилөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) биоэтанолду сактоо үчүн атайын арналган кампа жайларынын санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
6) арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү арыз берген учурда арыз жана тиркелген документтерди берүү укугуна ишеним кат;
7) аккредиттелген лабораториянын бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү же аккредиттелген лаборатория менен келишимдин көчүрмөсү;
8) берилген документтердин тизмеси.
2. Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн реестрине киргизүү тартиби
5. Ыйгарым укуктуу орган ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу компетенттүү мамлекеттик органдардан реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон документтерди сурайт. Бул учурда арыз ээсинен документтерди кагаз түрүндө берүү талап кылынбайт.
6. Маалыматтык технологиялар аркылуу реестрге киргизүү жөнүндө биоэтанолду өндүрүүчү кайрылган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын сайтында же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында белгиленген формадагы арызды мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген тартипте толтурат. Бул учурда арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмесин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат.
7. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алгандан кийин он жумушчу күндүн ичинде берилген документтерди кароону жүзөгө ашырат. Кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган тиешелүү чечим кабыл алат жана беш жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине катты арызда көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу жөнөтөт.
8. Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн реестрин бекитүү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет
1 Тиркеме
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы_______________
(юридикалык жактын аталышы)
АРЫЗ
Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн реестрине киргизүүнү суранам _________________________________ (юридикалык жактын так жана толук аталышы)
Мамлекеттик каттоо күбөлүгү, сериясы _____ N _______, берилген_____________________________________ (ким тараптан, качан)
Жайгашкан жери ___________________________________________
Салык төлөөчүнүн салыктык идентификациялык номери ________
Уюштуруу-укуктук формасы: ______________________________
Менчиктин формасы: ______________________________________
Башка маалыматтар _________________________________________
(арызды кароо үчүн зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт)
Арызга төмөнкүлөр тиркелет: ________________________________
20___ж. «___»____ |
| _________________ |
М.О. |
| (юридикалык жактын өкүлүнүн колу) |